ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2024: Өзгөргөн туунун үч ирет илиниши, жаңы учактар, айланма жол. Кыргызстанда быйыл эмне болду?

Жыл жыйынтыктап жатып ар бир жаран артын кылчая карап ийгиликтерин жана катачылыктарын тизмектейт эмеспи. Алгылыктуу иштерге ыраазы боло жылмайса, айрым аткарылбаган жагдайларды эске ала келечекке кадам таштайт. SUPER.KG порталы да Кыргызстанда быйылкы жылы орун алган урунуттуу окуялардын айрымдарына токтолду.

Жаңыланды, бирок жаздыбы?

Чү дегенде эле 2024-жылдын алгачкы күнү кызыктуу башталды. 1-январды Бишкектин тургундары борбордук аянттагы жаңы илинген өзгөртүлгөн туу менен тосушту. Бирок түнү менен аны илгендер жаңылдыбы же буйрук бергендердин катачылыгыбы, айтор, Жогорку Кеңеш кабыл алган туу илинбеди. Анын ордуна "черновый вариантта" каралган желек илинип, 8-январга чейин турду. Ага чейин айрым мекемелер туура эмес тууну жайгаштырып алып, кайра жаңыртса, депутаттар өз нааразычылыгын айтканга жетишти. Ал арада мамлекет башчынын маалымат катчысы билдирүү жасап, мамлекеттик катчы жаңылыштык кеткенинин акыры моюндаган. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү кабыл алып, президент кол койгон желек борбордук аянтка расмий илинген. Бирок ким жаңылып, ким жазганы сыр боюнча калды.

"Чала-була" аткарылган иштердин кесепетиби?

Жай турмуш орун алып, криминал, жемкорлук менен алп урушуп жатканда 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланган. Окуядан соң Башкы прокуратура бир нече кылмыш ишин козгогон. Бул арада мамлекет башчысы окуянын себептерине токтолуп, жеке көзөмөлүнө алган. Мындан сырткары ал ЖЭБдеги абал оор экенин белгилеп, жылуулук борбору толугу менен модернизация болорун билдирген. Ал эми 5-февралда шаардыктарга толук кандуу жылуулук бериле баштаган. Ал эми оор жаракат алаган 2 жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлгөн.

Донор сизден, операция бизден
1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Президент Кыргызстанда 50 бейтап донор таап, акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясына даярдана баштаганын билдирди. Министр Алымкадыр Бейшеналиев бөйрөк алмаштыруу операциясына 150гө жакын жаран кезекте туруп, эгерде чет мамлекетте жасалса 160 миң доллардан ашык каражат жумшап жатканын айтты. Кийинки жылы да 50дөн ашык операция болору маалымдалды. Ошондой эле жилик чучугун алмаштырууга багытталган да операциялар орун алды.
Уран кени деп айтпагыла!
Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өз күчү менен экологияга зыян келтирбей иштете турганын белгилеген. Бул арада өлкө башчысынын сөзүнөн соң уран темасы чоң талкууга түштү. Ал эми андан 2-3 ай өткөн соң Кадамжай районунун тургундары менен болгон жолугушууда Шамбесай алтын кени казылбай тургандыгын билдирди. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык багыттагы жүрүп жаткан иштер жана пайдалуу кендерди казууга уруксат берген 23 лицензия артка кайтарылганын белгиледи.
100 ишкана, жаңыланган имараттар
Кыргызстанда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын жана Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгын утурлай жаңы социалдык объекттердин жана өнөр жай ишканаларынын ачылышына старт берилди. Өлкө боюнча мектеп, бала бакча, медициналык мекеме сыяктуу 60 имарат, кичи ГЭС, алтын кен, цемент заводдору сыяктуу 40 өндүрүш ишкана бир күндө ачылды. Мындан тышкары 50 жылдан бери каралбай келген мамлекеттик цирк оңдолуп, Чүй облусундагы “Ысык-Ата” санаторийи реконструкциядан соң ишке берилди. Ал эми президенттик администрация жаңы Ак үйгө көчүп барды. Анын ачылышында Садыр Жапаров "Ынтымык ордо" имараты мамлекет үчүн гана эмес, эл аралык деңгээлде да чоң мааниге ээ экенин билдирди.
Жаңы Ак үйгө келген алгачкы коноктор

Кыргызстанда быйыл дагы эл аралык деңгээлдеги ири саммиттердин бири өттү. Жаңы салынган Ак үйдө Садыр Жапаров түрк өлкөлөрүнүн башчыларынын башын бириктирди. Анда Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн 11-саммити орун алды. Алгачкылардан болуп "Ынтымак ордого" Азербайжандын президенти Илхам Алиев келди. Ага удаа резиденцияга Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан келди.

