"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде..." реалити-шоу долбоорунун 1-күнү кандай өттү? Катышуучулар менен таанышыңыз (видео)

Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу уюштурулуп жаткан "Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоу долбоору старт алды. Анын 1-күнү кандай өттү? Жеңүүчү болом деп билегин түрүп жаткан катышуучулар кимдер? Ал үчүн видеону басып, долбоордун кантип башталганына өзүңүз күбө болуңуз.

Сынак SUPER TV тарабынан "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы менен биргеликте уюштурулган. Жүздөгөн адамдардын ичинен кастинг аркылуу тандалып алынган 14 катышуучу 14-сентябрда Ысык-Көлгө барган. Андан соң оюнчулар чүчү кулактын негизинде "Кызыл кемсел" жана "Көк кемсел" деген эки топко бөлүнүшкөн.

Реалити-шоунун катышуучулары 14 күн бою чөнтөк телефонсуз, интернетсиз жашайт.

"Жылаңач баатыр": Көл жээгинде" реалити-шоусунун баш байгеси 100 миң сом. Ал эми экинчи орун үчүн 50 миң сом, үчүнчү орун үчүн 20 миң сом каралган.

Рэп окуган Чыпалак баатыр, телефонсуз калган катышуучулар (1-күн)
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jaskaaa
2019-09-15 23:32:40
Аа жакшы. Последный геройбу типа
+1
bond02
2019-09-16 00:28:03
Чипа алга, колго секир.
+2
moskyrsat
2019-09-16 13:45:04
Чыпалак батыр дагы хит болот экенда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан