Быйыл жыл башында мандатып тапшырып, кийинчерээк камакка да отуруп чыккан же сот өкүмүн уккан экс-депутаттар кимдер? Биздин портал аларды тизмектейт.
Февралдын 10унда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалык кызматынан алынгандан кийин, Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар мандаттарын тапшырышкан. Алардын арасында камалып чыккандары да болду. Алгачкысы Кундузбек Сулайманов. Ал айдын 19у "Мекенчил" депутаттык тобунун лидерлигин Талант Мамытовго өткөрүп берген. 4 күндөн соң депутаттык кызматын тапшырган.
Апрель айынын башында ал УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузуу фактылары аныкталып, Сулайманов ага шектелип жатканын билдирген. Коопсуздук комитети экс-депутат кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын колдогонун белгилейт.
26-июнда ал эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат менен камактан чыккан. Азырынча анын иши боюнча соттун өкүмү чыга элек.
10-мартта Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаттык күбөлүгүнөн ажыратылып, ошол эле күнү УКМК тарабынан кармалган. Ага жер тилкелерине байланыштуу мыйзамсыз схеманы уюштурган деген айып тагылган. 15-июнда Бишкектин Ленин райондук соту аны үй камагына чыгарган. Бир айдан кийин райондук сот аны Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 500 миң сом айып пул салды.
УКМК ал күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке 15 миллион долларлык мүлктөрүн өткөрүп бергенин кабарлады. Royal construction курулуш компаниясы салып жаткан объекттен 6500 чарчы метр батир жана коммерциялык жай мамлекетке алынган.
Мурдагы эл өкүлү Шайырбек Ташиев да чуулу иш менен камалып чыкты. Ал 13-мартта ИИМде сурак бергенден бир күн өтүп БШК аны мандатынан ажыраткан. 25-март күнү ал кайрадан сурак берген. Ошол учурда Салык кызматы УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын жакындарынын "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасынын кирешелерине ээлик кылып келишкени тууралуу коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөө чыгарган. Анда экс-депутаттын да аты айтылып, ИИМ ал боюнча кылмыш ишин козгогон.
1-апрелде Ташиев "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык схема боюнча кармалган. Эртеси эле ИИМ анын сурак берип жаткандагы видеосун жарыялап, тергөөдө мунай ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынганы аныкталганын маалымдады. Маалыматта мунайдын үчтөн бири аталган коррупциялык схема боюнча Шайырбек Ташиев аркылуу өтүп турганы айтылган. Натыйжада, мамлекетке 4 миллиард 115 миллион сом зыян келтирилген.
Өлкө башчы Садыр Жапаров мурдагы эл өкүлүнүн жоопкерчиликке тартылышына Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси таасир кылбастыгын билдирген. Президент ал келтирилген зыянды толтурса, анда абактан бошотулушу мүмкүн экенин жашырган эмес. 3 айдан кийин ИИМ Шайырбек Ташиев мамлекетке келтирилген зыяндын негизиги бөлүгүн төлөп бергенине байланыштуу үй камагына чыкканын жарыялады. Азырынча тергөө иштери уланууда. Иш сотко өтө элек.
Баса, Шайырбек Ташиев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимине карабастан, Бишкектеги №1 тергөө абагына которулган эмес. Ал камактагы күндөрүн убактылуу кармоочу жайда гана өткөрдү.
Учурда мандатын тапшыргандан кийин камакка алынбаса дагы кылмыш иши козголуп сот өкүмү чыккан депутаттар бар. Алар Курманкул Зулушев менен Нурланбек Тургунбек уулу. Тургунбек уулу 12-февралда парламенттин төрагалыгынан кетсе, 19унда депутаттык мандатын тапшырып берген. Зулушев 13-мартта эл өкүлү кызматынан кеткен.
Кийин эки экс-депутат тең "75чилердин" каты делген кылыш ишине байланыштуу соттук иштерге катышышты. 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту резонанстуу "75чилердин" иши боюнча өкүм чыгарган. Анда Курманкул Зулушев менен Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышып, мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылышкан. Бирок айыпталуучуларга 3 жылдык пробация жазасы чегерилген. Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча бардык айыпталуучулар акталышкан.
Буга алардын жактоочулары соттун өкүмүнө макул эместигин билдиришкен. Бул ишти караган прокурорлор жана Камчыбек Ташиевдин жактоочусу шаардык сотко даттануу арызын жазышкан. Ага ылайык, "75чилердин" иши боюнча соттук отурум Бишкек шаарында 10-августа өтмөкчү.