Эми коронавирус массалык түрдө аныкталат. Өлкөдө бардык стандарттарга жооп берген лаборатория ишке киргизилди

Кыргыз өлкөсүндө коронавирусту массалык түрдө изилдөөчү лабораториялык систем ишке киргизилди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

"Жаңы лаборатория коронавирусту аныктоо үчүн бардык талаптарга жана стандарттарга жооп берет. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун алдындагы "Вирустук изилдөөлөр жана сейрек инфекциялар лабораториясынын" өндүрүштүк базасынан тийиштүү жай берилди", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми "Бонецкий лабораториясынын" жетекчилиги медициналык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 3 миң 55 акысыз ПЦР-тесттерди өткөрүүгө даяр экендигин билдирди деп кошумчалашты штабдан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Tymar
2020-04-23 19:34:33
Олкодо тынчытык болуп тенирим колдоп эле турсунчу айланайын.
-27
sirenaaaaa
2020-04-23 20:05:43
Ошондо каалоочулар текшерилеби? Же акчасы жокторду да заставит этип текшертишеби?
+4
make2
2020-04-23 20:13:22
Ошол Бонецкийдин ээси ким экенин тактап маалымат берип койсоңор жакшы болмок эл билсин
+4
Asel69
2020-04-23 20:49:32
Тенирден жакшылыкты гана тилек кылалык.
-16
Tolik777
2020-04-23 21:34:12
Бонецкий лабораториясына ишенсе болот. Илгертен бери эле ушул лабораториядан анализ тапшырам.
0
rysik79
2020-04-24 07:22:47
Анплиздин акчасын жазып койсо болмок.
0
Aidai05
2020-04-24 10:08:46
Тенирди коюп ушул Бонецкийдин ээси ким экен.Ушуга кызыкпайлыбы?Аткаминерго деп ойлоп атам.Коронавирус башталгандан бери жеке лабораторияларга берели эле деп какшап атышат.Кызык ким болду экен....
+5
zamir_kgz
2020-04-25 11:57:36
Азыр ким элге коп жардам кылса, ошолорду колдойт окмот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан