Оштогу балдардын инфекциялык ооруканасындагы дарыгерлер байланышка чыгып, бийликке кат жолдошкону тууралуу SUPER.KG порталына билдиришти.
"Бизге жалаа жабышпасын, эч кандай ажы тойго эч ким барган эмес. Ажы тойго шылташпасын, бул жерде ич ара вирус жугуу болгон", - деп билдирген алар.
Катты дарыгерлер Кыргыз өлкөсүнүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана Кыргыз өлкөсүнүн жугуштуу оорулар боюнча башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин ысымдарына багыттап жолдошкон.
Айтымдарында, бийлик таратып жаткан маалымат чындыкка коошпойт жана бейтапкананын дарыгери эч кандай ажы тойго барган эмес.
"Балдардын жугуштуу оорулары стационарынын кызматкерлери Кубатбек Бороновдун жана Гүлжигит Аалиевдин брифингин көргөндөн кийин, биздин жетекчилик, Ош шаарынын эпидемиологдору туура эмес билдирүүлөрдү берип, биздин аброюбузга шек келтиришти деп эсептейбиз. Себеби биздин дарыгер эч кандай кошунасыныкына кирип, чай ичкен эмес. 18-мартта Ош шаарынын Черемушка кичи районунда жайгашкан авариялык абалдагы ооруканага 17-мартта кичи ажылыктан кайтып келген жарандардан анализ алууга, анкета толтурууга Балдардын жугуштуу оорулары стационарынын башчысы Абжалов тарабынан киргизилген.
Дарыгердин айтуусу боюнча, ал жерде эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Шаар мэринин көрсөтмөсүнө карабастан, ал жерди жууп-тазалоо болгон эмес. Биздин оорукананын 1-корпусу ремонтко жабылганына байланыштуу, 2-4-бөлүмдөр 4 ай бою ошол жерде иштешкен жана 14-март күнү обсервация болот деп, шашылыш көчүрүлүп, имараттын ичи талапка ылайык хлор менен тазаланбаган, кварц жөнүндө ойлонулган эмес. Кийинки күнү умрадан келген жарандар аркылуу видео тартылып, интернет аркылуу жалпы кыргыз эли көргөн.
Умрадан келген жарандар өткөн коридор менен өтүп, туткаларды ачып, ошол аба менен дем алып, биздин дарыгерлер ошол имаратка кирип, "таза зона, кир зона" жок экендигин көрүп, Абжаловго телефон аркылуу билдирген. Ошол имаратта жеке коргоочу (СИЗ) костюмдарын кийип киришкен. Дарыгер улгайып калган жашына, өнөкөт оорулары бар экендигине, 3-бөлүмдүн дарыгери Аматованын телефон аркылуу эскерткендигине карабай Абжалов жөнөтүп жибергендиги менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин 156-буйругун одоно түрдө бузуп, жалган маалыматты бергендиги менен "ар бир ак кызмат өтөгөн Балдардын жугуштуу оорулары стационарынын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген" деп эсептеп, сиздерди аныктап, тактап, керек болсо комиссия түзүп, бизди актап, эл алдында төгүлгөн намысыбызды кайрып берет деген үмүт менен сиздерге кайрылуу жасадык.
Биздин коллектив ушул күнгө чейин "дарыгер 2-3 жолу гана ремонтту көргөнү келген" деген жалган кептерди, "башка жактан жугузду деп кой" деп дарыгерден суранганын, жумушта бүтүндөй оорукана обсервацияга алынса да, толук кандуу иш-чара жүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө телефон аркылуу айтсак да, көңүл бөлбөгөндүгүн айта кетебиз. "Ар күнү түшүнүк кат жаз, ал жактан деп кой" деп биздин дарыгерди психикалык атакага алган", - деп айтылат кайрылуу катында.
Ал эми кечээ, 8-апрелде Оштогу балдардын инфекциялык стационары убактылуу жабылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарланган.
Алар ооруканада медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус табылгандыктан, дезинфекция жүргүзүү зарылчылыгы пайда болуп, мекеме ишин токтотконун билдирген.