Саммиттен кийин каттамдан алынган троллейбус

Жыл башынан эле Бишкектеги троллейбустар акырындан бөлүштүрүлүп, өлкөдөгү башка аймактарга жибериле баштаган. Жарымы Нарынга берилсе, 100гө жакыны Ош шаарынын тургундарына кеткен. Бирок Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитине байланыштуу токтотулган коомдук транспорт коноктор кеткенден кийин Бишкектин көчөлөрүнөн биротоло алынды. Анын себебин мэрия ордуна жаңы келген автобустар чыкмай болгону менен түшүдүрдү. Жалпысынан Германия өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча шаарга Түркия мамлекетинен чыгарылган 48 даана автобус келди, дагы кошумча 37 автобус келүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында жыл башында газ менен иштеген 124 автобус алып келинген. Ал эми республикалык бюджеттин эсебинен алынуучу 1000 автобустун 500ү шаарга жеткирилген.

Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү жол

6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма жол ачылды. Ага президент Садыр Жапаров катышып, өлкөдөгү транспорттук инфратүзүмүн эле өнүкпөстөн, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багыт алган маанилүү салым болгонун айтты. Бирок ачылышта УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев инвесторлордун катарын толуктабай тургандыгын белгилеп, долбоордон чыкканын кабарлаган.

Ачылышанан соң көп өтпөй жол бир ирет жабылып, кайра колдонууга берилген.

Мурда айтылгандай, айланма жол жеке инвесторлор тарабынан салынып, өлкөдөгү акы төлөнүүчү алгачкы жол болуп саналат.
- Жеңил унаалар үчүн – 200 сом;
- Жүк ташуучу унаалар жана автобустар үчүн – 350 сом;
- Оор жүк ташуучу унааларга – 700 сом.

Сатып алынган учактар

Мына ошентип коомдук транспортторду жайгаштырып жаткан чакта эле убадаланган Канаданын учагы Кыргызстанга келип конду. Эл аралык "Манас" аэропортунда DeHavilland Aircraft компаниясынан сатып алынган учактардын алгачкысын сентябрдын башында салтанаттуу тосуп алышса, экинчиси октябрдын аягында учуп келди. Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясына алынган 4 учактын үчүнчүсү кийинки жылдын январында, төртүнчүсү майда келет. Бүгүнкү күндө “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы бул учактар менен Жалал-Абад, Баткен, Раззаков, Талас жана Ош шаарларына ички каттамдарды тейлөөдө. Ал эми Кыргызстан дагы 2 Airbus учагын сатып алууну көздөп жатат.

Жаңы учактарга жаңы жай

Дымактуу дем менен быйыл аймактардагы аэропорттор жаңыланып жатат. Каракол шаарындагы эл аралык аэропортту ачып жатып өлкө башчысы Европага каттамдарды жандантуу аракетине токтолуп, аймактардагы аэропорттордун оңдолуп жатканын айтты.

Муктаждыкты жоюу аракети
"Мурас” турак жай комплекси – жалпы 4700 батирди камтыган ири долбоордун бир бөлүгү болуп саналат. Анын алгачкы этабы аяктап, 6 блоктон турган 18 кабаттуу үйлөрдөн 510 батир Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу ээлерине тапшырылды. Өлкө башчысы социалдык турак жай алуу кезегине турган 40 миңден ашуун жаран үй-жайлуу боло тургандыгын айтты. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу кызуу жүрүп жатат.
Айылдык жана шаардык кеңештердин эл өкүлдөрү шайланды
17-ноябрда өлкө боюнча 33 шаарда жана 231 айыл аймакта жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланды. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 39 саясий партия катышып, 4822 талапкерди көрсөткөн. Ал эми айылдык кеңештерге 9996 талапкер катталган. Шайлоочулардын жалпы саны 4 миллион 135 миң 39ду түзгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан