Кирүү
Сыр сөзүм кандай эле?
Каттоо
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
Саясат
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
СОТТУК ИШТЕР
Спорт
Элдик кабар
Супер-Инфо
Түркүн дүйнө
Тест куржун
“SUPER MEDIA” пресс-борбору
Сурамжылоо
Бизнес-Инфо
Ийгилик сыры
Эмгек жарчысы
Көз караш
Лонгрид
Президенттик шайлоо - 2021
Ийгилик жолунда
Адистен кеңеш
super.kg орусча
СУПЕР-ИНФО
Саясат
Шоу дүйнө
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Маданият
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Супер-Инфо 20 жашта
Көз караш
Эмгек жарчысы
SUPER.KG ВИДЕО
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жылдыз төлгө
Жан дүйнө
Ашкана сырлары
Эмгек жарчысы
Реалити-шоу
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
МЕДИА-ПОРТАЛ
Видеоклиптер
Аудиоклиптер
Элдик видео
Кинозал
КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫ
СЕРИАЛДАР
КОНЦЕРТТЕР
ЖЫЛНААМА
Суперстан
Информация о рекламе
Шоу дүйнө
ЫНАК ҮЧ КЫЗДЫН АТАСЫ БОЛДУ
1
5963
Эки кыздын атасы ырчы Ынак Осмоналиев “үчүнчү балам уул болсо экен” деп ак эткенден так этип отуруп, бирок, бул жолу да Кудай ага кыз берди. 5-январь күнү таңкы саат жети жарымда 4-төрөт үйүндө жарыкка келген ымыркайына ырчы өзү Айдай деген ысым ыйгарды. “Кайрадан кыз төрөлдү” деп капа болбой, Кудайдын бергенине ыраазы болгон Ынак “келечекте кыздарым ата-энесин гана бакпастан, жалпы кыргыздын керегине жараган кыздардан болот” деген аруу тилектердин кучагында кубанычы коюнуна батпай турат.
№ 272, 18-24 январь 2008-жыл
АЙЧҮРӨК РОССИЯНЫН ОРДЕНИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
0
2842
Орусия мамлекетинин “За заслуги” ордени менен ырчы Айчүрөк Иманалиева сыйланды. Россиянын шаарларында болуп өткөн фестивалдарга, конкурстарга катышып жүргөн ырчыга бул орден Кыргызстандын жана Орусиянын маданиятына кошкон салымы үчүн берилди. Айта кетчү нерсе, мындай орденди Айчүрөк айым Кыргызстандан биринчилерден болуп алып...
№ 271, 11-17-январь, 2008-ж.
РОЗА КИМДИ СОТКО БЕРГЕНИ ЖАТАТ?
0
3376
Кубулжуган үндүү Роза Шакированын сахнага чыкканына аз гана убакыт болсо да өзүнө бир топ күйөрман топтогонго жетишти. Анын "Таппай жүрөм" деген ыры диск саткан кайсы гана жерде болбосун жаңырып жатканына күбө болуп жатабыз. Ырчынын ушул ыры көпчүлүккө сиңимдүү болуп жатканын байкаган шылуундар оңой акча табууну көздөшүп, ырга клип чыгара коюшкан. Ырдын клиби Кореянын "Тагдыр оюну" тасмасынан алынган экен. Көрөрмандардын айтымында, ыр менен клип шайкеш келген. "Шайкеш келгени ...
№ 270, 4-10-январь, 2008-ж.
ГҮЛ КҮЙӨРМАНЫНАН ТҮЛКҮНҮН 6 ТЕРИСИН АЛДЫ
0
4437
Ташкент кызы Гүлдүн күйөрмандарын санап санын чыгаруу мүмкүн эмес болуш керек. Бул таланттуу кыз мурдатан жаныбарлардын терилерине кызыгып жүргөнүн таластык күйөрманы билип алган. Керилген сулуу түлкүлөрдү атайын тузак коюп кармаганбы же сатып алганбы, айтор, бир жеринде да кемтиги жок 6 түлкүнүн терисин Гүлгө ошол таластык күйөрманы белек кылган.
№ 269, 28-декабрь - 3-январь 2008-жыл
АЙЧҮРӨК АНКАРА ШААРЫНДА ӨТҮҮЧҮ ФЕСТИВАЛГА КАТЫШАТ
0
3348
Талыбаган эмгегинин натыйжасында уламдан-улам жаңылануунун үстүндө болгон ырчы айым Айчүрөк Иманалиева Түркия мамлекетинин Анкара шаарында март айларында өтүүчү эл аралык фестивалга жолдомо алды. Учурда фестивалга кийилүүчү кийимдер, ырдоочу ырлар такталып, даярдалууда. Эстрада-фольклор жанрындагы бул фестивалга Кыргызстандан 13 адам катышат жана ар бир өлкө үчүн 20 мүнөт убакыт берилмекчи. Ырчы айым өзүнүн ...
№ 268, 21-27-декабрь, 2007-ж.
БАКТЫГҮЛ ӨЗҮНӨ ЭМНЕ БЕЛЕК ИЗДЕП ЖҮРӨТ?
0
5146
Дагы бир жылды артка таштап 2008-жылдын кирип келээрине бир аз гана убакыт калды. Жаңы жылда ар бир адам өзүнө жаңы буюм сатып алуу салтка айланып калган көрүнүш десек болот. Бирок, албетте, автоунаалуу болуу ар бир адамдын эле колунан келе бербейт. Биздин ай чырайлуу ырчы кызыбыз Бактыгүл Бадыева учурда өзүнө-өзү белек кылуу үчүн көңүлүндөгү "Мерседес" унаасын таппай жүрөт. "Кудай буюрса, жаңы машиналуу болуп калсам, азыркы тээп жүргөн...
№ 267, 14-20-декабрь, 2007-ж.
КУРМАНГАЗЫ ЖЕКЕ МЕНЧИК КОЛЛЕДЖ АЧАТ
0
4527
Кыргыз аспаптарын дүйнөнүн төрт бурчуна даңазалаган белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаев "Музыкалык билим ордо" деген аталыштагы жеке менчик музыкалык колледжин ачуу алдында турат. Үч кабаттуу бул окуу жай азырынча толук кандуу бүтө элек. Кудай буюрса, март айларында ишке кирип, кыргыздын таланттуу, кыргыз элинин аспаптарына кызыккан жаштар конкурс аркылуу өтүп, билим ала башташат. Бул окуу жайды салууга кеткен каражат Курмангазы аганын...
№ 266, 7-13-декабрь, 2007-ж.
ДИНАРА АКУЛОВА ЫР ЖАЗА БАШТАДЫ
0
3693
Эстраданын "акуласы" Динара Акулованын таене болгон кезде дагы бир таланты ачылды. Тактап айтканда, буга чейин ырчынын аткаруучулук талантына гана күбө болуп келсек, мындан кийин акындык да өнөрүнө күбө болот экенбиз. Буга далил катары ырчы сүйүү темасында бир ырдын сөзүн жазды эле, ал ырга "баласы" Байыш Момунов обон жаратканга үлгүрдү. Эми «эне-бала» бул жаралган жаңы ырды Жаңы Жылга карата уюштурулган концерттерде дуэт ырдашмакчы. Демек, Динара...
№ 265, 30-ноябрь - 6-декабрь, 2007-ж.
НАЗИРА ЖЕТИГЕНОВА БОКСЧУ БОЛОМ ДЕП АРЫКТАП КЕТТИ
0
8508
Кыздардан чыккан куудул Назира Жетигенова 2 килограмм 200 граммга арыктады. Куудул кыздын арыктоосунун себеби, декабрь айынын аягында өтүүчү бокс боюнча кыздардын таймашына катышкандыгында. Анткени, Назира күнүгө бокс менен машыгып жатат. Болгондо да Советтер Союзунун ардактуу машыктыруучулары Алымкулов Алмалы жана Мирлан деген спорт чеберлеринен сабак алууда. Бул таймашка Роза Шакирова, Ташкент кызы Гүл, Раллия, телерадио...
№ 264, 23-29-ноябрь, 2007-ж.
МИРБЕК ЖАШ АЯЛГА ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ
0
4141
Жаш ырчы Мирбек Атабеков жардам сурап келген үч балалуу аялга колдоо көрсөттү. Тактап айтканда, бул жалалабаттык аялдын Суворов атындагы аскердик окуу жайында окуган баласынын кийгенге кийими жок болгондуктан, окууга барбай калган. Айласы куруган эне Мирбекке келип, жардамга муктаж экендигин түшүндүрүп айтса, ырчы дароо эле кийими жок окууга бара албай жаткан балага төрт миң сомго аскердик форма сатып берди...
№ 263, 16-22-ноябрь, 2007-ж.
16-НОЯБРДА АЙЖАМАЛДЫН ТОЮ БОЛОТ
0
6575
"Кыз-Бурак" тобунун солисткасы айдай сулуу Айжамал Кабыловага 22-октябрь күнү болочок кайненеси келип, сөйкө салып кеткен эле. Айжамал келечектеги күйөөсү Азамат менен үч жыл сүйлөшүп, бул жигит менен турмуш куруп кете алаарына көзү жеткенден кийин гана макулдугун берген. Ошентип, эки жаштын үйлөнүү тою 16-ноябрь күнү Ош шаарындагы эң престиждүү деп саналган "Магнат" ресторанында өтөт. Айжамал тойго кийүүчү үлпөт көйнөгүн 1200 долларга Казань шаарында жашаган татар улутундагы ...
№ 262, 9-15-ноябрь, 2007-ж.
СЪЕЗДБЕК ДОКТУР МЕНЕН СОТТОШТУ
0
4862
Мукам үндүү ырчы жигит Съездбек Искеналиевдин “Селкиге” аттуу ырынын клиби көпчүлүктүн көз алдында. Ошол клипке аты таанымал Бакыт аттуу врач байке спорттук кийимчен, күрөк сүйөнүп турган абалында кокусунан тартылып калган экен. Уруксатсыз тартып алышканы үчүн ал врач клип жарыкка чыгаары менен Съездбекти сотко берген. Алгач ырчы жаштык кылып, балким, тоготпой бул нерсеге көп маани берген эмес. Мындан бир ай мурун Съездбекти Ленин райондук соту чакырып, иш козголгон...
№ 261, 2-8-ноябрь, 2007-жыл.
АНЖЕЛИКАГА АПАСЫ СЕП БЕРДИ
0
9943
Өткөн жумада ырчы кыз Анжеликага апасы себин берди. Септи алган ырчынын кайын журту Таласта боз үйлөрдү тигип, дүңгүрөтө чоң той кылып, эки жашка элдин батасын алып беришти. Төрт сандыктын үстүнө шыпка тиреле жыйылган жууркан-төшөк ырчынын шаардагы квартирасына батпай турат. “Бул төшөктөрдү апам мен турмушка чыккандан эки ай өткөн соң тигип баштады эле, эми минтип бүтүп, парзынан кутулду. Төркүнүмө барганда апам көз айнегин тагып, “сеп даярдап жатам” деп чыгып калчу эле. “Кана, көрөйүнчү?”- десем көргөзбөй...
№ 260, 26-октябрь-1-ноябрь 2007-ж
ЭДИЛ СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫ МЕНЕН УРУШУП КЕТТИ
0
6891
“Кыргызстан Обондору” радиосунун коңур үндүү ди-джейи Эдил Эркинбаев сүйлөшүп жүргөн кызы менен араздашып кетти. Буга ди-джейдин сүйлөшкөн кызынын ашыкча кызганчаактыгы себеп болгон. Мындай мамиле Эдилдин чыгармачылык ишине тоскоол болуп жатып, акырында минтип эки жашты ажыраштырууга чейин алып келип отурат. Медициналык академияда окуган келечектеги доктур кыз Эдилди Кадыр түн күнү ырчы Нелядан кызганып, чыр салган эле. Бул чыр биринчиси эмес.
№ 259, 19-25-октябрь, 2007-ж.
СЪЕЗДБЕК КЫЗДУУ БОЛДУ
0
599
Мусулмандар Кадыр түн тосуп жатканда биздин белгилүү ырчы жигитибиз Съездбек Искеналиев түнкү саат бир жарымда кыздуу болду. Ымыркай шаарыбыздагы №4-төрөт үйүндө 3 килограмм салмакта төрөлдү. Съездбектин апасы небересинин атын Даткайым деп койду. Анткени, ырчынын уруусу Курманжан Датканын адыгине уруусунан болгондуктан, Датка Съездбектин чоң энелери болуп кетет. Жадакалса, ырчынын...
№ 258, 12-18-октябрь, 2007-ж.
МЕРГЕН ТУРГАН ҮЙЛӨНДҮ
0
12697
“Белгилүү ырчы Мерген Турган үйлөнөт экен”, жадакалса “үйлөндү” деген ушактарды кулагыбыз чалып калчу. Мындай ушактарга жооп кылып, бул жолу Мерген мырза бойдоктук менен чындап коштошууну чечти. Ырчы 3-октябрь күнү жубайын алып келгени Казакстанга жөнөп кеткен. 4-октябрда түштөн кийин казак кызы Жылдызды үйгө алып келип, эми чындап үйлөнгөндүгүн бизге сүйүнчүлөдү. Керек болсо “буюрса, орозо чыкса, октябрь айында...
№ 257, 5-11-октябрь, 2007-ж.
НУРЗАТ “ХИТ-ПАРАДГА” КАЙТЫП КЕЛЕТ
0
5112
Нурзат Токтосунова өзүнүн тушоосу кесилген “Хит-парад” телеберүүсүнө кайтып келүүнү чечти. Бул сунуш ага УТРКнын көңүл ачуу студиясынын жетекчилиги тарабынан түшкөн. Бирок, Нурзат дароо эле макулдугун берген эмес. Алматыдан жума сайын келип туруу үчүн жол киресине эле миң сом кетээрин, ошон үчүн бир аз ыңгайсызыраак болуп калаарын билдиргенде жетекчилик жол кирени өздөрү төлөп тураарын айткан. Муну укканда Нурзат...
№ 256, 28-сентябрь - 4-октябрь, 2007-ж.
СУЛТАН ПРОДЮСЕРИНЕ КАЙРЫЛЫП КЕЛДИ
0
3838
Ырчы Султан Садыралиев келишими аягына чыга электе продюсеринен кетип, шоу-бизнесте сенсация жаратты эле. Арадан эки ай өтүп-өтпөй, эми минтип кайра өзү кечирим сурап, продюсери Динара Эсенгуловага кайрылып келип отурат. Динара да бир аз ойлонгон соң аз убакыт ичинде өз баласындай болуп калган Султанды кечирип, кайра иштешүүгө макулдугун берди. Бул боюнча Султандын өзүнө кайрылганыбызда: “Мен жаштык – мастык кылган экенмин. Бир аз убакыт өткөн соң ойлонуп-ойлонуп...
№ 255, 21-27-сентябрь, 2007-ж.
АНЖЕЛИКА НАРИСТЕ КҮТҮП ЖАТАТ
1
42413
Айдай сулуу Анжеликанын үстүбүздөгү жылдын башында турмушка чыкканы жөнүндө баарыбыз эле кабардар болгонбуз. Эми минтип бул кызыбыз жолдошу экөө наристе күтүп жатышкан учуру. Учурда Анжеликанын боюндагы бала 6 айлык болуп калды. “УЗИге түштүм, ал жактан эркек же кыз экенин көрө албай коюшту. Бул биздин тун балабыз болгондуктан, кыз же эркек экенинин мааниси жок. Негизгиси, аман-эсен төрөп алсам эле болду. Буюрса, жылдын...
№ 254, 14-20-сентябрь, 2007-ж.
НЕЛЯ ЖАҢЫ МАШИНАЛУУ БОЛДУ
0
7399
Сүйкүмдүү ырчы Неля жаңы темир тулпарлуу болду. Бул машина Нелянын эсеби боюнча, рулга отургандан берки бешинчиси. Ар жылы ар кандай маркадагы темир тулпарларды айдаган ырчы кызга бул "Хонда Аккорд" маркасындагы машинаны аталаш байкеси Нурбек Прибалтика өлкөлөрүнөн айдатып келген жана машинанын документтерин өзү бүтүрүп, номерине чейин алып берген. Ырчы жалпысынан...
№ 253, 7-13-сентябрь, 2007-ж.
ЭДИЛ ОРДУНА КЕЛДИ
0
5324
«Кыргызстан обондору» радиосунун мурдагы ди-джейи мукам үндүү Эдил Эркинбаев радиого кайтып келди. Радиого кайтып келүүсүнө күйөрмандарынын суранычы жана кесиптештеринин чакыруусу түрткү болгон. “Балким, бир окуя болбогондо радиого да келбейт белем. Бир күйөрманым Караколго апама чалып алып “Эдил эфирге келсин” деп ыйлаптыр. Мен Бишкектен үйгө барсам, апам: “Кой, балам, бар дагы радиого иште. Сени ушундай күйөрмандарың...
№ 252, 31-август-6-сентябрь, 2007-ж.
ЖАНЕТАНЫН КОНЦЕРТИНДЕ БАЛА ТӨРӨЛДҮ
1
5470
Белгилүү ырчы Жанета жакында бир кызык окуяга туш болду. Ал Нарын шаарындагы күйөрмандарына өз өнөрүн тартуулоо үчүн концерт коюп барган. Нарындыктардын жаш-карысы калбай келген бул концертке мына-мына көз жарат деп турган кош бойлуу келин да келген экен. Концерт ортолоп, элдер ырдын кызыгына батып калган маалда ал келиндин толгоосу кармап калбаспы. Дароо доктурга жеткирилген келин...
№ 251, 24-30-август, 2007-ж.
АССОЛЬ КИЙИМДЕР КОЛЛЕКЦИЯСЫН ЧЫГАРДЫ
0
6200
Белгилүү телеалпаруучу жана продюсер Ассоль Молдокматова өзүнүн автордук кийимдер коллекциясын чыгарды. Бул коллекцияда бут кийим, жаңы стилдеги кыргыздын улуттук кийимдери, аксессуарлар бар. Айта кетсек, кийимдердин ар бири күмүш, малахит, шуру, рубин, коралл таштары менен кооздолгон. Ошондой эле кийимдердин кездемелеринин эле баасы 1500 сомго жетет. Ал эми даярдалган кийимдердин баасы...
№ 250, 17-23-август, 2007-ж.
ЧЫҢГЫЗ ЭМИ ЮРИСТ БОЛОБУ?
0
3499
Белгилүү ырчы, ди-джей Чыңгыз Мырзаев жогорку окуу жайга тапшыргандыгы жөнүндө бизге кабарлады. Болгондо да ырчы Улуттук университеттин юридикалык факультетине дароо эле 3-курска отурган экен. Албетте, кадимки студенттер катары тарых, кыргыз, англис тилдеринен экзамен берип өтүп кетиптир. Кошумчалай кетсек, Чыңгыз Жалалабаттагы Б.Алыкулов атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда 5-курста окуйт. “Артык дөөлөт баш жарбайт” демекчи, билим алуунун эч кандай зыяны жок”,- дейт ырчы.
№ 249, 10-16-август, 2007-ж.
АЗАТ ТЫНЧТЫКТЫ ТАНДАДЫ
0
4027
Буга чейин эле эл оозуна аздыр-көптүр алынып калган ырчы жигит продюсер Тынчтыкбек Кожобековго чыгармачылыкта чогуу иштешүү тууралуу сунушун киргизген эле. Ал жак, бул жагын бир топ ойлонгон Тынчтыкбек акыры макул болуп, азыр бул экөөнүн чогуу иштешип жаткан учуру. Азат шоу-бизнесте буга чейин кыскача гана Азат деген ат менен белгилүү болгон болсо, эми сахнага Тынчтыктын сунушу боюнча Азат Болотбек деген ат менен чыкмакчы. Экөө чогуу иштеше баштагандан бери...
№ 248, 3-9-август, 2007-ж.
МИРБЕК РЭППЕР БОЛУП КЕТТИБИ?
0
4227
Жаш ырчы Мирбек Атабековдун ырдоо стилин өзгөрткөндүгү тууралуу редакциябызга ырчынын продюсери Канат Култаев билдирген эле. Канаттын айтуусуна караганда, эми Мирбек эстрадалык ырлардан тышкары рэп стилиндеги ырларды да ырдайт жана учурда бир топ ырларды жаздырып бүткөн. Ырчынын өзү менен байланышканыбызда ал: “Адам өсүү менен бирге өзгөрүп да туруусу керек. Ошондуктан, бир эле калыпта жүрө бербей, күйөрмандарыма жаңы ачылыш тартуулоону туура көрдүм. Учурда элдин суранычы боюнча “Алтын энем” деген ырыма клип тарттырып жатам...
№ 247, 27-июль-2-август, 2007-ж.
ЖАКУТ АВТОКЫРСЫККА КАБЫЛДЫ
0
4939
Кызыл гүл көтөргөн куудул Жакут сыдыков 10-июль күнү кечинде автокырсыкка кабылды. Бул кырсык Бишкектин Совет жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде куудул менчик машинасы менен кетип бара жатканда болгон. Натыйжада, Жакуттун эки жамбашы сынып, машинасы жараксыз болуп калды. Учурда куудулдун ооруканада дарыланып жаткан кези. Жаңы түзүлгөн тандемдеши Назира Жетигенова Жакуттун абалын сурап, эки бутунун бири ооруканада болуп...
№ 246, 20-26-июль, 2007-ж.
САНЖАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫ ТАШТАЙТ
0
2776
Бир кездеги ичкиликтен да, тамекиден да баш тартпаган шок жигитибиз Санжар Бердибеков жашоо образын өзгөрттү. Дегеним, Санжар азыр беш убак намаз окуп, эки сөзүнүн биринде “иншалла” сөзүн кайталап, теспе кармап отурган кези. Эми Санжар чыгармачылыгын да биротоло таштоо алдында турат. Август айында Россияга гастроль менен барып, ал жактагы кыргыздарга концерт коюу менен бирге мекендештерин дааватка чакырып келмекчи. Ушундан соң Санжарды сахнадан эмес, мечиттен гана кезиктирип калат өңдөнөбүз.
№ 245, 13-19-июль, 2007-ж.
САЙКАЛДЫ АПАСЫ НАЧАР ОКУГАНЫ ҮЧҮН ЖАЗАЛАДЫ
0
3854
Легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун көкүрөк күчүгү Сайкалды Жаңы Жылдын астында өткөн концерттердин ар биринен көрчүбүз. Ошондон бери Сайкал концерттерге эмне эле такыр чыкпай калды десек, ыр деп жүрө берип сабакка такыр көңүл бурбай, чейректери жалаң “3” болуп кеткен экен. Мындай кылыгына апасы Гүлшайыр эже нааразы болуп, Сайкалды сахнага чыгарбай, сабакты жакшы окуусун талап кылган. “Кызымды сахнага 6-7 ай жолотпой койсом бук болуп кетти. Азыр экзамендеринин баары бүттү жана жылдык баалары...
№ 244, 6-12-июль, 2007-ж.
АИДА БАЯКОВА ЫРЧЫЛЫККА ӨТТҮ
0
3755
Белгилүү скрипкачы Аида Баякова “башкалардан эмнем кем?” деп ырдоого багыт алды. Бул Аиданын капысынан чыгарган чечими эмес. Ал мындай кадамга көптөн бери даярданып, вокалдан сабак алып жүргөн. Азыр Аида биринчи ырларын камдап, убактысынын көп бөлүгүн үн жаздыруучу студиялардан өткөрүп жаткан кези. Скрипкачынын жакында өзүнүн классикалык концертин бергенин, жакын арада дагы бир концертине...
№ 243, 29-июнь-5-июль, 2007-ж.
СУЛТАН ЖАҢЫ ТЕМИР ТУЛПАРЛУУ БОЛДУ
0
6334
Жаш ырчы Султан Садыралиев жаңы машиналуу болду. Бул жашыл түстөгү “БMB” маркасындагы темир тулпарды ырчы жакында болуп өткөн концертинен түшкөн акчага сатып алды. Ал эми мурунку машинасын азырынча сата элек. Продюсери Динара Эсенгулованын машинасы оңдоочу жайда болгондуктан, ырчынын эски “Мазда” маркасындагы машинасын Динара айдап жүрөт. Продюсери машинасын оңдоочу жайдан алаары менен Султан...
№ 242, 22-28-июнь, 2007-ж.
«АЛТЫН КЕЧ-2007» ДОЛБООРУ БОЛБОЙ КАЛДЫ
0
3241
Достор Тынчтыкбек Кожобеков менен Съездбек Искеналиев “Алтын кеч-2007” жаңы долбоорунун үстүндө иштеп жатышканын буга чейин бизге айтышкан эле. Тилекке каршы, бул долбоор быйыл аягына чыкпай калды. Мунун себебин уюштуруучулар: “Долбоорду өтө эле кеч баштап алыптырбыз. Көрсө, бүтүрүүчүлөр 2-3 ай мурун эле өздөрү уюштурган кечелерге акчаларын чогултуп коюшуптур. Биздин билет...
№ 241, 15-21-июнь, 2007-ж.
МИРБЕК КЫРГЫЗСТАНДЫ КЫДЫРАТ
0
3388
Мирбек Атабеков продюсери менен кошо түштүккө болгон гастролун баштады. 7-июнда өткөн гастролдун алгачкы күнү Токтогул жергесинен башталды. Эми ырчы түштүктүн чоң-чоң шаарларынан тартып райондун борборлоруна чейин барып, Баткенден кайтып келет. Андан соң түндүк жергесин кыдыруу башталат. Ошентип, бир айга уюшулган гастроль аягына чыккан соң Мирбек чакыруу боюнча...
№ 240, 8-14-июнь, 2007-ж.
АНЖЕЛИКА ЕГИПЕТТЕН КЕЛДИ
0
10584
Жыл жаңыраарда Анжелика Урмат аттуу жигит менен баш кошуп, турмуш жолуна аттанган эле. Үйлөнүү тоюнда жаш жубайларга туугандары Египетке жолдомо белек кылышкан. “Жолдошум менен дүйнөнүн эң кооз жерлеринин бири Каирде бал айыбызды өткөрүп келдик»,-дейт ырчы бул тууралуу. Учурда Анжелика бактылуу эс алуудан келип, бүтүрүү экзамендерине кызуу даярдык көрүп жатат. Келечекте...
№ 239, 1-7-июнь, 2007-ж.
Съездбек Искеналиев: «ӨМҮР БОЮ ЭСТЕ КАЛААРЛЫК ШОУ ӨТКӨРӨБҮЗ»
0
5642
Тынчтыкбек Кожобеков менен Съездбек Искеналиев бүтүрүүчүлөр үчүн уюштуруп жаткан бул кече Кыргызстанда биринчи жолу өткөнү турат. Бул кечеге келгендер жөн гана көңүл ачып кетишпестен, дал ушул жерден өздөрүнүн келечегине алгачкы кадамдарды ташташы мүмкүн. Кандайча дейсизби? Ал жөнүндө сизге бул долбоордун уюштуруучуларынын бири...
№ 238, 25-31-май, 2007-ж.
ТЫНЧТЫК МЕНЕН СЪЕЗДБЕК “АЛТЫН КЕЧЕ” УЮШТУРУШАТ
0
3626
Белгилүү ди-джей Тынчтыкбек Кожобеков менен ырчы Съездбек Искеналиев бүтүрүүчүлөргө арнап “Алтын кече-2007”деген аталыштагы кече уюштурушат. Бул салтанат “Алтын казына” ресторанында 21-июнь күнү өтүп, каалоочулар билет сатып алып киришет. Ошондой эле бул кечени белгилүү ырчы, актёр, таланттуу инсандар коштомокчу. Бүтүрүүчүлөр кечесинде ар кандай конкурстар уюштурулуп, баш байгеге миң доллар коюлат. Андан сырткары, кийинки жеңүүчүлөргө...
№ 237, 18-24-май, 2007-ж.
“Боз салкын” фильминин режиссёру Эрнест Абдыжапаров: «ОРТО ЖОЛДО УУРУЛАРДЫ БАГЫП ЖАТАБЫЗ»
2
6815
Акыркы жылдарда кыргыз киносу кайра жанданып, кинотеатрга барып эс алууну унута баштаган биздин муундардын кайрадан кинотеатрларга агыла баштаганы жүрөк кубантаарлык иш болууда. Белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун ырчы жигит Съездбек Искеналиев баш каармандын ролун аткарган “Боз салкын” фильми профессионалдуу деңгээлде тартылган кыргыз фильмдеринин катарын толуктайт. Өкүндүргөн нерсеси – дал ошол мыкты фильмдин журтчулукка өз деңгээлинде...
№ 236, 11-17-май, 2007-ж.
ДИНАРА ЭСЕНГУЛОВА БИЗНЕСМЕНГЕ КҮЙӨӨГӨ ЧЫГАТ
0
10005
Белгилүү продюсер, “Улуттук хит-параддын” жетекчиси Динара Эсенгулова продюсерликти таштайт. Себеби, Динара эженин болочок жолдошу “продюсерлигиңди ташта, гастролдоп жүргөнүң болбойт” деп шарт коюп жатат. Ал эми эженин жеке жашоосун же продюсерликти тандай албай башы ооруп турган кези. “Азырынча менин окутуп жаткан балдарым өзүнчө чыкканга даяр эмес. Айрыкча Кайрат менен Бегимай. Аларды жалдыратып калтыргым да келбей жатат. Бирок, аялзаты үчүн үйбүлө...
№ 235, 4-10-май, 2007-ж.
КАМЧЫ САРЫБАЕВ: «КОНЦЕРТКЕ ЖАЛАҢ ПРОФЕССИОНАЛ КУУДУЛДАР КАТЫШАТ»
0
7567
Бир топ белгилүү кыргыз фильмдеринде, рекламалык роликтерде жана клиптерде ролдорду жараткан актёр, “Дем” театрынын бир жигити Камчы Сарыбаев өзүнүн жеке концертин берүү алдында турат. Белгилүү актёрдун концерти кандай болооруна кызыгып, аны чакан маекке чакырдык.
№ 234, 27-апрель-3-май, 2007-ж.
КАНАТ КУЛТАЕВ: «АРЗАН БААГА САПАТСЫЗ КОНЦЕРТ БЕРИП КАЧАНГА ЧЕЙИН ЖҮРМӨК ЭЛЕК?»
0
4583
Жакында жаш ырчылардын продюсерлери борбордо болуучу концерттердин баасын көтөрүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. сүйлөшүүнүн акырында келген жыйынтык боюнча, эми концерттерге мурдагыдай 100 сомдон эмес, 200 сомдон кирет экенбиз. Көтөрүлгөн бул маселе боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн идеянын «автору» , ырчы Мирбек Атабековдун продюсери...
№ 233, 20-26-апрель, 2007-ж.
ЖАНАРА «НБТга» КЕТТИ
0
4921
Жагымдуу үнү менен борбор калаабыздагы угармандардын көңүлүн көтөрүп келген “Кыргызстан Обондору” радиосунун ди-джейи Жанара Атабекова 1-мартта расмий түрдө радиодон кетти. Бирок, «жакшы көргөн ди-джейимдин үнүн укпай калам» деп чочулаган күйөрмандары кам санабай эле койсо болот. Анткени, Жанараны жакында «НБТ» телеканалынан көрө алабыз. Эми Жанара теледе музыка тармагында эмес, маалымат кызматында иш алып барат. Азыр Жанара аталган телеканалдын “кухнясын” ...
№ 232, 13-19-апрель, 2007-ж.
МИРБЕК АЛМАТЫГА КЕТПЕЙ КАЛДЫ
0
4050
“Мирбек Атабеков эми ырдабайт экен, чыгармачылыгын Казакстандан улантат экен” деген маалымат тараганда айрымдар таң калса, көпчүлүк өкүнүп калган эле. Бекер эле таң калып, бекер эле өкүнүптүрбүз. 2-апрель күнү Мирбектин тагдыры оң жакка чечилди. Ал эч жакка кетпей, мурдагыдай эле чыгармачылык менен алпурушуп, продюсери Канат Култаев менен түзүлгөн келишимин уланта бермей болду. Бул...
№ 231, 6-12-апрель, 2007-ж.
АЙЧҮРӨК “БИТЕЛДИ” СОТКО БЕРДИ
0
3531
Ырчы эжекебиз Айчүрөк Иманалиеванын өткөн жылдын күз айларында Цирк имаратында өзүнүн жеке концертин бергени күйөрмандарынын эсинде болсо керек. Ошол концертке катарлаш эле Россия ырчысы Серёганын да “Бител” компаниясы уюштурган концерти болгон. Ошондо Айчүрөк айым менен компаниянын ортосунда өз ара келишпестиктер келип чыккан экен. Анткени, шаар боюнча илинген Айчүрөктүн афишаларынын үстүнө “Бител” компаниясы Серёганын афишалары...
№ 230, 30-март-5-апрель, 2007-ж.
МИРБЕК МЕНЕН ИРЛАН ФОНОГРАММАНЫ ТАШТАДЫ
0
3669
Мирбек Иманбеков, Ирлан Таалайбеков өңдүү учурдун популярдуу ырчыларына колдоо көрсөтүп келе жаткан белгилүү продюсер Асыл Аппасова мындан кийин балдарын жандуу үн менен ырдатууну көздөөдө. Башкача айтканда, эми концерттерде бул ырчылар фонограммасыз ырдашат. Себеби, учурда жандуу үн менен ырдаган ырчыларды эл сагынып жаткандыктан, элдин талабына жооп берүү максатын...
№ 229, 17-29-март, 2007-ж.
ЗАМИР МЕНЕН МИРБЕК ДУЭТ ЖАЗДЫРЫШУУДА
0
3687
Эстрада-фольклор ырчысы Замир Арыкбаев менен жаштардын сүйүктүү ырчысы Мирбек Атабеков “Күйөө жолдош баламын” аттуу дуэт жаздыруунун үстүндө иштешүүдө. “Менин стилим фольклорго, ал эми Мирбектики эстрадага ылайыктуу. Эки стилдин ортосунан оригиналдуу обон жаратууну максат кылып, биргеликте иштөөнү чечкенбиз” дейт Замир Арыкбаев. Буюрса, эки таланттуу ырчы жигиттин дуэти...
№ 228, 16-22-март, 2007-ж.
УРМАТ 2,5 СУТКА КАР КӨЧКҮДӨ КАЛДЫ
1
5100
Популярдуу ырчы Урмат Усеновду Кудай бир сактады. Карга чөмүлгөн тоолордун арасындагы 30 градус суукта, нан-суусуз 2,5 сутка отуруш оюн эмес да. Урмат жашоонун дал ушундай чоң сыноосуна кабылды.25-февраль күнү Урмат эжеси Элизаны машинасына салып алып, карындашынын тоюна Таласка аттанган. Таластын айтылуу Өтмөк ашуусун ашып калган кезде тоодон көчкү түшүп...
№ 227, 9-15-март, 2007-ж.
ШАЙЫРБЕК ЛЕЙТЕНАНТ НААМЫН АЛДЫ
0
4737
“Добуш” берүүсүнүн автору Шайырбек Абдырахман уулу кенже лейтенанттан лейтенантка көтөрүлдү. 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Шайырбектин аскер турмушун чагылдырган, жоокерлерге арналган берүүсүнө көпчүлүк күбө болсо керек. Дал ошол мекен коргоочулардын жашоо шартын, аскердик тартипти чагылдырган берүүсү үчүн 22-февраль күнү Коргоо министри Шайырбекке лейтенант наамын ыйгарды. Наамды алпаруучунун колуна Коргоо министринин орун басары тапшырды. 23-февралда бул Шайырбек үчүн...
№ 226, 2-8-март, 2007-ж.
ЫРЫСКЕЛДИ ЖАШ ЫРЧЫЛАР ҮЧҮН СТУДИЯ АЧАТ
0
4176
Ырыскелди Осмонкулов азыркы чыгып жаткан жаш ырчылардын чыгармачылык деңгээлинин төмөндүгүн, мамлекеттик каналдын көңүл ачуучу программаларынын бардыгын алар бир-эки ыры менен ээлеп алышканына нааразылыгын билдирип: “Жаш ырчылардын чыгып жатканы бардыгыбызды эле кубантат. Бирок, музыкалык билими жок, казак, өзбектердин ырларын которуп алып ырдагандары, үнү...
№ 225, 23-февраль-1-март, 2007-ж.
ЮЛЯНЫН КЛИБИНИН БЕТ АЧАРЫ БОЛУП ӨТТҮ
0
3408
Белорус кызы болсо да Бишкекте жашап, кыргыз тилинде эркин сүйлөп, ырдап айырмаланган Юля Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр” деген ырын ырдап, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Эми Юля Руцкая “Кызыл гүл менмин, кызыл гүл” деген кыргызча ырына клип тарттырды. Клипти кыргыз-казак режиссёру Азарио Майнтеги, оператор Айбек Жангазиевдер тартышты. Башкы ролду казактардын белгилүү продюсери, режиссёру...
№ 224, 16-22-февраль, 2007-ж.
АСЕЛ ТУРДАЛИЕВА ДЕКАН БОЛДУ
0
5209
Тыпылдаган ырчы Асел Турдалиева ырчылыктан сырткары Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда мугалим болуп иштеп келатканы белгилүү. Өзүнүн эмгекчилдигинин аркасында ырчы кызматынан көтөрүлдү. Тактап айтсак, аталган институттун хореография факультетинин деканы болуп дайындалды. Мындай жоопкерчиликтүү ишти ырчынын аркалаганына аз эле убакыт болду. Бул кабардан улам Асел айымдын күйөрмандары: “Эми сахнага чыкпай калабы?” деп чочулабай эле коюшса болот. Анткени, Асел...
№ 223, 9-15-февраль, 2007-ж.
УРМАТ “ТУМАР КЫЗЫНА” КЛИП ТАРТТЫРДЫ
0
4036
Жаш жылдыздардын “мачосу” Урмат Усенов өзүнүн “Тумар кыз” деген ырына клип тарттырды. Ырчынын продюсери Ассоль Молдокматова жана Түркиядан келген Урматтын түрк улутундагы досу Фатих режиссёрдук ишти аткарышты. Мурунку клиптеринде Урмат өзү башкы каарманды ойносо, бул сапар башкы ролго атайын кастинг аркылуу бир кыз жана бир жигит тандалып алынды. Клипти Урматтын күйөрмандары...
№ 222, 2-8-февраль, 2007-ж.
АССОЛЬ “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИСИ” НААМЫН АЛДЫ
0
3969
Бир канча наамдардын ээси болуп келген Ассоль айым дагы бир наамга татыктуу болду. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Телерадиокомпаниясы ага “Жылдын мыкты жетекчиси” деген наам ыйгарды. Анткени, Ассоль өткөн жылы бир нече долбоорду түзүп сунуштап, анан кайра аларды иш жүзүнө ашырууга жетишкен. Ассоль продюсерлик кылган ар бир берүү элдин купулуна толуп, арзууга татып келе жатканы талашсыз. Ал эми жакында “Азия-Курулуш” компаниясынын президенти...
№ 221, 26-январь-1-февраль, 2007-ж.
ТЕМИР ТАЛАНТТЫН КОНЦЕРТИНЕ КОНОК КАТАРЫ КЕЛЕТ
0
4191
Өткөн саныбызда куудул Талант Анарбаев менен ырчы Темир Назаровдун концерти болот деген жарыя берген элек. Бирок, Темир биз менен байланышып, бул концертке конок катары гана катышаарын билдирди. Көрсө, ырчы менен куудул өз ара келишим түзүшүп жатканда түшүнбөстүктөр болуп кеткен экен. Бул концертте Талант жана анын “Талант-шоу”деген тобунун жаңы сатира, ыр-күлкүлөрү жаңырат. Ал эми көпчүлүктүн...
№ 220, 19-25-январь, 2007-ж.
НУРДӨӨЛӨТ “БИТЕЛДИН” БАЙГЕСИН УТУП АЛДЫ
0
4876
“Апамдын махабаты” фильминде мугалимдин ролун аткарган “Учур” телетеатрынын актёру Нурдөөлөт Копоевди жакындан бери Кыргызтелекомдун рекламалык роликтеринен да көрүп жүрөбүз. Чыгармачылыктын үстүндө тынбай эмгектенген актёр “Бител” компаниясы уюштурган Жаңы Жылдык SMS лотереяга катышууга да жетишкен. Актёрдун айтуусу боюнча, ал өмүрүндө бир да жолу лотереядан утуп көргөн эмес. Бирок, эмнегедир бирдемени сезгенсип, “Бителдин” SMS лотерея...
№ 219, 12-18-январь, 2007-ж.
АСЕЛДИН СУМКАСЫ ЖОГОЛДУ
0
4724
Спорт Ордосунда Мерген Тургандын жаңы жылдык шоу-концерти өтүп жаткан учурда Асел Турдалиеванын сумкасы жоголгон. Окуя мындайча болгон. Мергендин концертине чакырылган Асел сахнага даярданып жаткан гримденүүчү бөлмөгө Райхан Абдувалиева кирип келет. Аңгыча Аселди сахнага чакырып калышат. Асел сахнага кетип жатып, Райхан эжесине сумкасын бекитип коюусун өтүнөт. Ырчы сахнага кеткенде ырчылар менен аралашып эле жүргөн...
№ 217, 29-декабрь-4-январь, 2007-ж.
ЖЫЛДЫЗ КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗДАРДАН ГҮЛ ОРДУНА АКЧА АЛДЫ
0
8423
Жылдыз Тутуева жакында «Биз» тобу менен бирге кытайлык кыргыздарга барып, өнөрүн тартуулап келди. Буларды ал жакка «Биз» тобунун жетекчиси Бактияр Токторовдун санаалаш достору чакырышкан. Жылдыздын айтканына караганда, ырчылардын аткарган ырларын ар бир кытайлык кыргыздын жылуу кабыл алып жатканы жана кыргыз ырларын ушунчалык сагынып калышкандыгы жүздөрүнөн байкалып турган. «Көрсөтүшкөн урмат-сыйына рахматтан башка айтаар сөзүбүз жок» дейт ырчы. Өзгөчө...
№ 216, 22-28-декабрь, 2006-ж.
МАКСАТ КЫЗЫНА 700 ДОЛЛАРЛЫК СӨЙКӨ САЛДЫ
0
4541
Көпчүлүк кыздардын жүрөгүнө чок салып келаткан ырчы жигит Максат Бегалиевдин үйлөнүү тою күз этектеп болоору тууралуу сандарыбыздын биринде айтып өткөн элек. Бирок, «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, Максаттын тою жазга жылып кетти. Анткени, ырчы өзүнүн жеке концертин берип, андан кийин үйлөнүүнү пландап жүргөн. Концерт берүүгө даярдыгы көңүлүнө толбогондуктан, ырчы концертин жылдырууга аргасыз болгон. Учурда Максат Москвадагы досторуна барып...
№ 215, 15-21-декабрь, 2006-ж.
ЭРНЕСТ ЖАҢЫ ФИЛЬМДЕР МЕНЕН КОШО ЫР-ОБОНДОРДУ ЖАРАТУУДА
0
3411
Тарткан фильмдери үчүн 4 Гран-прини жана 20 атайын байгени, көптөгөн грамоталарды жеңип алган Эрнест Абдыжапаров учурда «Махабат жылдызы» фильмин тартып жатат. Фильмдеги ролдорду «Боз салкынга» тартылган актёрлор жаратып жатканын баса белги-леп кетели. Мындан тышкары «Байкуш Татьяна» аттуу 10 мүнөткө созулган новелла фильми жакында эл аралык кинофестивалга каты-шат. Пикирлерге караганда, фильмдин аталган фестивалдан ий-гиликке...
№ 214, 8-14-декабрь, 2006-ж.
СЫЙМЫК ЖАҢЫ ТЕМИР ТУЛПАРЛУУ БОЛДУ
0
3624
Күзү менен гастролдоп концерт коюп жүргөн Сыймык Бейшекеев үйүнө келип эс алган соң, жаңы машина сатып алып отурат. Тагыраак айтканда, мурунку «Мерседес» маркасындагы машинасын сатып, эң «крутой» деп саналган машинелердин бири «Тойота Лексус» марка-сындагы машинага ээ болду. Учурда күмүш түстүү жаңы темир тул-парын Бишкектин көчөлөрүндө зуулдата айдаган ырчынын кубанып жүргөн...
№ 213, 1-7-декабрь, 2006-ж.
ГҮЛМИРАНЫ АЛА КАЧКАНЫ ЖАТЫШАТ
0
12400
Элибизге «кичинекей Гүлмира» деп таанылган ырчы кызыбыз өзүнүн бойго жеткенин эми даана сезди. Анткени, Гүлмиранын айтуусу боюн-ча, Кыргызстандын төрт тарабынан тең колун сурап келгендер күн-дөн-күнгө көбөйүп баратат. «Буга чейин төрт-бештен ашык жуучулар келишти. Кыргыз эли меймандос калк эмеспизби, акырын түшүндүрүп гана бардыгын сыйлап узатып жатабыз. Келген жигиттердин ар бири менен таанышып, сүйлөшүп...
№ 212, 24-30-ноябрь, 2006-ж.
МИКАЭЛЬ АВТОКЫРСЫККА КАБЫЛДЫ
0
3751
Нурлан Мамакеевдин продюсердик борборуна көз тийдиби, айтор, жакында эле Максат Бегалиев менен Азиз Жетигенов автокырсыкка учураса, бул ирет Микаэль жол кырсыгына кабылып отурат. Жаш ырчы катуу ылдамдыкта келатып көчөнүн кесилишинен кымбат баалуу «Тойота Лексус» маркасындагы машинаны сүзүп алган. Кырсык болгон учурда ырчынын жанындагы дос кызы катуу чочуп калгандыктан, ал тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Микаэль жол эрежесин...
№ 211, 17-23-ноябрь, 2006-ж.
АЛЕКСЕЙДИ «ХИТ-ПАРАДДАН» КИМ КЕТИРДИ?
0
5012
Алексей Филатов «Хит-парад» берүүсүнөн кетип, НБТ каналында «Жаңы жылдыз НБТ» берүүсүн алпарып жатканы белгилүү. Алек-сейдин «Хит-параддан» кетүүсүнүн себебин билгиси келгендер көп. Мунун себебин Лёша өзү: «Акыркы учурда мен «Хит-парадды» ал-паргым келбей калган. Анткени, башында чыныгы мыкты делгендер катышып келсе, кийинки учурда ырдай алганы деле, ырдай албаганы деле чыга баштады. Ушундан улам менде нааразычылык жаралды. Мындай көрүнүш менин да, «Хит-параддын» да...
№ 210, 10-16-ноябрь, 2006-ж.
ЧЫҢГЫЗГА ӨЗГӨЧӨ НОМЕРЛҮҮ МАШИНАНЫ КИМ БЕЛЕК КЫЛДЫ?
0
5066
BДИ-ДЖЕЙ B да... Андан алынды. сатылып акчага түшкөн концерттен күнкү биринчи ал машина, го Машина кылды. белек машинаны маркасындагы «Гольф-3» сахнадан ырчыга Адамов Ильяс продюсери Чыңгыздын Себеби, болду. окуя күтпөгөн өзү Чыңгыз эмес, эле эл күнү экинчи концерттин Ушул кетели. айта өзгөчөлөнгөнүн концерттерден башка түшүп, шыптан каармандын» «баш башталышында Концерттин чогултту. элди коюп концерт башында жуманын ушул Мырзаев ырчы жана
№ 209, 3-9-ноябрь, 2006-ж.
СЪЕЗДБЕК «АРДАК ГРАМОТАСЫ» МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
0
4404
Мукам обондору жана аткаруучулук чеберчилиги менен көпчүлүккө таанымал жаш ырчы Съездбек Искеналиев жакында 21-22-октябрда Жалалабат шаарында болуп өткөн «Кыргызстан обондору, Токтогул-2006» фестивалына өзүнүн «Эсимде» жана жаңы «Арзуу» аттуу ыры менен катышып, чоң ийгиликтин ээси болуп кайтты. Анткени, фестивалдын аягында Жалалабаттын губернатору Съездбектин кайталангыс талантын баалай тургандыгын билдирүү иретинде ырчыга өз колу менен «Ардак грамотасын» тапшырды.
№ 208, 27-октябрь-2-ноябрь, 2006-ж.
ИБРАГИМ ЖУНУСОВ ТАЯТА БОЛДУ!
0
6049
Ибрагим Жунусов жакында эле Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алып, кубанычы тарай электе кубанычына кубаныч кошулуп минтип жээн-неберелүү болуп отурат. Улуу кызы Асел кыздуу болуп, атын Асема деп коюшту. Бул Ибрагимдин биринчи небереси. Небере таттуу болот демекчи, ырчы азыр кызыл эт ымыркайга ичи элжиреп турган чагы. Асел азыр ата-энесинин үйүндө. Баланы кырк күндөн кийин Бишкекке...
№ 207, 20-26-октябрь, 2006-ж.
МИРБЕК 1500 ДОЛЛАРЫН УУРДАТЫП АЛДЫ
0
4493
Жаш жылдыз Мирбек Атабеков борбордо жакында эле аншлаг менен концерт бергени ыр күйөрмандарынын эсинде болсо керек. Мына ошол концерттен түшкөн кирешеге «Мерседес» маркасындагы машина сатып алам деп тилек кылып жүргөндө Мирбек акча алмаштыруучу жайдын жанынан 1500 долларын уурдатып алды. Натыйжада, акчасы жетпей, машина ала албай калды. Бирөөнүн ак эмгеги менен тапкан акчасы башкага буюрмак беле, муну укканда ууруну...
№ 206, 13-19-октябрь, 2006-ж.
ИЛЬЯЗ БИР КҮНДҮК КОНЦЕРТИНИН АКЧАСЫНА МАШИНА САТЫП АЛДЫ
0
4191
Учурда «Арманым» деп өзү эле сыздабай, канчалаган кыздарды кошо сыздаткан жаш ырчы Ильяз Абдыразаков жакында эле эки күндүк жеке концертин аншлаг менен бергени көпчүлүккө маалым. Таланттуу жигит концертинин биринчи эле күнүнөн түшкөн кирешеге «Кыз-Бурактын» жетекчилери Гүлшайыр Садыбакасова жана Кенже Дүйшеева менен автобазарга барып, «Гольф-3» маркасындагы өзүнө жаккан машинаны сатып алды. Машинанын баасы...
№ 205, 6-12-октябрь, 2006-ж.
МАКСАТ БЕГАЛИЕВ ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНА КАМ КӨРҮҮДӨ
0
4697
Көптөгөн кыздардын жүрөгүнө чок салып келаткан ырчы жигит Максат Бегалиевдин никесиз балалуу болгону тууралуу маалымат гезит беттерине жарыяланган. «Бул эч кандай чындыкка жакын эмес, муну ким чыгарганын жана ким тарабынан таркатылган ушак экенин билбейм. Анан дагы мындай ушак сөздөр мага эч зыян алып келбейт» дейт ырчы өзү. Учурда Максат үйлөнүү тоюна камдануу үчүн чыгармачылыгына байланыштуу иштерин эртерээк бүткөрүү менен алек болууда. Ушул айды этектеп Максат...
№ 203, 22-28-сентябрь, 2006-ж.
ТЕМИР ЮЛДУЗ УСМАНОВА МЕНЕН ИШТЕШЕБИ?
0
4841
Таланты менен көпчүлүккө таанылган жаш ырчы Темир Назаров Ташкент шаарына барууну пландаштырууда. Ал жерден өзбек эстрадасынын жылдызы, атактуу Юлдуз Усманованын мыкты деп эсептелген аранжировщиктери Темирдин эки ырына аранжировка жасап беришмекчи, болгондо да чыгыш стилинде болмокчу. Андан кийин Темир ордолуу Ош шаарына кайтып келип, бул ырларга жогорку деңгээлдеги жаңы клиптерди тарттырууну көздөп жатат.
№ 204, 29-сентябрь-5-октябрь, 2006-ж.
СЪЕЗДБЕК «ЭРКИНЕН АЖЫРАДЫ»
0
4145
Ооба, ошондой болду. Бирок, албетте, жакшы маанисинде. Башкача айтканда, Съездбектин баягы барам деген жагына барып, кылам дегенин кылган бойдокчулук мезгили артта калды. Ырчы жигит ушул жуманын дүйшөмбү күнү өзү сүйгөн сулууга баш кошуп, бир үйбүлөнүн кожоюну болуп калды. Эми Съездбектин популярдуулугу артып, ырлары биринин артынан бири жарыкка чыгаар бекен же тескерисинче, сахнаны акыркы планга калтырып коёр бекен? Албетте, аны...
№ 202, 15-21-сентябрь, 2006-ж.
‹
1
2
...
100
101
102
103
104
105
106
...
117
118
›
№ 1168, 2-8-май, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
Саясат
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
СОТТУК ИШТЕР
Спорт
Элдик кабар
Супер-Инфо
Түркүн дүйнө
Тест куржун
“SUPER MEDIA” пресс-борбору
Сурамжылоо
Бизнес-Инфо
Ийгилик сыры
Эмгек жарчысы
Көз караш
Лонгрид
Президенттик шайлоо - 2021
Ийгилик жолунда
Адистен кеңеш
super.kg орусча
СУПЕР-ИНФО
Саясат
Шоу дүйнө
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Маданият
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Супер-Инфо 20 жашта
Көз караш
Эмгек жарчысы
SUPER.KG ВИДЕО
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жылдыз төлгө
Жан дүйнө
Ашкана сырлары
Эмгек жарчысы
Реалити-шоу
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
МЕДИА-ПОРТАЛ
Видеоклиптер
Аудиоклиптер
Элдик видео
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан
Информация о рекламе
Ысым (логин) же E-mail дарек
Сыр сөз
Кирүү