Akbuura gazeta

Жийдеш Идирисова, ырчы: «ӨЗҮМӨ КАРАГАНДА ТАЛАНТЫМА КӨБҮРӨӨК КЫЗЫГЫШАТ»

№623 10-октябрь-16-октябрь, 2014-ж


«Менин да дайрам бир күн, сүйүүдөн толкуп-ташат...» деген ыр саптарын угуп калдыңыз беле? Аталган ырды Жийдеш менен Нарист аткарып жүрөт. Ырчы кыз Жийдеш ошол бойдон көрүнбөй тар чөйрөдө, тойлордо, кабактарда ырдап калган. Эми чоң сахнага чыгып, ырчылык өнөрүмдү калайык калкка тартуулайм деп турган чагы.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 19-январь
Туулган жери – Нарын шаары
Салмагы – 55 кг
Бою – 158 см
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 кыздын энеси
Билими – Орто

– Куш келипсиз, Жийдеш. Жаңы чыккан клибиңизди көрүп чыгармачылыгыңыздын жанданганын байкадык. Сизде үн, келбет, талант бар, чоң сахнага чыгууга эмне үчүн мурунтан аракет кылган жоксуз?
– Рахмат. Анткени ал убакта өзүмө жаккан нерсени эле жасап жүрдүм. Жылдыз болууну каалаган эмесмин, ошол кезде популярдуулук анча маанилүү эместей туюлчу. «Артек» деген музыкалык топто 6 жылдан ашык иштедим. Ал жакта 1980-90-жылдардагы дүйнөлүк хит ырларды жаңыдан аранжировкалап, заманбап стилде ырдачубуз. Чыгармачылыктын аркасынан Казакстан, Орусияга чейин гастролдоп, тойлорго барып жүрдүк. Тар чөйрөдө ырдап жүргөндүктөн эл мени жакшы тааныбашы мүмкүн. Эми буга чейинки топтогон музыкалык тажрыйбам менен ырчылык карьерамды улантуу жеңил болот деп ойлойм.

– Биз сизди «Сделано в KG» деген музыкалык долбоордон көргөн элек...
– Ооба, ал долбоорго 2001-2002-жылдары катышып, финалисттердин катарына кошулгам. Ошол долбоордо Нурдин Төрөбеков деген музыкалык продюсерибиз бар болчу. Мен «сиз башка катышуучуларга салыштырмалуу мага аз көңүл бөлөсүз» деп таарынып Казакстанга кетип калгам. Азыр эстесем, жаштык кылыпмын. Кийин таарынычым жазылганда кайра Нурдин байкеден кечирим сурап почтасына кат жазгам. Учурда сый мамиледебиз.

Ырчылык карьераңызды улантышыңызга эмне түрткү болду?
– Тар чөйрөгө эмес, чоң массага ырдагым келди. Апам «кызым качан чыгып калат?» деп эле сыналгыны, үналгыны, силердин гезитиңерди аңдып отурат (күлүп). Кошуналар да «кана сенин кызың, ырчы эле го, эмнеге көрбөйбүз?» деп сурашат экен. Тааныштарым да «качан чыгасың?» деп сурай бергендиктен ошолордун үмүтүн суутпай, апамды сүйүнтүп чыксам чыгайынчы дедим.

– «Азия Микс» командасы менен Масляковдун КВНинин Жогорку лигасында ырдап калдыңыз. Өзүңүз жашоодо юморго жакынсызбы?
– Юморго абдан жакынмын, дайыма шайыр жүргөнгөбү, баскан жерим күлкү. Анан да карьерамды улантышыма «Азия Микс» командасынын салымы зор десем болот. Жигиттердин баары колдоруна калем-кагаз алып, күнү-түнү уктабай тамаша ойлоп табышат экен. Жарытып тамак ичишкенин деле көргөн жокмун. Карап отуруп алардын эмгекчилдигине баа бердим. Аны менен катар өзүмө да моралдык дарылануу курсун алдым окшойт. Аларды көрүп «неге мен ушинтип иштебейм, неге жалкоомун, кечке эле уктай берем?» деп өзүмө капа болдум.

