2023-жылы дүйнө эли өлкөлөрдүн ортосундагы согуштарга, глобалдык саясаттагы олуттуу өзгөрүүлөргө жана бир нече табигый кырсыктарга күбө болду. Төмөндө жыл башынан аягына чейин маалымат каражаттарында резонанс жараткан айрым окуяларды тизмектейбиз.
Жыл ичинде из калтырган негизги окуялардын тизмесине Израилдин Газага чабуулу, Түркия менен Мароккодогу жер титирөө, Ливиядагы сел апааты, Пригожин жана "Вагнер" кыймылы, ошондой эле Азербайжандын Карабахтагы толук үстөмдүгү кирди.
Палестинагы кырдаал
Бүгүн, 30-декабрда Израилдин Палестинага жасаган чабуулуна 84 күн болду. 7-октябрдан бери болуп жаткан чабуулда 21 миң 110 адам каза тапты. 55 миңден ашык адам жаракат алып, учурда 7 миңден ашык жарандын дайынсыз болуп жатканы кабарланууда.
Ошондой эле 26-декабрда Газанын медиа-офиси Израилди палестиналыктардын органдарын уурдоого айыптап, эл аралык изилдөө жүргүзүүнү талап кыларын билдирди. Бул боюнча азырынча Израиль тарап маалымат бере элек.
Эске салсак, Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылы 7-октябрда Израилге чабуул жасаган. Буга жооп кылып Израиль армиясы Газа тилкесине массалык чабуулдарды баштаган. Израиль согуш абалында экенин расмий түрдө билдирген.
Ал эми ХАМАС жетекчилигинин өкүлү Associated Press гезитине берген маегинде, Израилге кол салууга андагы оңчул өкмөттүн өткөн жыл ичинде жасаган бир катар иш-аракеттери түрткү болгонун билдирген. Анда бийликтин Иерусалимдеги ыйык жерлерде чагымчыл аракеттерди уюштурганы, Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиналык туткундарга кысымдын күчөшү себеп болгону айтылган. Ошондой эле палестиналыктарга колдоо көрсөтүү, Израилдин согуштук аракеттерин токтотуу максатында дүйнөнүн бир нече өлкөсүндө митингдер уюштурулуп, израилдик товарларга бойкот жарыяланууда.
Дүйнөнү каптаган табыгый кырсыктар
2023-жылдын февраль айында дүйнөнү дүрбөлөңгө салган окуя Түркияда катталды. Анда күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө 18 провинцияда сезилип, анын натыйжасында 50 миңден ашык адам курман болду жана 680 миң турак жай кыйрады. Ал эми 8-сентябрда Мароккодо катуу жер титирөө болуп, 3 миңден ашык адам каза тапса, 4-ноябрга караган түнү Непалда күчү 5.6 баллга жеткен зилзала катталды. Анын кесепетинен 100дөн ашык адам каза болгону маалымдалды.
Ошондой эле 10-сентябрда Ливиянын чыгышында "Дэниэль" бороону каптап, жээкте жайгашкан Бенгази, Дерна жана Жабал аль-Ахдар шаарлары жабыркады. Суу үйлөрдү жана жолдорду талкалап, өкмөт өзгөчө кырдаал жарыялады. Кырсыктын кесепетинен 11 миңден ашуун адам каза болуп, дагы 10 миң адам дайынсыз жоголду. Мындан сырткары, Гавайиде токой өрттөнүп, каза болгондордун саны 110го жетсе, 1,1 миңден ашуун адамдын дайынсыз болуп жатканы айтылды.
Быйыл дүйнөнүн бир тарабы ысык аба ырайынан жабыркап, токойлор өрттөнүп жатса, айрым өлкөлөрдө тескерисинче сел жүрүп, катуу бороондун натыйжасында миңдеген тургундар эвакуацияланды. Табигый кырсыктардын кесепетинен бир нече миң адам каза болуп, имараттар кыйрады.
"Вагнер" жана Пригожин
Быйыл Орусиядагы "Вагнер" кыймылы менен анын жетекчиси катары белгилүү болгон Пригожиндин аракеттери дүйнөлүк маалымат каражаттарында байма-бай жарыяланып турду. Буга себеп 24-июнда Пригожиндин 25 миң "вагнерчилер" менен өлкөдөгү "башаламандыктын" себебин аныктоого аракет кылганы, Ростов-на-Донудагы Түштүк аскер округунун штаб-квартирасын кагылышуусуз эле басып алганы себеп болду.
Көп өтпөй орус лидери Владимир Путин чукул кайрылуу жасап, “Вагнердин” аракетин “чыккынчылык” деп атап, козголоңду уюштургандарды токтотуу үчүн буйрук берилгенин билдирген. Ал эми Пригожинге кылмыш иши козголуп, 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени кабарланган.
24-июнда “Вагнерлер” Москва облусуна чейин кирип келишкен. Бул убакыттын ичинде Пригожин менен сүйлөшүүлөр болуп, анын ичинде Беларусь президенти Александр Лукашенконун дагы сүйлөшүү жүргүзгөнү, Пригожиндин Беларусь өлкөсүнө кетип жатканы кабарланган. Кийин тагыраагы, 23-августта Тверь облусунда "Вагнердин" негиздөөчүсү Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары каза болгону айтылып, Росавиация жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин да болгонун жарыялады.
Тоолуу Карабахтын жокко чыгарылышы
2024-жылдын 1-январынан тарта Тоолуу Карабах өлкөсү жокко чыгарылат. Мындай буйрукка буга чейин аталган өлкөнүн президенти Самвел Шахраманян кол койгон.
Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабахта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганын жарыялаган. Эртеси күнү эл аралык коомчулук тааныбаган республиканын акыйкатчысы Гегам Степанян социалдык тармактагы баракчасында Азербайжандын “антитеррордук” операциянын натыйжасында Тоолуу Карабахта 27 адам каза таап, 200дөн ашык адам жаракат алганын билдирген.
20-сентябрда Тоолуу Карабах ок атууну токтотуу жана куралдарын таштай турганын билдирип, Азербайжан бийлигин республикада “борбордук” деп эсептей турганын жана Баку менен конструктивдүү диалог курууга ниеттенип жатканын маалымдаган.
21-сентябрда Евлах шаарында Азербайжан бийлиги менен Карабахтагы армян өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, реинтеграция маселелерин талкуулашкан.
Ал эми 15-октябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабах республикасынын мурдагы борбору Степанакерте (азыр Ханкенди) азер туусун көтөргөн.
Африканын айрым өлкөлөрүндөгү саясий өзгөрүүлөр
Быйыл саясий өзгөрүүлөргө дуушар болгон өлкөлөрдүн катарында Африканын Нигер жана Габон мамлекеттери да бар. Алсак, 26-июлда Нигер президентинин социалдык тармактагы баракчасында президенттин күзөт бөлүмүнүн мүчөлөрү "антиреспубликалык демонстрацияга" катышып, башка коопсуздук күчтөрүнүн колдоосуна ээ болууга аракет кылганы жазылды. Эртеси күнү Нигердеги аскерлер улуттук телеканал аркылуу президент Мохамед Базумдун бийликтен кулатылганын жарыялады. Базум болсо АКШга жана эл аралык коомчулукка кайрылып, конституциялык тартипти калыбына келтирүүгө чакырды.
Ал эми Габон өлкөсүнүн аскерлери телевидение аркылуу президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын жана мамлекеттик институттар таратылганын жарыялашты. 2009-жылдан бери кызматта турган 64 жаштагы президент Али Бонго Ондимба 26-августта өткөн шайлоодо 64,27 пайыз добуш алып, үчүнчү мөөнөткө кайра шайланды. Ага нааразы болгон аскер кызматкерлери бийликти басып алып, өлкө чек арасын жаап салышты.
Бийликти басып алгандардын арасында президенттин гвардиясынын мүчөлөрү, катардагы армиянын жоокерлери жана полиция кызматкерлери бар экени айтылды.
"Ыйык Китептин" өрттөлүшү
2023-жылы мусулмандардын ыйык китеби болуп саналган Куран китеби бир нече ирет өрттөлдү. Бул Ислам коомчулугунда нааразычылыктарды жаратып, дүйнөлүк басылмаларда байма-бай жарыяланып жатты. Алгач 28-июнда, тагыраагы Курман айт майрамында шаардык полициянын уруксаты менен Стокгольмдогу мечиттин жанында ирактык Салван Момика өрттөгөн. Анда Куран китебинин өрттөлүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге 200дөн ашуун адам көргөн.
Митингден кийинки күнү жүздөн ашуун ирактык демонстранттар Швециянын Багдаддагы элчилигинин алдына чогулуп, нааразычылык иретинде Швециянын элчиси Жессика Свардстремди өлкөдөн чыгарууну талап кылышкан.
Көп өтпөй, тагыраагы 20-июлда Салван Момика менен Салван Нажем Стокгольмдогу Ирак элчилигинин алдында Куран китебин тебелешсе, 25-июлда "Даниялык патриоттор" радикалдык тобу Копенгагенде Куран китебин өрттөгөн экинчи акцияны уюштурушкан.
Социалдык тармактар: Илон Маск менен Марк Цукерберг
Быйылкы жылдын унутулгус окуяларынын бири Twitter социалдык тармагынын ээси, америкалык миллиардер Илон Масктын аталган социалдык тармактын атын жана логотибин өзгөрткөнү болду. Анда көк чымчыктын ордуна Х тамгасы жазылып, Twitter'дин расмий баракчасынын аты менен сүрөтү дагы Х тамгасына өзгөртүлдү.
Социалдык тармактын колдонуучулары аты өзгөртүлгөн тиркемени айтып бүтө электе, Цукерберг жаңы тиркеме ойлоп табууга жетишти.
Цукербергдин Meta компаниясы Threads аттуу жаңы социалдык түйүндү ишке киргизди. Бир сутка ичинде эле жаңы социалдык түйүнгө катталгандардын саны 30 миллиондон ашты. Threads түйүнүнө кирүү үчүн Instagram аккаунт талап кылынып, колдонуп жаткан инстаграм-профилдердин катталуучулары сакталып калары белгилүү болду. Дегени менен жаңы тиркеме көп катталуучу топтосо да башкаларындай популярдуулукка жете алган жок.
Айга карай жол
Быйыл дүйнөдөгү маанилүү окуялардын катарын Орусия менен Индиянын Айга космостук станциясын учурганы толуктады. СССР таркагандан кийин алгачкы ирет Орусия өзүнүн "Луна 25" станциясын 11-августка караган түнү Амур облусундагы "Восточный" космодромунан учурду. Станция 21-августта Айдын түштүк уюлуна конуп, ал жерде муздун бар-жогун жана жер кыртышын изилдеши керек болчу. Бирок 20-августта аталган станция Айдын бети менен кагылышып, ишин токтотту.
Көп өтпөй 23-августта Индиянын "Чандраян-3" автоматтык Ай станциясы Айдын бетине ийгиликтүү конду.Муну менен Индия станциясы Айга конгон төртүнчү өлкө болуп калды, ал эми Айдын түштүк уюлуна конгон дүйнөдөгү жалгыз мамлекет. Буга чейин Айга СССР, АКШ жана Кытайдын станциялары жайгашкан болчу.