КҮНСОБОЛ: Атамбаевдин өлкөгө кайтып келбешине кимдер кызыкдар?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 28-октябрга чейин Орусияга иш сапары менен кеткени маалымдалды. Бирок айрым маалымат булактарында аны кайтып келбейт деген божомолдор айтылууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Атамбаевдин өлкөгө кайтып келбешине кимдер кызыкдар?" деген собол салды.

ШЫКМАМАТОВ: “Атамбаев качып кетсе тирүүлөй өлүккө айланат”

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Алмазбек Атамбаев качпайт деген пикирде.

“Менин оюмча, Атамбаев өлкөгө кайтып келет. Ал качпайт. Анткени качып кетсе, тирүүлөй өлүккө айланат. Ошондуктан өзү айткандай, түрмөгө отурарын билсе дагы бул жакка келиши керек. Эгерде качып кетсе, чыккынчы катары эсте калат. Качып жүрүү түрмөдө отургандан да жаман. Анын өлкөгө кайтканы өзүнө оң болот”, - деген пикирде Шыкмаматов.

ӨМҮРКУЛОВ: "Атамбаев келбей коёт" деген сөздү атайын чыгарып жаткандар болушу мүмкүн”

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов мындай маселени божомолдоп айтуу мүмкүн эмес дейт.

"Кимдин оюнда эмне бар экенин айтуу кыйын. Ал Атамбаев болобу, башка болобу аны убакыт көрсөтөт. Келсе келет, келбесе дагы көрөбүз да. "Атамбаев келбей коёт" деген сөздү атайын чыгарып жаткандар болушу мүмкүн. Бирок божомолдоп эле айта берген болбойт го. Эгер кылмыш иши козголуп, күнөөсү далилденсе, ар бир адам жазасын алышы керек”, - деди Өмүркулов.

ИКРАМОВ: “Эгер ЖЭБ боюнча кармалгандар көрсөтмөсүндө Атамбаев тууралуу айтса, ал качып кетпей жооп бергени жакшы болот эле”

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун айтымында, азыр Атамбаевдин кол тийбестиги бар.

"Келбей коёт, качып кетет" дегенден чындыгында алысмын. Бирок ЖЭБ боюнча берген көрсөтмөлөрдөн кийин Атамбаевге жардамчы болуп, президенттик аппаратта башчы болуп турган эң жакын адамдары камалып жатат. Бул чоң бир белги десек болот. Бул иштер боюнча экс-президенттин аты чыгабы же жокпу, убакыт көрсөтөт. "Атамбаев качып кетти" деп социалдык тармактарга жазып жаткандан саясий максат көргөн жокмун. Бул адамдардын жеке пикири. Бир учурда Атамбаев менен келише албай калгандар мындай маалыматты таратып жаткандыр. Мамлекет жактан же башка тараптан пиарды байкай элекмин. Эгер кармалгандар көрсөтмөсүндө ал тууралуу айтса, качып кетпей жооп бергени жакшы болот эле”, - дейт Икрамов.

ТУРДУКУЛОВ: “Атамбаевдин кайтып келбешине азыркы бийлик кызыкдар”

Жарандык активист Адил Турдукуловдун пикиринде, Алмазбек Атамбаев өлкөгө кайтып келет.

“Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаев оппозициялык күчтөрдү бириктирүүчү “фигурага” айланып баратат. Себеп дегенде анда каржылык ресурс жана башка ресурстар жетиштүү. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин каналы делген “Апрель” телеканалы бийликке негиздүү сындарды билдирип келет. Бул, албетте, бийликчил топторго жакпайт. Ошонун себебинен да бүгүнкү күндө анын сыртка чыкканына да атайын маалыматтык басым кылып, аны келтирбөө аракети болууда.