– Учурда көптөгөн мекендештерибиз чет өлкөлөрдө өтүп жаткан сынак, шоулорго катышып, чет элдиктердин мактоосуна татып жатышат. Мындай сынактарга катышуу максатыңыз барбы?
– Сынактарга катышуу максатым мурун болгон, тилекке каршы, азыр жок. Анткени ал курактан өтүп калдым. Акыркы жылдары мекендештерибиз белгилүү сынактарга катышып, көкүрөк кагып мактанчу патриоттук намысты ойготуп жатышат. Аяна Касымова, Айымжан Айылчиева, Атай Өмүрзаков, «Тумар КР», «We`ll be» топтору азаматтар! Бир жолу үйдө сыналгы көрүп отурсам орусиялык телеканалдан «Comedy Баттл» берүүсүнөн мекендешибиз Аким Карасаев чыгып калды. Калыстардын анын жана кыргыздардын дарегине айткан мактоосун угуп алып ушундай бир жыргап, сүйүнгөнүмдөн бөлмөмдүн ичин жаңырта кыйкырыпмын. Үйдөгүлөр «жинди болдуңбу?» деп жетип келип калышыптыр.

– Сиздей шайыр, тентек кызга бойдок кезде жигиттер сөз айтканга деле даап бара алышпаса керек?
– Cөз айтып, «кыз-жигит бололу» деген мырзалар такыр болгон жок. Эмнеге экенин да билем (күлүп). Анткени мырзаларга назик, кылыктанган кыздар жагат эмеспи. Мага кайдан сөз айтышсын, сахнада тентек козудай бийлеп, эркекке окшоп турсам. Бойдок кезде жигиттер өзүмө караганда талантыма көбүрөөк кызыгышчу.

– Концерттерде жандуу ырдаган менен студияда ырдагандын айырмасы чоң бекен?
– Студияда ырдаганда башында аябай кыйналдым. Концерттерде жандуу үн менен эркин ырдап көнүп калыптырмын. Ал эми студияда нота менен туура ырдаш керек экен. Үн жаздырып жатканда көпкө чейин өзүмдү-өзүм мажбурлап ырдап жаткандай эле болдум.

– Алгач сизди көргөндө корей улутундагы кыз болсо керек деп ойлочумун...
– Ооба, көпчүлүк корей кызы деп ойлошот. Мен кыргызча сүйлөгөндө таң калышканын сураба.

– Кыргызчаны кыйналып сүйлөгөндөй сезилип жатасыз...
– Орус тилдүү бала бакчада, мектепте окудум. Чөйрөмдөгүлөр да көбүнчө орус тилдүү болгонгобу, кыргыз тилинен начармын. Консерваторияда окуп жүргөндө агайым «акцент менен ырдаба, кыргызча сөздөрдүн баарын жутуп коюп жатасың» деген эскертүүлөрдү көп айтчу.

– Үйдө жолдошуңуздун тапканын дүкөндөрдү кыдырып короткон кожойкелерденсизби же үй-бүлөлүк бюджетти толтурганбы?
– Өзүм карапайым үй-бүлөдө өскөм. Апам мугалим болуп иштеп иним экөөбүздү жалгыз чоңойтту. Андыктан турмуштун ачуу-таттуусун көрүп өскөн кызмын. Дүкөндөрдү кыдырып, көзүм көргөндү эле сатып ала берген шопоголиктерден эмесмин. Күйөөм деле мен короткон акчаны эсептебейт. Эгер өтө кымбат баалуу буюм сатып алгым келсе, өзү эле барып сатып келип берип коёт.

– Кызыңыздын сүрөттөрүн такай социалдык түйүндөгү жеке баракчаңызга жүктөп турасыз. Баласаак окшойсуз?
– Ооба, анткени бала таттуу болот эмеспи. Кызымдын ар кылыгын көз жаздымда калтыргым келбейт. Кызым Севара 8 жашта, учурда 3-класста окуйт. Кыз киши болгонгобу, аябай боорукер.
Жакында эле бир окуя болду. Кызым мага чалып, «апа, бирдигиң барбы?» деп сураган. «Бар, бирок аз эле калды» десем, бир сааттан кийин болгон тыйындарын чогултуп мага 53 сом салып коюптур. Ким салды экен деп ойлонуп отурсам кызым «бирдик түштүбү?» деп чалып сурап жатпайбы. Ушул жоругуна өзгөчө сүйүндүм. Уюлдук оператордон келген СМС катты сүрөткө тартып эстеликке сактап койдум.

