Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыкты. Бул боюнча ишти Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берди. Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.
SUPER.KG порталы "Кой-Таш окуясы боюнча иш сотко жөнөтүлдү. Сот бул иш боюнча калыс, акыйкат чечим чыгарат деп ишенесизби?" деген собол салды.
НЫШАНОВ: "Акыйкат чечим чыгат деп ишенем"
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов акыйкат чечим чыгат деп ишене турганын айтты.
"Кой-Таш окуясында өкүнүчтүү көрүнүштөр болду. Ошол мезгилде оор болгон. Анан азыр мындай окуя болгон жок деп айткандан алыс болушубуз керек. Соттун биринчи, экинчи инстанциясы бар. Үчүнчү инстанцияга чейин бардыгы өз ордуна келет. Сот чечимдерине кээде нааразычылыктар көп болгон үчүн ишти кайрадан карашып, ордуна келтирип жатышат. Акыйкат болот", - дейт Нышанов.
ТОКТОНАСЫРОВ: "Кой-Таш окуясы боюнча иш кызыкдар тараптардын каалаганындай болуп чечилет"
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров акыйкат, калыс чечим чыгарына ишенбей турганын белгиледи.
"Сот акыйкат чечим чыгарат деп ишенбейм. Сот системи мурда кандай иштеп келсе, ошол эле калыбында калат. Жада калса алар баарын жазалап, тынчтандырыш керек деп ойлоп жатышса керек. Адилеттүүлүк дагы деле орнобойт. Бизде сот системин өзгөртүп, чириген системди жок кылуу керек. Кой-Таш окуясы боюнча иш кызыкдар тараптардын каалаганындай болуп чечилет", - дейт Токтонасыров.
ИКРАМОВ: "Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү адамдар жооп бериши керек. Сот акыйкат чечим чыгарат деп ишенебиз"
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Кой-Таш окуясы мамлекетке чоң зыяндарды алып келди деген пикирде.
"Аягы адамдын өмүрүн алган окуя менен аяктады. Канча деген адамдар жарадар болду. Бийликти күч менен басып алуу, Кой-Таш айылын өзүнчө мамлекет кылуу сөздөрдү көтөрүп, элди адашууга, туңгуюкка алып барышты. Бул боюнча сөзсүз түрдө тарых өзүнүн баасын берет. Акыйкат чечим чыгат деп ишенебиз. Күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Мындан кийин дагы бөлүп-жарууга, мамлекетти күч менен басып алууга чакырык таштаган адамдар ойлонуп, мындай жолго барбай калышат. Соттун чечими мыйзам жолунда чыгышы зарыл. Катуу чара көрүү чечими чыгат деп ишенет элем", - дейт Икрамов.
МЕДЕТБЕКОВ: "Кой-Таш окуясы боюнча сот чогулган материалдар, далилдер боюнча өзүнүн чечимин чыгарат"
Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мүчөсү Артур Медетбеков сот чечимин чыгаргандан кийин акыйкат же акыйкат эмес деп айтуу керек деген ойдо.
"Соттун чечими чыга электе мындай чыгат же тигиндей чыгат деп айта албайм. Соттордо кандай материалдар топтолду, сот ишин канчалык деңгээлде алып барат? Бирок чогулган материалдар, далилдер, ошол убакта болгон көрсөтмөлөрдүн бардыгы топтолду. Ошонун негизинде сот өзүнүн чечимин чыгарат. Сот чечимин чыгаргандан кийин көрөлү", - дейт Медетбеков.
КАРАШЕВ: "Кой-Таш окуясы боюнча сот бийлиги адилеттүү чечим чыгарышы керек. Ага ишеним бар"
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев Кой-Таш окуясы боюнча сот акыйкат чечим чыгарат деп ишене турганын билдирди.
"Кандай чечим менен сотко кеткени боюнча тааныштыгым жок. Албетте, акыйкат чечим чыгат деп ишенем. Бул боюнча атайын тергөө иштери жүргүзүлүп бүтсө керек. Сот бийлиги адилеттүү чечим чыгарышы шарт. Ага ишеним бар", - дейт Аалы Карашев.