реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
Архив
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилиши үчүн азыркы тарифтен кымбатыраак бааны төлөөгө макулсузбу?
Жыйынтык


Өзүңүздү клондоого макул болот белеңиз?
Жыйынтык


Күйүүчү майдын баасы канча сом болгондо сиз өз унааңызды айдоодон баш тартууга мажбур болосуз?
Жыйынтык


Жогорку Кеңештин кайсы фракциясынын ишмердүүлүгү эң жакшы жүргүзүлдү деп эсептейсиз?
Жыйынтык


Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугунда – Топ-Лигасында быйыл кайсы команда чемпион болот?
Жыйынтык


Той, кечелерге акча төлөп ырчыларды чакырат белеңиз?
Жыйынтык


Дүкөндөрдө "Рак менен ооруган балдар үчүн" деген жазуулары бар урналар бар. Ар кандай илдеттерден жабыркагандарды колдоо урааны менен акциялар өткөрүлөт. Сиз алардын тиешелүү балдарга жумшаларына ишенесизби жана акча чогултууга катышасызбы?
Жыйынтык


Айдоочулук күбөлүктү кантип алдыңыз эле?
Жыйынтык


Жашооңузду төмөнкүлөрдүн кайсынысы жок элестете албайсыз?
Жыйынтык


Эмне үчүн пара бересиз?
Жыйынтык


Ийгиликтүү бизнес баштоо үчүн эмне керек?
Жыйынтык


Белекке эмне алган жагат?
Жыйынтык


Чөнтөкчүлөрдөн жапа чегип көрдүңүз беле?
Жыйынтык


Биометрикалык маалыматыңызды берүүгө даярсызбы/бердиңизби?
Жыйынтык




Мелис Мырзакматов, Ош шаар башчысынын милдетин аткаруучу:«КӨП САЯСАТЧЫЛАРДАН АЙЫРМАЛАНЫП, КАЙРА ЭЛГЕ БАРА АЛАМ»

№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж

SUPER.KG расмий порталыбызда облус борборлорундагы шаар башчылары боюнча сурамжылоо жүргүзсөк, добуштардын көпчүлүгүн Оштун мэри Мелис Мырзакматов эңип кеткен эле. Окурмандарга убада кылынгандай, бул инсан менен маектештик. Интервью Мелис мырзанын Ош шаарындагы үйүндө, көк чайдын үстүндө өтүп, баарлашууда каармандын жөнөкөйлүгү өзгөчө таасир калтырды. Журналисттерден оолактыгы жана сөзүн куру кепке айлантпай, иш жүзүндө көрсөтүү далалаты менен таанымал болгон мэр сүйлөшүүдө ачык-айрымдыгы менен айырмаланды. Шаар тургундарынын өзгөчө колдоосуна ээ болуп турган бул инсан менен маегибизге назарыңыздарды бурабыз.

МЫРЗАКМАТОВ МЕЛИС ЖООШБАЕВИЧ

  • 1969-жылы 18-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылында туулган.
  • 1989-жылы ОшТУга экономист-менеджер адистигине ээ болуу үчүн тапшырып, аны 1998-жылы аяктаган.
  • 1993-жылы Ош ОИИБинин инспектору катары эмгек жолун баштаган.
  • 2007-жылы ЖКга «Ак жол» партиясынан депутат болуп шайланып келген.
  • 2009-жылдын январынан бери Ош шаарынын мэри.
  • Үй-бүлөлүү, 4 кыз жана 1 уулдун атасы.

– ЖК сунуштаган «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзам долбооруна президент кол койбой, кайра иштеп чыгууга кайтарды. Анын демилгечиси Өмүрбек Текебаев өлкө башчы макул болбогон тоскоолдук жаратуучу учурлар «ата журтчулар» тарабынан киргизилгенин айтты. Сиз муну кандай кабылдадыңыз?
– Бул мыйзам долбоорунун акыркы үч жарым жылдан бери жазылып бүтпөй жатканы анын тегерегинде кызыкчылыктар көп экенин көрсөтөт. Бир адамдын айланасында гана болуп жаткан аракет, тагыраагын айтканда, менин айланамда. Анткени тегерегимде орун алган ызы-чууну эске албаганда, бул мыйзам долбоору мурдагы мыйзамдан дээрлик айырмаланбайт. «Мыйзам долбоорду өздөштүрүү жолу менен даярдап чыктык» дегендери жалган, ишенбегендер салыштырып көрсө да болот. Толуктоолор боюнча айтсам, аларды ким киргизди же кандай максатта алып чыкты, бул жагы менин трагедиям эмес, бул алардын трагедиясы.
Парламент кабыл алган мыйзам андан чыккандан кийин документ катары миң жолу өзгөрүп кетет экен. Ошонун баарын көрүп-билип турган инсан жана жетекчи катары, «казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса» дегендей, кеп мыйзамда эмес, кеп адамдын өзүндө, жекелик сапатында экенин айткым келет. Ошондуктан Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзам качан, кандай вариантта кабыл алынар экен деп эле акыйып карап отурган жокмун. Мыйзам кандай жазылса, биз ошондой иштейбиз.

– Сизди борбордук бийлик менен тил табыша албагандардын бири катары сыпатташат. Мамлекет башчы жогорудагы мыйзам долбоорду кайтарып бергенинен кийин «расмий Бишкек Мырзакматов менен ымалага келиптир» деп айтууга болобу?
«Сатылып кетти» деген кеп жок. Тек гана президент деле бул мыйзамдын орунсуз, ыксыз экенин көрсө керек. Себеби тогуз жарым жыл премьер-министр болуп иштеген адам Оштун мэри боло албайт. Аталган мыйзам долбооруна киргизилген толуктоого ылайык, он жыл бою дыйкан чарбасынын жетекчиси, же бала бакчанын башчысы, же мектептин директору болушуң керек. Демек, он жыл бою бир жерден кыймылдабай иштеп жүргөн Кыргызстандагы саналуу гана адамдар мэр боло алышат экен.
Бул жагынан алганда, президенттин чечими акылга сыярлык болду. Себеби мыйзам так эмес, белгилүү бир максатка багытталып жазылып калган. Бирок менин тажрыйбам жетет болчу. Ошол үчүн Ош шаардык кеңеши да, мэриясы да «мыйзамга макулбуз» деп кат жөнөткөнбүз. Мыйзам деген бир эле мага жазылбайт да, ал жалпыга таандык болушу керек. «Мырзакматовдун тажрыйбасы жетпей калат экен, ошол үчүн биз кайтардык» деген кээ бир саясатчылардын сөзү туура эмес.

– Шайлоо белгиленип, бирок жетиштүү добуш топтой албай калсаңыз кандай кадамга барасыз?
– Саясий оппоненттерим билбеген бир жашыруун сырым бар. Мен бийликтен кетүүдөн коркпойм. Оппоненттерим болсо мени чөгөлөйт, суранат, жалынат деп ойлошот. Жок, андай болбойт. Көп саясатчылардан айырмаланып, мен элден чыкканмын жана кайра элге бара алам, аларга аралашып кете алам.

– Күздүн келиши менен саясаттагы оюндардын жаңы сезону старт алды. Ахматбек Келдибеков баштаган жаңыдан түзүлүүчү оппозициялык блоктун ичинде сиздин ысымыңыз да жүрөт. Аларга кошуласызбы?
– Келдибековдун билдирүүсү боюнча айтсам, ооба, эки жыл мурун ошондой келишим болгон. Камчыбек Ташиевдин чыгып кетиши менен ал келишим күчүн жоготкон. Биздин партия өлкөдөгү тынчтык, туруктуулук жана өнүгүүнү колдойт. Ар бир кадамыбызды акылдашып таштайбыз, өлкөнүн келечегине карата. Бүгүн позицияда, эртең оппозицияда, бир күнү кызыл, экинчи күнү жашыл боло албайбыз.

– Ошондо сиз ким жактасыз, Ахматбек Келдибековбу же Камчыбек Ташиевби?
– Экөөнү тең сыйлайм. Экөө тең менин досторум. Бирок саясатта келечектеги сунуштарын алар мага айтыша элек. Сунуш түшсө, карап көрөбүз. Бири жакшы, экинчиси жаман дей албайм.

– Ош шаарынын мэрлик кызматында турганыңызга беш жылга жакындап калды. Бул аралыкта сизди эң өкүндүргөнү жана эң кубантканы эмне болду?
– Эң өкүндүргөнү – кыргыз бийлигинин Июнь окуясына жол бергендиги. Бул үчүн бийлик башындагы инсан эле эмес, Кыргызстандын ар бир жараны жоопкер. Аны тарых да тастыктайт, өз баасын берет. Себеби биз өз колубуз менен ушундай коом курдук, анын жыйынтыгы да коомдун жүрүм-турумунан көз каранды. Өзүбүз тиккен бактын жемиши уулуу болду, ошонун даамын да татып көрдүк.
Ошондой эле кыргыз бийлигинин 1990-жылдагы, 2010-жылдагы окуялардан жыйынтык чыгарбаганы өкүндүрөт. Ал турак үйлөр, жолдор, мектептерди куруп коюу менен чечилбейт. Мындан кийин кейиштүү окуялардын алдын алуу, аны болтурбай коюу боюнча бир дагы мамлекеттик, улуттук деңгээлде план-программанын болбогондугу. Эгер ошондой иш-чаралар болсо, мунун баары үстүртөн жүргүзүлүп жатканы мени аябай өкүндүрөт. Араб элинде ушундай макал бар: «Бир жолу болгон окуя экинчи жолу болбошу мүмкүн, эки жолу болгон окуя үчүнчү жолу сөзсүз кайталанат».
А кубандырганы, биз шаарыбызды мурдагыдан да кооз кылып, калыбына келтире алдык.

– Мэрлик кызматты өзүңүз сурагансызбы же бийлик тараптан сунушталды беле?
– Мэр – коомдун, элдин бийликтеги өкүлү. Министрлер, губернаторлор – бийликтин элдеги өкүлдөрү. Кудайга шүгүр, Оштун эли мени үч жолу шайлады, баарында тең түз жана кыйыр түрүндө 100 пайыздык колдоо алгам. Демилге, мүмкүн, бийлик тарабынан чыккандыр, бирок мени эл шайлады. Эл каалабаса, добуш бербей эле коймок. Кээде мен да ушул суроонун үстүнөн өзүмчө ойлонуп калам, неге мен ушунчалык азапка, кыйынчылыкка салындым деп. Мүмкүн, бул Кудайдын ушундай мезгилге жараша тандоосудур.

– Эстеликтер, жаңы жылдык балаты, шаар ичинде тигилген гүлдөр... Коомчулукта Иса Өмүркулов менен Мелис Мырзакматовду салыштыруу күч. Атаандашасызбы?
– Коомчулук көп нерседен адашат. «Мырзакматовго борбордук бийлик миллиарддаган каражатты берди, ал шаарды башкарып жатат» дешет. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекция аркылуу борбордук бийлик менен донорлор берген каражат өздөштүрүлдү. Анын ичинде Июнь окуясында турак жайсыз калгандарга үй тургузуп берүү иштери бар. А биз жогоруда аталып кеткен иштердин баарын жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасадык.
Бишкек жана Ош шаарларына келсек, таза атаандаштык болушу керек. Ал болбосо коом, экономика, саясат өнүкпөйт. Өзүм Иса Шейшенкулович менен жакшы мамиледемин. Байланышып, тажрыйба алмашып турабыз. 8-9 миллиард сомдук бюджети бар Бишкек менен 1 миллиард 300 миллион сомдук бюджети бар Оштун атаандашышы мүмкүн эмес. Мына, түрк грантынан Ош шаарынан бир да объект каралган жок, антпесе бардык республиканын аймактары каралды. 107 миллион доллардан Ош шаарына 1 цент да каралбады. Ошол эле мезгилде Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоого 30 миллион доллар акча бөлүндү. Же капиталдык курулуш статьясын алалы. Мына, сентябрь да келди. Ош шаарынын ичиндеги курулушка бир сом акча берилген жок. Ошол эле учурда башка облустар боюнча 15-16 социалдык объектке каражат бөлүндү. Эгер мен муну шаардык тургундарга айта турган болсом, коомдук жарылуу болот, «Бул эмне деген теңсиздик, биз эмне Кудайдын өгөй баласы болобузбу?» деп.
Кышка даярдык боюнча токтолсом, премьер-министр бир канча жолу протоколдук тапшырма бергенине карабастан, күз келип калды, бир сом акча которулбады. Антпесе биз Кыргызстан боюнча биринчилерден болуп пилоттук долбоордун алкагында «Теплокоммунэнерго» ишканасын алып, 4000ге жакын батирди борбордук жылуулук тармагына кошконбуз. Буга жергиликтүү бюджеттен
50 миллион сомдой короткон элек. Мыйзамда болсо «ишкананын дотациясы республикалык бюджеттен болушу керек» деп жазылган. Андыктан бизди экономикалык блокадага алып жаткандай сезилүүдө.

– Өкмөттүн экономикалык блокадага алуусунун себеби эмне болушу мүмкүн?
– Кептин баары өкмөттүн коалициялык экенинде. «Канткенде Мырзакматовдун кадыр-баркын түшүрүү керек?» деп жатышкандыр? Балким, экономикалык жактан кысуу керек деп табышкандыр?..

– 1-сентябрга карата кандай жагымдуу окуя эсиңизде калган?
– Бир канча жыл мурун 1-класска кабыл алынуучулар боюнча мектепке барып калдым. Карап турсак, бири көпөлөк кууп кетип калат, экинчиси жер чукуп ойноп отуруп алат, үчүнчүсү башын кашыйт, антпесе баары катарда, колдорунда гүл. Класс жетекчиси ар биринин артынан чуркайт, жаңы окуучуларын кайра ордуна тизип чыгат. Анан «1-класстын окуучусу дале бөбөк бойдон, тентек болот экен» деп айттым. Ошондон тарта 1-класстын мугалимдеринин айлыгына 1000 сомдон коштук.
Жакында эле Олимпиада жеңүүчүлөрүнө 1000 доллар жана алардын мугалимдерине 2000 доллардан акчалай сыйлык тараттык. Ош шаарындагы мугалимдерди 7 түрдүү төлөмдөн бошотконбуз. Газ, жарык, таштанды үчүн жана башкалар... Азыр эми бала бакчалардын тарбиячыларына колдоо көрсөтүү суранычы айтылды, аны да кабыл алганы турабыз. Мындай көрүнүш республика боюнча бир гана Ош шаарында бар.

– Иш күнүңүз көбүнесе кантип башталат?
– Шаар – тирүү организм. Ичет, жейт жана башка дегендей. Бир күн, бир саат кароосуз калтырууга болбойт. Жаңы жыл, Нооруз, туулган күн деген сыяктуу майрам жок бизде. Биз дайым иштейбиз. Шаардын кызматтары бир саат иштебей койгонун элестетиңиз. Кышында, мисалы, бир күндө 8-10 трансформатор, 3-4 жерден канализация жарылат. Көп кабаттуу үйдөгү батирлер эки саат суусуз калса, жагымсыз жыттар чыга баштайт. Мэрлик кызмат – энергиялуу, жаны тынбаган, уктабаган, кайраттуу кишинин иши.

– Балдарыңызга убакыт бөлүүгө жетишесизби?
– Эки күндөн бери үй-бүлөмдү көргөн жок элем, бүгүн кечинде келерим менен кызымды кучактадым. Элдин тагдыры ар бир сөзүмдө, ар бир ишимде турарын билем. Аны аткарбасам, бул дүйнөдө болбосо, о дүйнөдө азабын тартам. Өзүм 4 кыз, 1 уулдун атасымын. Жакында эле биринчи неберебиздин жытын искедик.

– Келечектен эмнени үмүт кыласыз?
– Пландар саясий кырдаалга жараша өзгөрүп турат. Турмуштагы кыялым, уулума «Сенин атаң жемкор, ууру, калпычы эле. Жер сатып, пара алып, убадасына турчу эмес» деп айтышпаса, мен ошого ыраазымын. Менин бу дүйнөдө бар-жоктугума карабастан,»бул жакшы адамдын баласы, атасы адилеттүү киши болчу, кел, төргө өткөргүлө» дешсе, менин көңүлүм толот эле.

Эльвира Караева
politika@super.kg


Рейтинг: Рейтинг 14 


Комментарийлер (112)

11.09.2013. 07:26
+10
ушунуздан жазбаныз Мелис мырза алга бир сизди кордум эл учун иштеген АЛЛА ыраазы болсун.
11.09.2013. 11:35
+10
Аллах озу колдосун, башка депутат, мэрлерге сабак болгудай киши.
11.09.2013. 11:38
+8
ийгилик мындан ары да, Оштун ели сиз менен,кылган иштеринде айып жок 5жылда меер деген кандай иштеш керек екенин корсото алды практика жузундо,башка меерлер кандай иштешти Мелис Мырзакматовтон уйронуп алса, же кичине тукуртуп коюш керек жугат.
11.09.2013. 12:32
+9
Menda uwul Melis myrzaga iwenim korsotkon adamdarga kowulam! Melis Myrzahmatov agabyzga chooon rahmat. Ylaiym omuru uzun bolsun. Ardaiym ui bulosu, el jurtu m.n tynch bolsun. Baardyk komentt okup turup. Emne dep maktoo soz jazywty bilbeim. Sozunon emes, iwinen dele korunup turat. Waardy kandai koozdop saldy. Karap kozun toiboit.
11.09.2013. 12:38
+6
Kokustan tamawalap Melis myrza andai dep nitoorak, soz aitsan. Kypkyzyl baleege kalchydaisyngo? Baardyk komentteedi okup. Tolkundanyp kettim. Kana ele kyrgyzymda uwundai insandar koop ele bolso.
RIO Колдонуучунун бардык комментарийлери
11.09.2013. 13:25
-15
омийда Ош жалан бул жерде го, айрымдары бештен коммент жазышыптыр. Ош бул Москва деп кой)))
11.09.2013. 14:10
-12
RIO, менин деле Чолпон-Атам Вашингтондон кем калышпайт. Хехехе
11.09.2013. 20:32
+11
RIO, куйуп кеттинби анан))))
RIO Колдонуучунун бардык комментарийлери
12.09.2013. 10:05
-3
altinim, мен сен эмесмин да!!!
12.09.2013. 12:50
+7
RIO, Ош шаары буйруса Кыргызстандагы эн алдынкы кооз,татынакай шаар болот жана болуп турат!
11.09.2013. 15:41
+9
Бар болунуз Мелис байке!
11.09.2013. 20:50
+13
RIO сага ким айтты ошону, кара ниеттиктен арылсак болот эле;)Канткен менен сен айткан тарапта ынтымактык менен биримдик анан ыйман бар, сен тараптагыдай ыйманын жегендер азыраак.Жеке оз кара башынын патриоту болгонуна караганда сен айткандай Оштун патриоту болгон 1000 эсе жакшы.Сенин айтканын келип ар бир жердин камын ойлогон патриоттор чыкса анча мынча кара ниеттердин да оозу жабылып,эл бузаарлар азаймак)))))
RIO Колдонуучунун бардык комментарийлери
12.09.2013. 10:07
-6
madina.00, сизге кошулам!!!
12.09.2013. 00:35
+5
Аллахым колдоп,ыраазы болсун,ниетинизге жетиниз!Сиздей эл деп,жер деп куйгон инсандарыбыз кооп болсун!Мелис мырза биз сиз менен!!!Калган министр,депутаттарыбыз пример алгылачы урматтуулар...
12.09.2013. 08:44
+6
Мелис мырзанын туура да, туура эмес кылган иштери бар! Туура иштери коп болгондуктан,каталарын жаап кетет! жакшы иштеп эл козуно корунгон сайын бийлик коркуп жатат,бийликти тартып алат деп! Ошондуктан бийлик бут тоосуда! Мелис мырза ушунуздан жазбай, элге кызмат отой бериниз!
12.09.2013. 10:47
+9
Кыргызстанда бирооле Мырзакматов ишинерге ийгилик.Короалбагандар кор болсун.
12.09.2013. 12:55
+8
Азамат Мэлис Байке. Оштогу шаардын ичиндеги 2 этаж уйу дагым деле бутпой турат. Мына ушундан билсек болот жонкойлугун. Башка чиновниктер болгондо 1чи жылы эле бутуруп койушмак.
13.09.2013. 00:11
+7
убагында Роза Отунбаева да Бишкеке чакырып Жаратылышты коргоо министрлигин сунуштаганда да.созунон кайтпай Ошту алдырган эмес.мындай патриоттор чанда гана...
13.09.2013. 00:13
+7
Ошондо эл толкуй баштаганда коркконунан кое беришкен дешет...Азаматсыз Мелис.бар болун коро албагандар тишин тиштесин.кудай сактасын душмандардан
13.09.2013. 01:45
+5
Адамдын кандай экенин беш минуттук маектен эле билсе болот,Алах сизге узун омур,чын ден соолук берсин,берген омуру менен элге ак кызмат кылын демекчимин,мен да Оштун кулуну болом ошондуктан сизге ЧОООН раазычылыгымды билдирем! Рахмат бар болунуз бактыбызга.
13.09.2013. 16:07
+6
Мен да жогору айткандардын бироонон башкасынын айтылган создорунун баарына кошулам! Ал кошулбаган кайсыл адам экени дароо эле окуган адамга белгилуу болсо керек :)))) Мелис Мызакматов ишинизге ийгилик!! ушул кылган иштериниз 1-ден АЛЛАХ раазычылыгы учун кылсаныз керек деп ойлоймун. Башкалардай эл козунол эмес!!!! АЛЛАХ ыраазы болсун Сизден!
13.09.2013. 18:53
+3
Жогору жактагылардын жок эле дегенде 10% ушундай иштешсе гана...
13.09.2013. 22:50
+3
Ордолуу Ош шаарым алга!
14.09.2013. 17:21
+4
azamatsyz sizdei insandar koboio bersin alga osh
15.09.2013. 18:42
+2
Alga Allahym ky4-kubat berip, elge dagy da bolso kyzmat kyla berin.
15.09.2013. 22:34
0
Мелис мырза элдин сыймыгына,урматына татыктуу адам,бул адамга бир нерсе болуп саясий бут тосуулар б.со ак уйдун чаны да калбаса керек,талкалап салышат ко=)
16.09.2013. 02:34
0
Алга Ордолуу Ош шаарым
16.09.2013. 12:26
0
asmat6,
Башка сайттарга шилеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн банга!
20.09.2013. 11:46
0
Мелис байкенин берген маеги абдан жакты да. Ар бир айткан созуно кошулам.Башка шаарларыбыз да Оштой болуп онуксо экен. Сиздей талыкпай иштегенде мурун эле онукмок да. Мелис байке, сизге ишенем. Сизге Акжол каалайм!
20.09.2013. 13:10
+1
Даа, бийликтегилер биздин мерибиздин эл учун иштеп жатканын коро алышпайт, ар дайым кысымга алып турушат, Алайда Курманжан датканын 200 жылдыгында биздин чондорубуз аны чакырбай коюшкан дешет, бул бир эле мисал. Эми экономикалык кысым башталыптыр, бирок азаматсыз элди биринчи орунга койгон. Уй-булонуз менен тынч болуп, элдин керегине жарап журо бериниз.
21.09.2013. 11:20
0
ereka, туура
27.09.2013. 12:56
+1
Бийликтегилер билип коюшсун Оштун эли Мелис Мырзакматов менен аны дайыма колдойбуз
18.11.2013. 11:19
0
Бишкек шаарына мер кылсак анда укмуш кылып салмак 8.9 миллиард менен Бирок Оштон эч каяка кетирбейбиз Алга Мелис ака
14.03.2014. 19:51
0
кыргызстандын чыныгы патриоту.Олкобуздо мындай адамдар кобойо берсин.Мелис байке алга.сизге ден соолук уй булолук бакыт.
15.03.2014. 00:06
0
М.М.Жоошбаевич ишинизге ийгилик ар дайым денсоолукта болуп ачуу чындыкты айтып элге ак кызмат кыла бериниз.Буйруса озунуз мэр болуп копурону ж.а бутпогон жакшы иштеринизди буткоросуз.Айтмамат мойнунан байлаган иттей эле мэр болдуго.Элибизде соз бар мойнунан байлаган ит ууга жарабайт дешетго
15.03.2014. 00:09
0
биздин бийлик М.Мырзакматов айткандай апенди.жанагы анегдот барго озун кыла албайсын бироо кылса коро албайсын болуп жатышат
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфодо 418 колдонуучу (соңку 15 мүнөт ичинде кирди)
Колдонуучулар 21, коноктор 397.

Barbie, meken22, barselona, kamchatka, berik003, ulanaikuta, Kuali, mika_mina, kuz993kg, Ainura_kg85, Askar9889, 919400, jazel87, ataistan, Kalin466, bek-83kg, bishkekaza123, aizi.87, shakira-shakira, Aidar12.05.88, mir_0110

 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2014 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары,
Фрунзе көчөсү - 402
Тел.: +996 312
47-43-43

0,67730188369751