– 20-сентябрда өткөн «EMA Казакстан-2014» музыкалык сынагынын сыйлык тапшыруу аземине катышып келипсиз...
– Ооба, бул салтанатка катышып келдик. Бул жылы уюштуруучулар бизди конок катары гана чакырышты. Кийинки жылы катышып, бир наамга илинели деген ой бар.

– Маегиңизге чоң рахмат, чыгармачылыгыңызга ийгилик!

«Азия Микс» командасы менен Москва шаарында.Чет өлкөдө желегибизди желбиретиш үчүн тоодой эмгек керек экен».


«Сахнада өзүмдү эркин алып жүрөм, жүрүм-турумума, эмоцияма чектөө койбойм. Эл «бул жиндиби?» деп ойлосо керек».

Лунара Бекиева
star@super.kg
Сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды



Жийдеш Идирисова: “Жигиттерге өзүм тийишем”

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(45)
Super TV
11.10.2014. 09:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
07-02-2013
Соӊку аракети:
20-10-2018 09:28
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жонокой жакшы маек болуптур. Уну жакты, дагы жакшы ырларды кутобуз! Ушундай чыныгы таланттарды тааныштырып кобуроок чыгаргылачы Супер.
Super TV
11.10.2014. 10:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
29-09-2014
Соӊку аракети:
24-05-2017 11:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-2
Ажарды, Чынгыз Айтматов жазган дейт го.
Super TV
11.10.2014. 12:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
22-04-2014
Соӊку аракети:
11-03-2015 23:54
Жынысы:
Белгисиз
+3
Максат ондоб койсо болмок
Super TV
11.10.2014. 14:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
02-04-2016 23:47
Жынысы:
Белгисиз
+3
КТРКда откон бир конкурста женуучу болгондо медленный бир ырды ырдап чыкты эле. ошодон бери жакшы таанып, ырын, унун жакшы кором. Жийдеш, жаны имидж менен чыгып, карьерага жол тартып жатканына кубанычтамын. Албан, албан ийгиликтерди каалайм. Ажар повестин Ч.Айтматов эмес, Касымалы Баялинов жазганын эстеп коюшунуз керек экен. Жанылбас жаак болбойт,бирок эл козундогу адам жанылса жаман угулат карапайым элге. Анан кыргызча таптак суйлоп, интервью берууну сунуштайм.
Super TV
11.10.2014. 17:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
25-09-2014
Соӊку аракети:
03-11-2014 20:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
россия г. череповец
+1
Клипте сулуу жаш корунот го,а бул жерде чон корунот.
Super TV
11.10.2014. 17:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
02-05-2012
Соӊку аракети:
25-02-2017 07:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер силерден сураныч Ралиядан интерьвю алып бериниздерчи...
Super TV
11.10.2014. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
596
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
27-09-2018 06:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
0
Уну жагат да!
Super TV
11.10.2014. 18:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
06-05-2013
Соӊку аракети:
28-04-2015 13:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Жийдеш молодец алга ийгилик!
Super TV
11.10.2014. 20:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
261
Катталган:
15-01-2014
Соӊку аракети:
27-06-2015 21:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Moscow
0
Ачык айрым кыз экен! Ийгиликтер! Эне тилге конул бур! Корей дагы Орус дагы эмес биринчи Кыргыз Эли угат. Алга!
Super TV
12.10.2014. 17:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
07-02-2013
Соӊку аракети:
20-10-2018 15:01
Жынысы:
Белгисиз
+3
чон кыз "Ажар" деген повесть бул Касымалы Баялиновко таандык чыгарма. Силер ушинтип турсанар билбей, бизкайда барабыз?
Super TV
13.10.2014. 04:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
31-08-2014
Соӊку аракети:
16-12-2014 11:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Suilogonu orundu achik adam eken ,al emi bul kebetesi kyrgyzdyn mentalitetine jatpait go.
13.10.2014. 09:38 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
270
Катталган:
07-02-2013
Соӊку аракети:
11-05-2017 09:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Белгисиз
+1
Менин да дайрам бир кун.
Суйуудон толкуп ташат... Сонун! Жийдеш Идрисованын ТВдан кордум туз эфирде, жасалмалык жок, реальная экен. Клибин коргондо дагы бири пайда б.со керек дедим эле. Эми кайра кайра коруп атам. Аракетчил экен. Позитифф кутобуз. Жакшы энергиясы бар.
13.10.2014. 11:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
26-05-2014
Соӊку аракети:
17-09-2018 15:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
бар болунуз,чон-чон ийгиликтерди каалайм
Super TV
13.10.2014. 12:22 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
29-01-2011
Соӊку аракети:
15-01-2015 13:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бул жалган дуйнодо
0
Chyngyz Aytmatovdun Ajar povesttin okudanar bele dep :D bir top ele sozdor aytkym keldi eskertuuu syzygym ay .Ene tilin suybogon elin suyup jarytpayt!
13.10.2014. 12:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
07-12-2012
Соӊку аракети:
21-09-2015 12:49
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыктуу маек болуптур! Сизди дайыма ийгилик коштоп журсун! Азаматсыз!
13.10.2014. 15:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
07-02-2008
Соӊку аракети:
27-12-2017 12:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Чынгыз Айтматовдун "Ажар" деген повестин деди го
Super TV
13.10.2014. 17:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
17-08-2017 22:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Jiydeeesh
Super TV
13.10.2014. 18:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
20-11-2013
Соӊку аракети:
09-03-2018 15:40
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кызды тааныбайткем мен эми таанып журом
14.10.2014. 14:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
01-08-2007
Соӊку аракети:
21-05-2017 02:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат кыз, таланттын ташкындай берсин! Уй-булоодо да, чыгармачылыкта да ийгилик коштосун! Сени менен сыймыктанам.
15.10.2014. 01:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
17-09-2013
Соӊку аракети:
21-03-2018 16:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Uwu bizdin el aldinda jurgon adamdaribiz,toluk bilip bilbei chygarmalardin avtorlorunun attarin bergen maekterinde koldonuwpai ele kouwsa jakwi bolot ele. Bul jerde jon gana " Ajar" povestindegidei dep koiso bolmok eken. P.S:bul menin jeke oum
Super TV
15.10.2014. 16:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
02-05-2012
Соӊку аракети:
25-02-2017 07:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Ралияны качан ?
Super TV
16.10.2014. 23:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
10-04-2010
Соӊку аракети:
18-04-2016 09:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай экен. Ийгилик сага
Super TV
17.10.2014. 08:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
08-04-2014
Соӊку аракети:
03-05-2016 10:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун эже! Абдан таланттуу! Ийгилик! Онугуп оссун! Кээ бир шарараларга караганда туболук ойдо талантына таазим!!!
17.10.2014. 13:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
19-01-2014
Соӊку аракети:
27-04-2017 00:05
Жынысы:
Белгисиз
0
жийдеш ийгилик сага позитивдуу татынакай шайыр дегеле дегеле жакшы кыз корунот кыргыз ырчыларынан озгочолонуп турган кыз экен,мына сага нарындыктар чыкпай чыкпай бир эле ушинтип чыгып коюшат
Super TV
19.10.2014. 02:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
13-12-2012
Соӊку аракети:
20-03-2018 20:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-Инфо, алып баруучуларды эмне көп тартасынар.
Super TV
19.10.2014. 05:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
23-03-2013
Соӊку аракети:
16-10-2018 23:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Chyndap ele koreilerge okshosh
Super TV
19.10.2014. 05:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
23-03-2013
Соӊку аракети:
16-10-2018 23:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Orus mektepti buturso dagy kyrgyzcha taptak suiloit eken a bashkalarchy?
19.10.2014. 11:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
28-02-2011
Соӊку аракети:
16-08-2017 10:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kandai ajarluu!!! Iygilikter!!!!
Super TV
22.10.2014. 09:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
09-02-2012
Соӊку аракети:
08-10-2018 19:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Sant'yago Bernabeu
+1
Тиги журналист деле Ажарды окубаса керек. "Чынгыз Айтматовдун Ажар деген повестин окудунар беле?"деди го)) Окуса, "жок, мен Баялиновдукун окугам дейт беле
11.01.2015. 12:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-02-2014
Соӊку аракети:
24-01-2015 00:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Жийдеш мага аябай жагат! 2002-жылдары студенттик кезде спорт ордосунда болуш керек жандуу ун менен уккам, уну аябай жаккан! Жийдеш кружкадан кашыкты алып ичиш керек,бул жонундо орустарда анекдоттор бар
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 725 колдонуучу (Катталган: 2, коноктор: 723) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

jypara1415, ussr7

Макалалардын саны:
21342;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: