«Жылдын супер ыры»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Akbuura gazeta

Динара Акулова: «ЭНЕСИНЕ ТААРЫНГАН ЭЧ КАЧАН ЖАРЫБАЙТ»

№493 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.


“Жайдыр, кыштыр жайлоо жыттуу илеби,
Баласында бардык ою-тилеги.
Билбей жүрөм, кандай заттан бүттү экен,
Бизди тууган энелердин жүрөгү”,- деп акындарыбыз ыр саптарында жазгандай, энелердин жүрөгү башкача согуп, башкача жашайт эмеспи. Бүгүн белгилүү ырчы Динара Акулова энесин эскерет.

“ЭНЕМ МЕНИ 8 АЙЫМДА БАГЫП АЛГАН”
– 8 айга толгон кезимде эле энем мени багып алган экен. Энемдин аты – Асыл. Айылдагы кичине балдарды, келин-кесектерди эмдеп-домдоп коймой жайы бар эле. Айыл-ападагыларга кадыр-барктуу, токтоо, уз аял болчу. Шырдак оюп, кийиз жасап, сайма сайып, кийим токуп дегендей. Колунан келген өнөрүнүн баарын мага үйрөтүп койгон.
Мен мектепте окуп калган кезде үйдө энем экөөбүз эле калдык. Энем карып, таяк таянып калды. Ошондо анын үйрөткөн өнөрү бизге нан таап жегенге чоң жардам кылды. 7-8-класстарда окуп калган кезде айылдагы сеп берчү энелердин шырдактарын оюп берчүмүн. Кадимкидей азыр тойго чакыргандай бир күндө үч-төрт жерге чакырык алып, алардын шырдактарын оюп же ала кийизине оймо түшүрүп берип нан тапчумун.

“БЕШИНЧИ БОЛУП ТӨРӨЛҮП...”
– Мени баккан энем таенем болот. Анын эң кичүү кызынын кызымын. Мени таенеме берип койгондугу үчүн бир туугандарым, ата-энем менен чогуу болсом болмок деп өз апама далай жыл таарынып келгем. Эми таарынбайм. Анткени энесине таарынган адам эч качан жарыбайт. Тескерисинче, таенемден тарбия алганыма сыймыктанам.

“НАНДАРЫ УКМУШ БОЛЧУ”
– Үйдө экөөбүз эле жашаганыбызга карабастан, бир чара камыр жууруп, чоң-чоң 6-7 нан жабар эле. Жегенибизден калганын нанга муктаж үй-бүлөлөргө таратып берчү. Апамдын ошол ысык нандарын эстегенде азыр да көзүмө жаш тегеренет. Анын ысык, даамдуу нандарын аябай сагынам.

“ТҮМӨШҮМ ДЕП КОЙЧУМУН”
– Энемдин токтоолугу ушунчалык болчу, же бир катуу кыйкырып урушканын, же бир эзилип эркелеткенин эстей албайм. Жакшы көрсө да, урушса да, чочуса да Түмөнбай эле дей берчү. Жаш кезинде Түмөнбай деген кайниси артынан келип чочутуп жиберген экен, ошондон бери ушул сөз оозунан түшпөй калыптыр. Мен энемди ошол сөзүнөн улам аты Асыл болсо да, Түмөшүм деп койчумун.

“ЧЫМЧЫП ЖАЗАЛАГАН”– Эсимде, бир гана жолу катуу ачууланган. Уйду бададан тоскону барып, кыздар менен топ ойнойм деп аны өткөрүп жибериптирмин. Издеп жүрүп кечки саат ондор чамасында гана апийим талаадан айдап келдим. Келсем, энем отурган экен, унчуккан жок. “Динара, барып төшөктү сал да, тамагыңды алып кел” деди. Айтканындай кылып баарын жаңы эле бүтүрүп, жатар маал келгенде энем “келчи, менин жаныма отурчу” деп калды. Эркелетет экен деп барып жанына отурсам, бир билегимден катуу кармады да, “дагы ойнойсуңбу, ыя, дагы ойнойсуңбу?” деп туруп катуу-катуу чымчып кирсе болобу. “Эне, ойнобойм, ойнобойм!” деп жалдырап жатам. Колдору да катуу болчу. Өзү карыган болсо, урушканда качып кетип карматпайм да. Анан да “таарынып калсам, тамак бербей коёт” дедиби, айтор, ойнойм деп ушундай жаза алгам энемден.

“ОЙГОТКОНУ ЖАКЧУ ЭМЕС”
– Энем менин баш жагымда жатчу. Эртең менен саат алтыда ойгонуп алат да, башымдан сөөмөйү менен чукуп ойготот. “Энелүү эки тойду, аталуу алты тойду, тур эми” деп жүз кайталап отура берет жанымда. Анан бир аздан кийин “ай, баланчанын баласы кетти сабакка, түкүнчөнүн кызы эчак эле кеткен. Сен уйду качан саайсың да, сабакка качан барасың?” дей баштайт. Акыры туруп кетип калмайынча кутулчу эмесмин.

“МЕН ОКУУГА КЕТИП, ЭНЕМ ЖАЛГЫЗ КАЛГАН”
– 8-класстан кийин шаарга окуп кеттим. Энем айылда, үйдө жалгыз калды. Жуманын төрт күнү окууда, калган үчөө үйдө өтөт. Жума күнү түштөн кийин канчалык досторум менен сейилдеп келгим келсе да, короодо таягын таянып мени күтүп турган энемди элестетип үйгө жөнөйм. Келерим менен уй саап, тамак бышырмай, үй жыйнап, энемди жуунтуп, анын кирлерин жууйм. Баарын бүтүргөндөн кийин айылдаштардын шырдактарын оюп берем. Апам мага “баласың, бир аз эс алып, ойноп кел” деп бир да жолу айткан эмес. Шырдак шырып отура берип чарчайсың да. Кериле кетип “апо-у, далым ачышып кетти” десем, “эс алып ал” дебестен, “бар да, сарайдын үстүнө чыгып жумурткаларды терип кел” дечү. А мен чатырга чыгып алып "Асыл энем" деп кыйкырып ырдап кирчүмүн. Энем болсо "акырын, Түмөнбай, кошуналар угат" деп калчу.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg



Динара Акулова: "Энесине таарынган эч качан жарыбайт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(28)
Super TV
13.04.2012. 23:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
578
Катталган:
01-08-2010
Соӊку аракети:
31-07-2015 09:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
USA Bishkek Kyrgyzstan
0
Ayabay soonun mayek boluptur, suylogon sozdoru ordu menen, unu dagy ayabay jagimduu, ishinizge iygilik.
Super TV
14.04.2012. 02:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
09-03-2012
Соӊку аракети:
11-12-2018 02:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа жакшы маек болуптур.Бейиш эненин таманынын астында деп койот эмеспизби ардайым энекелер бар болсун энелерди урматтайлы сыйлайлы
Super TV
14.04.2012. 16:06 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
238
Катталган:
17-10-2011
Соӊку аракети:
04-12-2014 13:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moscow
0
Рахмат.
Super TV
15.04.2012. 02:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
04-02-2012
Соӊку аракети:
28-02-2013 00:36
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец!!!
Super TV
15.04.2012. 07:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
27-11-2011
Соӊку аракети:
19-04-2018 02:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KP
0
Azamatsyz Dinara eje sizdi kichine kezimden beri taanyim. siz menin atamdyn syigon yrchysy eleniz sizdin yrlarynyzdy kop ukchu bar bolunuz baktyluu bolunuz ....
Super TV
15.04.2012. 12:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
21-10-2011
Соӊку аракети:
12-12-2018 01:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Океандын ары жагы
0
тилектер орундалсын, сонун маек болуптур.
Super TV
16.04.2012. 02:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
462
Катталган:
25-03-2007
Соӊку аракети:
06-09-2017 17:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
bishkek
0
menin maamda Dinara ejege okshosh, kelbeti, unu (jakshy yrdait) iyigilik koshtoi bersin!!!
16.04.2012. 09:09 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
238
Катталган:
01-06-2011
Соӊку аракети:
08-12-2014 11:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Boston, Massachusetts State, USA
0
Menin taenemdin joruktaryna abdan okshosh eken. Men da taenemden ayrylyp kaldym, chet olkodo jurgongo baylanishtuu maga aytishpaptyr, tushumo ele kirip ayan bere berchu, a men tushunchu emesmin. Korso asyl taenemdi echak ele jogotup alyptyrmyn.
16.04.2012. 09:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
08-08-2011
Соӊку аракети:
07-03-2015 01:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Азаматсыз Динара эЖе кары кишинин батасын алган жакшы да!!!
16.04.2012. 10:10 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
363
Катталган:
06-06-2011
Соӊку аракети:
14-02-2017 21:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
0
Батасын эчак эле алыш керек болчу. Жол апатынан кийин эсинеңизге киргенсиз го. Менин дагы таэнем точно сиздин энеңиз айткан сөзду айтып ойготчу.
16.04.2012. 12:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
12-07-2011
Соӊку аракети:
01-03-2016 23:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
kuchtuu ayal unu da gagimduu ozu da tatinakai ayal baktillu bolsun!!!
16.04.2012. 12:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
16-02-2009
Соӊку аракети:
13-06-2012 18:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эже сиз абдан акылдуу жана талантуу адамсыз.

Динара эженин ойуна толугу менен кошулам. кандай болбосун эне деген эне. тогуз ай которуп бул дуйного алып келгенден кийин энени кааласанда каалабасанда сыйлай билиш керек деп ойлойм.

16.04.2012. 13:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
10-09-2018 17:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Сонун интервью бериптир эжекебиз... мага аябай жаккан жери бул болду “Энелүү эки тойду, аталуу алты тойду” дегени. Бизди дагы апам эртең менен ушинтип ойготчу эле, азыр эстеп алып бир күлүп, бир сагынычтан ыйлагым келип отурам...
16.04.2012. 15:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
28-06-2011
Соӊку аракети:
22-02-2018 13:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан,Бишкека
0
мен да таэнемди сагынып кеттим.кара-кулжа районунун биринчи май айылында кен кайкы деген жайлоодо таэнем менен кызыктуу кундор откон.динара эже бар болунуз.сиз да таэнениздин жашына жетиниз.
16.04.2012. 16:59 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
25-11-2011
Соӊку аракети:
04-01-2015 07:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
иркутск
0
Anita, а мен кара-кулжа рай...ылай-талаа айылында белбашат деген жайлоодо чон энем менен кызыктуу кундорду откоргомун.
16.04.2012. 18:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
15-07-2012 11:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кадамжай
0
Динара эже сиз жакшы тарбия алган турбайсызбы.Озунуз да ошо энениздин жашына жетиниз анткени карыны сыйласаныз эртен ошол карылык сизге да келет го сизди да сыйлашат.Ийгилик ишинизге!
16.04.2012. 19:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
04-04-2012
Соӊку аракети:
20-05-2015 02:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Dinara eje tolup ketiptir, murunku intervusunda bir az arigiraak ele....
Super TV
17.04.2012. 03:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
05-06-2011
Соӊку аракети:
04-08-2015 20:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi ushu siz jonokoilugunuz menen jagasiz da.
17.04.2012. 08:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
12-12-2018 03:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Мен да апамы абдан сагындым...
17.04.2012. 19:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
07-10-2010
Соӊку аракети:
14-12-2016 00:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Рахмат сизге Динара эже! Сонун маек экен, башынан аягына чейин жылмайып окудум. Менин балалыгым да ушундай чон энемдин жанында откон. Энемди эстеп козумон жаш тегеренип кетти.
17.04.2012. 19:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
23-02-2012
Соӊку аракети:
08-08-2012 14:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
калготкисинин ону ачык тусто болгондо окшошмок да. Кызы Малика ойсондобой жакшы кыз болсо апасын уят кылбай жакшыраак болмок.
19.04.2012. 10:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
13-03-2012
Соӊку аракети:
11-12-2018 12:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
эненин таман алды бейиш дейт го энеин баркын озун эне болгондон кийин андан да жакшыраак билип каласын негизи эле ата энени капа кылган болбойт
19.04.2012. 20:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
04-02-2012
Соӊку аракети:
23-08-2018 10:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эженин маеги абдан жакты. Мени да таенем тарбиясын берип,остурду. Таенем "апам",ал эми апамы азыркыга чейин "абже"деп келемин. Мен дагы капа болгомун,таарынгамын бир убактары. Азыр андай эмес. Оюмдун баары Берекем Апам жана абжем м.н! Кудайдан чын ден соолук,узун омур сураймын. Баарыбыздын "апаларыбыз" аман болушсун!
20.04.2012. 08:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
10-04-2012
Соӊку аракети:
01-05-2014 11:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
no comment...
0
Маек абдан кызыктуу болуптур.Илгерки адамдардын баардыгы бири бирине окшош окшойт,таенем дагы ошондой. Таенесинин тарбиясынан эже ушундай ийгиликтерге жетти деп ойлойм.Сиз дагы ошондой таене болунуз!
21.04.2012. 01:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-04-2012
Соӊку аракети:
19-10-2012 21:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгеркилердин баары окшош дегенге кошула албайм. Анткени бизди тайенебиз эркелетип, козубузду карап, айтканыбызды жазап келе жатат. Биз уктап жатканда, бизди такыр тургузкан эмес, тескерисине, бироо жарым ойго болсо, акырынгыла, ойгонот деп, чымындарды бизден айдап, бизди эркелеткенинен башка, оозунан бир дагы жаман соз же катуу соз уккан эмесмин.
22.04.2012. 00:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
16-08-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 14:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эже маегиниз аябай кызыктуу болуптур! Сизге ийгилик!
23.04.2012. 00:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
15-11-2011
Соӊку аракети:
04-02-2015 05:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек куруп бериптирсиз! А мени таенем качан болбосун телефон чалганда "чон жигит таанышып албайлыбы" деп тамашалашат. Ушул кундорум жашоомдогу эн бактылуу кундорум. Айылыма кетким келип кетти...
Super TV
31.08.2012. 19:09 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
30-05-2012
Соӊку аракети:
07-01-2014 17:19
Жынысы:
Белгисиз
0
динара эже жакшы жагат мага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 818 колдонуучу (Катталган: 5, коноктор: 813) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Kuba-savai87, aida.toktosun, nazgul1905, Benazir08, mawa.32

Макалалардын саны:
21592;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: