Бүгүн, 11-февралда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков берген арызынын негизинде кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Разаков эки жылдан бери бул кызматты аркалап келген. Ал чек ара маселеси боюнча иш алып барчу.
SUPER.KG порталы "Чек ара маселелери боюнча иш алып барган вице-премьер кызматтан бошотулду. Бул ишти ким татыктуу аркалайт деп ойлойсуз?" деген собол салды.
КАРАШЕВ: "Вице-премьерликке күч органдарында иштеп кеткен адам келсе жакшы болмок"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев вице-премьер кызматына күч органдарында иштеп кеткен адам келсе жакшы болмок деген пикирде.
"Жеңиш Разаковдун отставкасы тууралуу акыркы кезде коомчулукта катуу талкуу болуп жаткан. Чек ара маселеси боюнча вице-премьер өзүнүн болгон мүмкүнчүлүгү менен аракетин жасады. Бирок аягына чыккан жок. Коомчулукта талкуудан улам кызматтан кетүү чечимин кабыл алса керек. Бул кызматка кесипкөй, чек ара маселесин жакшы түшүнгөн киши келиши шарт. Мурда күч органдарында иштеген, ошол тармакта түшүнүгү бар адам вице-премьерликке келсе жакшы болмок", - дейт Карашев.
МАМЫТОВ: "Жеңиш Разаков вице-премьерлик кызматын аркалап, бир топ иштерди жасады"
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов вице-премьерликке чек ара маселеси боюнча тажрыйбасы бар адам келиши керектигин айтты.
"Жеңиш Разаков вице-премьерлик кызматын аркалап, бир топ иштерди жасады. Анын ичинде мамлекетте эң көйгөйлүү болгон маселелердин бири ошол чек ара боюнча иштерди жасады. Мен анын кызматтан кеткенин уктум, эмне себептен кеткени боюнча маалыматым жок. Ал колунан келген иштерди жасады. Жеңиш Разаков эң оор тармакты көзөмөлдөгөн. Чек ара маселеси боюнча тажрыйбасы болушу зарыл. Андай кишилер жок эмес. Өкмөт бул багытты жакшыртышы үчүн талапкерди өзү сунушташы керек", - дейт Талант Мамытов.
ОРОЗОВА: "Вице-премьер кызматына генералдарды коюу керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова вице-премьер-министр кызматына генералдарды коюу керектигин белгиледи.
"Бул кызматка Баткендин чек арасын жакшы билген адам керек. Баткенде иштеген адамдар келсе жакшы болмок. Вице-премьерликке аскер кызматындагылар ылайык келет. Ошондуктан мүмкүн болсо генералдарды коюу керек. Коопсуздукту камсыздаганга коопсуздук органдарда иштегендер болушу шарт. Себеби кошуна мамлекеттер менен сүйлөшүү жүргүзгөндө генералдын деңгээлинде иш жүргүзүүгө туура келет. Бизде генералдар көп, ошолордун арасынан бирин бул кызматка алып келүү зарыл", - дейт Орозова.
ТУРСУНБЕКОВ: "Вице-премьерликке чек ара маселесин чечүүнүн жолдорун билген, тажрыйбалуу адам келиши шарт"
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков бул кызматка чек ара маселесин чечүүнүн жолдорун билген, тажрыйбалуу адам келиши шарт деген оюн айтты.
"Бул вице-премьер-министрлик орун чек ара маселеси боюнча түзүлгөн. Тилекке каршы анын үзүрүн, натыйжасын көрө албай жатабыз. Бул маселе өтө олуттуу. Бир канча талапкерлер аталып жатыптыр. Чек ара көйгөйүн чечүүнүн жолдорун билген, тажрыйбалуу адам келиши керек деп ойлойм. Премьер-министр бул кызматка маселени чече ала турган кишини алып келишин каалайт элем", - дейт Чыныбай Турсунбеков.
БАКИРОВ: "Вице-премьерликке чек ара маселесин түшүнгөн тажрыйбалуу адам керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров вице-премьер-министрликке чек ара маселесин түшүнгөн тажрыйбалуу адам керектигин айтты.
"Вице-премьер-министр ким болорун Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы чечет. Бул боюнча кеңешме болот. Вице-премьер-министрликке чек ара маселесин түшүнгөн тажрыйбалуу адам керек", - дейт Бакиров.
ШАКИЕВ: "Вице-премьер болчу адам мекенчил, жөндөмдүү, Кудайдан корккон ынсаптуу болушу шарт"
Экс-министр Нурланбек Шакиев вице-премьер боло турган киши чыныгы мекенчил, жөндөмдүү болушу шарт деген пикирде.
"Чек ара маселеси ар дайым өлкөбүздөгү оор жана олуттуу маселе бойдон калууда. Эми кызматтан кеткен кишиге андай, мындай деп айтууну туура көрбөйм. Ким качан, кандай кызматта болбосун, ошол иштеп турган учурунда сындап да, татыктуу болсо мактап да ачык айтып жүрөм. Азыр эми вице-премьерликке ким келсе болорун, албетте, президент чечет. Калп эле парламент, премьер-министр чечет деп бурмалоонун кажети жок. Андыктан президент татыктуусун сунуш кылуусу абзел.
Вице-премьер болчу киши эң оболу чыныгы мекенчил, жөндөмдүү, Кудайдан корккон ынсаптуу болушу шарт. Ошондой эле абдан салмактуу, сабырдуу болсо андан да жакшы болор эле. Анткени чек ара сыяктуу маанилүү маселени сүйлөшүүдө сабырдуулук өзгөчө мааниге ээ. Чыр-чатак көп. Ар кандай чагымчыл аракеттерге алынбашы керек. Бул же тигил киши деп бирөөлөрдүн атын атоо мага туура эместей. Анан да биз айткан эле кишини жактырып коюп коймок беле", - дейт Шакиев.