Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо ЖЭБге алынган кычкачтын баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөн. Бул тууралуу “говори.тв” сайтына Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу билдирди.
Нурлан Өмуркул уулунун айтымында, депутат Акылбек Жаманкулов көтөрүп чыккан 14 миң 500 долларлык камералар кадимки эле камералар.
Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБ техника-экономикалык негиздемеси долбоору жок салынгандыктан, 386 миллион долларга сумманы чыгаруу үчүн бааларды асмандан алып жаза беришкенин билдирди.
Эске салсак, Бишкек ЖЭБиндеги видеобайкоочу камералардын ар бирине 14 миң 500 доллардан жумшалганын Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов айткан. Улуттук энергетикалык холдинг ишканасы видеобайкоочу камералардын ар биринин баасы 14 миң 500 долларды түзөт деген маалымат туура эмес экенин билдирген. Ишкананын маалыматына караганда, ар бир видеобайкоочу камера 300 доллар турат, 128 камеранын жалпы баасы 38 миң 400 долларды түзөт.