Кыргыз жериндеги "МувГрин" жаштар кыймылынын маалыматы боюнча суук түшкөндөн бери Бишкектин абасы булганып жатат. Жаңы конуштарда аба нормадан 20 эсеге ашык булганыч экенин көрүүгө болот. Буга менчик турак жайларда жашагандардын үйдө мешке от жакканы себеп болууда.
Аталган кыймыл интернеттеги баракчасына аба булганганы боюнча эң жогорку көрсөткүч Ак-Өргө конушунда 15-ноябрга караган түнү саат 3тө байкалганын жарыялады. Анда метр кубга булганган абанын концентрациясы 846 микрограммга барабар болгонун, максималдуу көрсөткүч 150-300 микрограммдан ашпашы керектиги айтылат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат. airkaz.org сайтында Бишкектеги абанын булганышынын суткалык көрсөткүчүн байкап турууга болот.
Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы учурдагы көрсөткүч - 273 микрограмм (сутка ичиндеги көрсөткүчү 537), Чыгыш-5 району - 223 микрограмм (сутка ичиндеги көрсөткүч 392), Бөкөнбаев көчөсү - 181 микрограмм (сутка ичиндеги көрсөткүч 387).
Абанын булганышы адам баласынын ден соолугуна зыян келтирүүчү негизги фактор экени аныкталган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө абанын булганышы миллиондогон адамдардын өмүрүн аларын белгилеп келет. Өзгөчө булганган аба балдарга, карыларга көп зыянын тийгизип, аларды түрдүү ооруларга туруштук бере албай калышына алып келет. Улгайган адамдарда жүрөк кан-тамыр оорулары өөрчүсө, жаш балдардын организминдеги дем алуу системи толук калыптана элек болгондуктан дем алуу органдарында ооруларды пайда кылат.