Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча Асылбек Жээнбековдун жоопкерчилиги каралбайт

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча депутат Асылбек Жээнбековдун жоопкерчилиги каралбайт. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда маалымат жыйында Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Ал ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары соңуна чыкканын айтып, бул аптанын аягына чейин иш сотко өтө турганын билдирди. Сагынбаев бардык күнөөлүү адамдарга айып коюлганын айтты.

Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов парламенттин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековду жана ошол кездеги 3 комитеттин төрагаларын Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу жоопкерчиликке тартууну талап кылган. Анын айтымында, Кытайдын ТВЕА компаниясы менен макулдашууну ратификациялоодо парламенттин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун да жоопкерчилиги бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Erik2018
2019-02-07 13:12:52
ЖЭБ боюнча жоопкерчилик каралагандар башка. Алар Сапар Исаков, Алмазбек Атамбаев жана анын командасы. Себеби дегенде кыңыш иштердин баары мурунку бийликтин тушунда болгон да.
+2
Alia82
2019-02-07 13:30:30
Erik2018,Соке учурунда Ашанын командасвнда иштеп жургонун уккан эмес белен
+9
Erik2018
2019-02-07 13:39:43
Alia82, Атамбаевге кылмыш иши козголот экен.
0
yrmat88
2019-02-07 13:18:40
Жээнбековторду эчак эле жоопкерчилике тартуу керек эле. Асылбек Жээнбеков депутаттыктан кетиш керек болчу. Эмне деген адилетсиздик. Сооронбайга айтаарыбыз тууган уруктарынды, акаларында уколорунду, тагаларынды бийликтен жогот. Жээнбеков эч бир элдин умумтту актаган жок. Сооронбай Жээнбеков элге татыктуу эмес. Эч кандай эл арасында баркы жок болчу. Атамбаевдин аркасы менен келген.
+8
Erik2018
2019-02-07 13:20:40
yrmat88,Эмнеге тартсын. Бул жерде Атамбаев баш болуп, Сапар каш болуп ЖЭБге макулдашса парламент эч кандай роль ойнобойт. И так деле кылмыш иши токтотулуптур. Сапар Исаков биринчи өзү жооп берсинчи. Өкмөт башчы болуп турганда бир катар былык иштердин башынан чыккан. Мына ТЭЦ, музей боюнча арты артына миллиондордун изи табылбай жатат. Эмне ошол кимдин убагында болду эле. Кана ошолор арты артынан абакта кусуп жатат.Жалпылап айтканда Атамбаевчилер жеп ичкенден башка эч нерсе кылышкан жок.
-6
yrmat88
2019-02-07 13:35:33
Erik2018,
Сооронбай Жээнбеков адам болсо Раим миллионго окшогон ууруларды, озунун кун карама кошоматчыларын камаш керек болчу. Жээнбековтон умут жок. Уят.
+13
Erik2018
2019-02-07 13:39:19
yrmat88,Раимдин мүлктөрүн финпол текшерип жатат. Атамбаев баш болуп ага дагы кылмыш иши козголуп жатат. Эгер Жээнбеков коррупция менен күрөшпөсө Сапар баштаган 15ге жакын аткаминер темир тор артында күн кечирбейт болчу.
-9
Skarlett-Skarlett
2019-02-07 19:38:34
Erik2018,Сен точно Кара-Кулжалыксын))))
+1
555-777
2019-02-07 13:58:59
yrmat88,Атамбаев 7жыл бийликте турду эмнеге ошол убакта камабады Раим миллионду? Бул жерде кеп Раимда эмес эки бийликте тен себеби Раим буларга ото керектуу спонсор 2020 парламенттик шайлоо келатат опытный спонсор керек го
-1
Muratmipa
2019-02-07 15:46:58
yrmat88,каяка кетет Соке келгенге чейин депутат болгон если билсен
-5
Bektur2011
2019-02-07 13:33:10
депутаттар ТЕЦти кургула деп кол койдуда эмне уурдагыла деп койдубу эле анын баарын уурдаган АШАнын жигаримбектери
0
uli1234
2019-02-07 13:38:19
Атамбаевди камаш керек главный
-3
Erik2018
2019-02-07 15:52:58
Атамбаевди камаганда гана баары өз ордуна келет
-1
Azatbek.Svoboda.
2019-02-07 16:37:48
Акам президент а бирок мен башкарам менин айтканым болот так что оозунарды жапкыла болуптурда!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан