Быйылкы жыл саясий окуяларга бай жылдардан болду. Бул жылы бир катар депутаттар мандатынан ажырап, алардын ордуна башкалар депутат болуп келди. Кылмыш иши козголуп, учурда абакта жатканы да жок эмес. SUPER.KG порталы жыл ичинде мандатын тапшырган, жаңы мандат алган, кылмыш иши козголгон эл өкүлдөрүн тизмектейт.
Өмүрбек Бакировдун "Чубактын кунундай" чубалган чуусу
Былтыр жыл соңунда "Кабинет чуусу" менен башталган Өмүрбек Бакировдун "Чубактын кунундай" чубалган чуусуна быйыл күзгө барып чекит коюлду. Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округунан шайланып келген Өмүрбек Бакиров мандатынан кол жууду. Ага шайлоодо добуш сатып алган деген кине коюлду. Былтыр 14-декабрда Бишкек шаардык административдик соту Бакировдун депутаттык мандат алуусунун мыйзамдуулугун кароо чечимин чыгарганы маалым болгон. Буга анын шайлоодогу атаандашы Равшанбек Рысбаев шайлоо өткөндөн бир жылдан кийин 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Бакировдун шайлоодо добуш сатып алганын айтып, анын мандатын жокко чыгарууну талап кылганы себеп болгон.
Депутат Бакиров былтыр декабрда SUPER.KG порталына берген комментарийинде соттун Рысбаевдин арызын кароону канааттандырып койгонун "мыйзамсыз" деп сыпаттап, бийлик бул аракет менен мындан ары өздөрүнө жакпаган кайсы депутатты гана болбосун мандатынан ажыратып коюуга жол ачып жатканын белгилеген. Өмүрбек Бакиров атаандашы Рысбаев шайлоо учурунда дагы арызданганын, бирок анда үч инстанцияга чейин жетип, Жогорку Сот акыркы чекитти койгонун билдирген. Бакировдун айтымында, сотто добуш сатып алуу далилденген эмес. Ошонун негизинде БШК мандат берген.
Быйыл 7-июнда №4 Көк-Жар округунда шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШКнын чечими жокко чыгарылган. Бакиров БШКнын чечимине макул болбой сотко кайрылган. Биринчи инстанция жана шаардык сот БШКнын чечимин туура деп тапкан. 18-августта Жогорку Сот мудагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырып, бул маселеге биротоло чекит койгон. БШК 26-августта расмий түрдө Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.
Эске салсак, былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишим долбоору каралган. Анда депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган. Эртеси ЖКнын чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы аны кабинетинен чыгарып салган.
Бакировдун ордуна келген Рысбаевге шайлоосуз мандат берилди
Борбордук шайлоо комиссиясы 30-августта №4 Көк-Жар округунда кайра шайлоо өтпөй турганын маалымдаган. Ага ылайык, мандатынан ажыраган Өмүрбек Бакировдун ордунда Равшанбек Рысбаев Жогорку Кеңештин депутаты болору кабарланган. 6-сентбярда Жогорку Кеңештин жыйынында Равшанбек Рысбаев ант берип, расмий түрдө депутаттык кызматка киришти. Ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо элдин добушу боюнча 2-орунду алган.
13-сентябрдагы парламент жыйынында айрым эл өкүлдөрү БШК өз алдынча токтом токуп, башка талапкерге депутаттык мандат берип койгонун айтып, чечимин сынга алган. Алар БШКнын өкүлдөрү парламентке келип шайлоонун жыйынтыгын кантип жокко чыгарып, кандайча мандат бергендиги боюнча маалымат берүүсүн талап кылышкан.
12-мартта Бишкектеги ресторандардын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Анда мушташка катышкандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экендиги жана ал мекеменин күзөт кызматкерин сабап салганы айтылган болчу. Жабырлануучу баш сөөгү жабыркап Улуттук госпиталга түшкөн. Окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, Абиров соцтармак аркылуу элден кечирим сураган.
Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурап кайрылган. 15-мартта парламент бул сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Ошол эле күнү Абиров сабаган жаран тосмо арызын жазып, тараптар элдешкени маалым болгон. 27-мартта ал жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган. 5-апрелде Жогорку Кеңешке келип, акыркы билдирүүсүн жасап, депутаттар менен коштошуп кеткен.
Абировдун ордуна Бишкектеги №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын кезексиз шайлоо 28-майга дайындалган. Анда Дамира Ниязалиева шайлоочулардын 35,83 пайызынын добушун алып жеңүүчү деп табылган. Бирок талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев добуш сатып алууга айыпталып, 5-июнда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Андан соң кайрадан шайлоо 10-сентябрга дайындалып, анда Кубанычбек Самаков шайлоочулардын 26,14 пайыз добушун алып атаандаштарын артта калтырды. Ал 27-сентябрдагы парламент жыйынында ант берип, депутаттык кызматка расмий түрдө киришти.
Дипломуң жасалма болсо президентти күнгө теңесең да жардам бербейби?
Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов ("Ата Журт Кыргызстан" фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс" фракциясы) жогорку билими тууралуу жасалма диплом алган деген негиз менен мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.
Бишкек шаардык соту 3-августта, Жогорку Сот 30-октябрда Исмаиловду мандатынан ажыратуу боюнча биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Ал эми Фарходбек Алимжановдун арызы боюнча иш учурда сотто каралууда.
Фархат Исмаилов бийликке көзү түз, ачык сын айтпаган депутат катары саналып келген. Атүгүл 2022-жылдын 26-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Исмаилов кесиптеши Адахан Мадумаровду сынга алган.
"Кимде-ким өлкө башчысына каршы сүйлөй турган болсо, ал күндү карап таш ыргыткан менен барабар. Ал таш сиздин өзүңүздүн башыңызга тийиши мүмкүн. Мамлекетте 30 жылда азыркы президенттей эч ким иштеген эмес", - деген ал.
Жасалма диплом чырынан кийин мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна партиялашы Чынберди Төлөнов депутат болуп келип, 23-ноябрда ант берген.
Кылмыш иши козголгон депутаттар
Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров учурда УКМКнын тергөө абагында. Мадумаров 2-сентябрда кармалган. ИИМ ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (Мамлекеттик чыккынчылык) менен айып коюлганын билдирген. 8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутатты 2024-жылдын 9-февралына чейин камакка алуу чечимин чыгарган. 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда Мадумаровдун жактоочуларынын аны үй камагына чыгаруу боюнча арызы каралып, сот аны канааттандырган жок.
Эскерте кетсек, 31-майдагы парламенттин жыйынында Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш киргизгени маалым болгон. Эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелери боюнча айып коюлган. 22-июнда Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга 17 эл өкүлү каршы болсо, 61 депутат макулдук берген. Депутаттык комиссия эл өкүлүнө коюлган төрт берененин бири, Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) менен жоопкерчиликке тартууга макулдук берген.
Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган.
Башкы прокуратура дагы бир депутатты жоопко тартууну сурады
Башкы прокуратура 27-декабрда Жогорку Кеңештен депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сурады. Жыйында төрага Нурланбек Шакиев Башкы прокуратуранын сунушун окуп берди. Анда Жамгырчиев Кылмыш-жаза кодексининин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталып жатканы айтылат. Төраганын сунушунун негизинде парламентте Эмил Жамгырчиевге кылмыш ишин козгоого уруксат берүү маселесин териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.
Эске салсак, Эмил Жамгырчиев жоюлуп кеткен Финансы полициясында жетекчинин орун басары болуп иштеген. Ал 50 миң доллар пара алууга айыпталып 2020-жылы кармалган. 50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев алгач “ыплас ушак” деп атаган, кийин 2021-жылдын башында мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан болчу. Өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга шек саналып Жамгырчиев менен кошо кармалган өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов дагы үй камагына чыгарылган. Экөө тең кийин сотто акталган.
Былтыр 6-декабрда Башкы прокуратура аларды актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени маалым болгон. Жогорку Сот Жамгырчиевге жана Калмуратовго козголгон ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөө тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.
Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери өзбек тарапка өтүшүнө каршы добуш берген саналуу депутаттардын бири болгон. Эл өкүлү былтыр 27-ноябрга оогон түнү кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга бара жатканда ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы маалым болгон. Элвира Сурабалдиева билдиргендей, Жамгырчиевди УКМКнын кызматкерлери кармап, кайра коё берген. Атайын кызмат 26-декабрда анын өлкөдөн чыгып кеткенин айтып, издөө жарыялаган. Кийин 11-январда Жамгырчиев парламент жыйынына келген. Ал чек арадан аны эч ким кармабаганын журналисттерге билдирген.
Эмил Жамгырчиев июнь айында SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда жогорудагы окуялар боюнча суроолорго жооп берген. Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.