14-майда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
УКМКнын басма сөз кызматы 13-май иш күнү эмес болгондуктан бул боюнча маалыматты эртеси бере тургандыгын билдиришти.
Эске салсак, 26-апрелде Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКга эки саат сурак берген. "Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп Исаков журналисттерге билдирген.
26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.