27-майда түнү 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине
кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин абалы оор экенин Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери билдирген эле.
SUPER.KG порталы кылмышка шектүү жигиттин иштеген жерин сураштырып, кесиптештеринин айткандарын укту.
Маалым болгондой, кылмышка шектүү Бишкек шаарындагы №240-маршруттук каттамда айдоочу болуп 7 жылдан бери иштеп келген. Чогуу иштегендердин айтымында, ал ишине жоопкерчиликтүү жана ичимдик ичпеген кызматкер болгон. Шектүү иштеген маршруттук каттамдын диспетчери Айнура айым буларды айтып берди.
"27-майда ал алты жолу каттамга чыгып, кечки саат 6дан өткөнгө чейин иштеген. Ал дайыма ишине так болчу. Бизге да сый мамиле жасачу. Биз бул окуяны эртең менен саат 7:10дор чамасында уктук. Уккандарыбыз боюнча ал үч жылдан бери каза болгон кыз менен сүйлөшүп жүрчү. Мындан бир ай мурун да биздин кызматкер кызды ала качыптыр. Орто жолдон кыздын жезделери чалып, милицияга кабар кылышарын айтып, кайра алып келип беришкен. Негизи кыздын туугандары бул балага турмушка узаткылары келбей жүргөн окшойт. Анткени мындан бир аз күн мурда кызга башка адамдар сөйкө салып кетишкенин билдик. Бирок кыз менен бала бири-бирин жактырышчу деп айтып жатышат. Окуяга сүйүү себеп болду. Оюбузча, бул жерде ала качуу болгон жок", - деди ал.
Атын атагысы келбеген шектүүнүн кесиптеши бул окуяда укук коргоо органдарынын күнөөсү бар деп эсептейт.
"Милиция жолдон кармаган соң жаштарды "соттолуп кетесиң, камаласың" деп коркутту да. Сүйүүсүнө жетпей турган жаштар акыры ушул ишке барышты. Эмнеге алдоо жолу менен ишти токтотуп калышкан жок. Эми алар да тийиштүү түрдө жооп берсин. Баланын атасы, эки агасы ушул маршруттук таксиде иштеп жүргөн адамдар эле", - деди шектүү менен чогуу иштеген адам.