Кыргыз эли ушул жылда бир нече эл жүгүн көтөргөн, белгилүү инсандарын жоготуп, кабыргасы кайышты. SUPER.KG порталы жыл жыйынтыгын чыгарып жатып аларга да токтолду.
Жыл жаңырганына көп өтпөй кыргыз киносунун ардагери, өлкөнүн Эл артисти
Муса Абдиев каза болду.
Ал «Кыргызфильм» киностудиясында 1959-жылдан баштап иштеген. Абдиев кийим дизайнери, ассистент жана сценарист, продюсер болгон.
Ал Андрей Кончаловскийдин “Биринчи мугалим” тасмасын, Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” тасмасын жана Геннадий Базаров менен бир нече фильмдерди тартууга катышкан.

Ага удаа эле Кыргыз Эл жазуучусу, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси
Мелис Абакиров көз жумганы кабарланды. Жазуучунун алгачкы аңгемелери студенттик жылдарда эле жарыяланган. 1978-жылы «Жаштык рапсодиясы» аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. Л.Н.Толстойдун, Х.Хименестин, О.Шестинскийдин, Арпад Генцтин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
1983-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1976-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. СССР «Басмасынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамдарын алган.
Февраль айында белгилүү обончу, аткаруучу Бакыт Капаров көз жумду. Ал 1994-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик окуу жайынын вокал бөлүмүн аяктаган. Чыгармачылык жолунда 50дөн ашык чыгарма жараткан.
14-мартта Кыргыз Эл артисти, белгилүү опера ырчысы
Талгарбек Жакшылыков 60 жашында каза болгону
маалымдалды. 2003-жылы Кыргыз Эл артисти наамы менен сыйланган Жакшылыков соңку кезде Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда эмгектенип жаткан.
Май айында ырчы, аткаруучу
Рустам Сагыналиев оорунун айынан көз жумду. Ырчы 1984-жылы Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакайыр айылында туулган. Ал "Өтүнүч" аттуу ыры менен калың элге
таанылган болчу.
12-июнда Кыргыз Эл жазуучусу
Самсак Станалиев узакка созулган оорудан улам
акка моюн сунду. Ал поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулуп жарыяланган. Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романын, “Манастын бала чагы” эпос-жомокту, В.Ф.Одоевскийдин, О.Н.Тихомировдун жана башкалардын китептерин кыргыз тилине которгон. Мындан тышкары 250дөн ашуун адабий, илимий жана сын макалалардын автору.
Жазуучунун «Чагылгандын көз жашы» жана «Акжарыктын айыкпаган сыныгы» романдары окурмандардын суроо-талабы менен бир нече жолу басылып чыккан.
Жазуучу
Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси, академик
Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында
дүйнө салды. Илгиз Айтматов - тоо кен геомеханикасы боюнча адис, техника илимдеринин доктору, 260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору. 2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
Өлкөнүн Эл сүрөтчүсү, педагог жана маданий ишмер
Абдырай Осмонов дүйнө салганы 18-ноябрда
маалымдалды. Ал тематикалык жанрдагы картиналар менен портрет тартчу. Көп картиналары айыл турмушуна арналган. Осмоновго Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү наамы 1991-жылы берилген.
Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеев 97 жашында
дүйнөдөн кайтты. Ал хирургия тармагында 67 жылдан ашык эмгектенген. Ошондой эле 250дөн ашык илимий эмгектин автору, ондогон илимдин докторлорун жана кандидаттарын даярдаган. "Манас" ордени жана башка мамлекеттик сыйлыктар менен
сыйланган.
Мамбет Мамакеевдин аты Кыргызстандын Улуттук хирургия борборуна берилген. Дарыгер 2020-жылдын 29-февралында "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп убакыт иштеген хирург катары катталган.
Ага удаа эле белгилүү хирург, Кыргыз Эл Баатыры
Эрнст Акрамов 88 жашында
акка моюн сунду. Ал 130дан ашык илимий эмгектин, 4 монографиянын жана 2 ойлоп табуунун автору. Жаратылыш жана коом туурасындагы Эл аралык академиянын академиги.
Эрнст Акрамов 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты, ошондой эле спорттук гимнастика боюнча СССРдин спорт чебери болгон. 2007-жылы 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган. Хирургдун ысымы 2023-жылы Чүй облустук бириккен ооруканасына ыйгарылган.