Менин оюмча, кайтып келет, ал өжөр адам. Атамбаев бийликке кайтып келүү үчүн эмес, тарыхта өз атын таза калтырууга аракет кылат. Ал 28-октябрда кайтып келерин да ачык айтты. Мунун менен кайтып келе турганын ачык белги кылды. Ал кайтып келет, күрөшүн кайра улантат. Ачык айтканда, анын кайтып келбешине азыркы бийлик кызыкдар”, - деди Турдукулов.

БАКЕТАЕВ: “Атамбаевдин келбей коюшуна өлкөнү тоноп жаткандар кызыкдар”

Саясий серепчи Бакыт Бакетаев "Алмазбек Атамбаев келбей койсо өлкөдөгү саясий чыңалуу жоголот, чыңалуунун жоголушу мамлекетти тоноп жаткандарга пайдалуу" деген пикирде.

“Өлкөдө дайыма кайчы пикирлештер болуш керек. Эгерде Атамбаев өлкөгө кайра келбей койсо, бир гана Адахан Мадумаров калат. Кандай падыша болбосун ага кайчы пикирлеш болуш керек, жок болсо аны жасаш керек. Ошондо биз чындыкты таба алабыз. Бардыгы эле бир тарап боло берсе, бийлик адашып кетиши мүмкүн. Атамбаевдин кезинде да кайчы пикирлештер болгон, ар кандай коррупциялык иштер ачылып чындык чыгып жатат. Азыр да болушу керек.

Атамбаев кайра келсе саясий кырдаал дайыма курч болуп турат. Келбей койсо, кырдаал салкындай түшөт. Саясий тирештин болбой калышы "мамлекетти тоноп алам" дегендерге жакпай калышы мүмкүн. Себеби тирешүүлөр ошол нерсенин ачылышына алып келет. Падышалардын жанында саясатты жамынып алып, сол чөнтөккө акча салгандар болуп келген, азыр да бар. Мына ошол Атамбаевдин келбей коюшуна кызыкдар. Атамбаевдин мүнөзү курч, эзотерикалык мүнөзгө ээ. Мындай мүнөздүүлөрдү алдын ала айтыш өтө кыйын. Мындай адамдардын кандай чечим чыгаруусун өздөрү гана билет”, - деди Бакетаев.

САРИЕВ: “Атамбаевдин келбей коюшуна биздин элита макул”

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, Атамбаевдин келбей коюшу өлкөдөгү саясий элита үчүн пайдалуу.

“Атамбаев кайра Кыргыз жергесине келбесе, көбүнчө биздин элита макул болот, көз карашы жакшы болот. Акаев, Бакиев келбей койгондо деле биздин саясий элита аларды алып келүүгө көп кызыкдар болгон эмес. Себеби алар деген көп маалыматты билет, азыркы элита менен байланышы бар. Аларды ошол жакта калганы, ызы-чуу чыкпаганы көбүнчө азыркы бийликте тургандарга жакшы. Мына, Илмияновду камады, кантип Атамбаев унчукпай коёт? Атамбаев келбей койсо өлкө тынчып калат, өлкөнүн ичинде чыңалуу башталбайт. Бардыгынын кызыкчылыгы анын келбей коюшунда болуп жатат.

Экинчи вариант бар. Орусия кепилдик берип, атайын сценарий менен өлкө тазаланат. Мисалы, Атамбаев Жээнбековдун колу менен Пашиняндай кылса, анда ал тарыхта калат. Бирок анда биздин 80 пайыз элита талкаланат.

Атамбаев Акаев же Бакиевдей жашырынып калгысы келбейт, андай киши эмес. Атамбаев тарыхта калгысы келет. "Мен баарын тазалайм" деп айтканындай, Орусиянын колдоосу менен тобокелге барса, эл Атамбаевди колдойт. Анда өзүнүн жанындагы Албек Ибраимов, Икрам Илмиянов дегендерден баш тартыш керек. Экинчи вариант ушул, Орусиянын колдоосу менен Атамбаев Жээнбеков экөө биригип өлкөдөгү кландарды тазалашат”, - деди Сариев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан