ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ:  Учактардын кыйрашы, Сириянын эркиндиги, жаңы президенттер, табигый кырсыктар... 2024-жылы дүйнөдө болгон орчундуу окуялар

2024-жылы дүйнө жүзүндө өлкөлөрдүн ортосундагы согуштар, глобалдык саясаттагы олуттуу өзгөрүүлөр жана бир нече табигый кырсыктар орун алды. SUPER.KG порталы жыл башынан аягына чейин маалымат каражаттарында резонанс жараткан айрым окуяларды тизмектеп өттү.

Жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган табигый кырсыктар

2024-жылы Балык жылынын башында эле Японияда жер титирөө катталган. Жер титирөө 1-январда Япониянын батыш тарабында күчү 5,7 жана саат 16:10до 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, жүздөн ашык имарат жабыркаган.

Апрель айынын башында Орск шаарын Урал дарыясынан коргоп турган дамба жарылып, суу каптаган. Облуста 6 миңден ашуун турак жай суу алдында калган. Сегиз миңден ашуун үй электр жарыгысыз калып, аймактан миңден ашуун адам эвакуацияланган. Бийлик суу ташкыны каптаган аймактан 5 адамдын сөөгү табылганын ырастап, бирок алар сууга чөгүп эмес, башка себептерден каза болгонун кошумчалаган.
3-апрелге караган түнү очогу Тайвандын чыгыш жээгине жакын жайгашкан Окинавадан түштүк-батышта күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду. Аралдын борбордук метеорологиялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул Тайвандагы акыркы 25 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болгон. Жер титирөөдөн кийин 87 миңден ашык үй-бүлө электр жарыгысыз калган.

Кенияда тынымсыз жааган жаандан улам суу ташкындап, каза болгон адамдардын саны 169га жеткен. Нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындарынан бир нече аймакта жер көчкүлөр катталып, дайынсыз жоголгондор да бар экендиги аныкталган.

Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында суу ташкынынан төрт адам каза болуп, 110 миң адам эвакуацияланган. Буга байланыштуу 1 миллиондон ашык кожолук электр жарыгысыз калып, миңдеген мектептер жабылды. Кытай өкмөтү чукул эскертүү берип, 127 миллион жергиликтүү жашоочуларын коргоо үчүн зарыл чаралар көрүлдү. Ал эми айрым алыскы айылдарга тик учак менен чукул жардам жеткирилген.

Бразилиянын түштүгүндөгү суу каптоодон кеминде 29 адам каза болуп, 60 адам дайынсыз жоголду. Акыркы күндөрү Рио-Гранде-ду-Сул штатында жааган нөшөрлүү жамгырдан улам дарыялар ташкындап, шаарларды суу каптаган. Мындан улам 10 миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Ооганстанда суу ташкынынан 12-майга карата набыт болгондордун саны 315 адамга жетип, 1600дөн ашуун адам жарадар болгондугу айтылат. Ооганстандын Ички иштер министрлиги 10-майда башталган суу ташкынынан эң көп үч провинция: Баглан, Тахар жана Бадахшан жабыр тартканын билдирген.

Берил тропикалык бороону Хьюстонду жана анын чет жактарын курчады. Анда көчөлөрдү суу каптап, Техас штатында эки миллиондон ашык кардарларды электр энергиясысыз калтырып, бир адам каза болгон. Буга чейин аталган бороон Кариб деңизиндеги аралдарды жана Венесуэланы каптап, каза болгондордун саны жетиге жеткени маалым болгон болчу.

Эфиопиянын түштүгүндөгү Гофа аймагында катуу жааган жаандан улам 21-22-июль күндөрү жер көчкү жүргөн. Табигый кырсыктан 157 адам каза болгону белгилүү болгон.

2024-жылы шайланган президенттер

Ал эми 11-февралда Финляндия мамлекетинде президенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында "Улуттук биримдик" партиясы көрсөткөн талапкер, консерватор Александер Стубб 51,6 пайыз добуш алып, жеңишке жетти.

7-февралда Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Жыйынтыгында өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча Илхам Алиев 92,1 пайыз добуш алып, жеңишке жетти.

15-17-март аралыгында Орусияда президенттик шайлоо өтүп, ага 4 талапкер катышкан. Азыркы президент Владимир Путин шайлоочулардын 87,28 пайыз добушуна ээ болгон. Муну менен ал бешинчи жолу мамлекетти башкаруу укугуна ээ болду.

Мексиканын тарыхында алгачкы жолу аял киши президент болуп Мехико шаарынын мурунку мэри Клаудия Шейнбаум келди. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, Шейнбаум 56 пайыз, сенатор Ксочитль Гальвес 30 пайыз добуш алган.

Ирандын президенти Ибрагим Раиси май айында тик учак кырсыгынан каза болгондон кийин кезексиз президенттик шайлоо өтүп, анда реформатор Масуд Пезешкиан жеңишке жеткен.

Венесуэладагы өткөн президенттик шайлоодо Николас Мадуро жеңип чыккан. Мадурого шайлоочулардын 51,2 пайызы добуш берген. Ал өлкөнүн азыркы президенти жана үчүнчү мөөнөт катары менен талапкер болгон. Ал президенттик кызматка 2013-жылы Уго Чавес каза болгондон кийин келген.

Ноябрь айынын башында АКШда президенттик шайлоо өтүп, мурдагы президент Дональд Трамп шайлоодо талап кылынган 270 шайлоочунун 295 добушуна ээ болуп, жеңишин жарыялаган. Байден Камала Харристин шайлоодогу жеңилүүсүн "өзгөчө жагдайлар" менен байланыштырган. Харрис жеңилгенин эл алдында моюнуна алган.

12 ай ичинде болгон ар кандай орчундуу окуялар

16-февралда орусиялык саясатчы Алексей Навальный Ямало-Ненец автономиялуу округундагы №3 түзөтүү колониясында каза болгону маалымдалган. Маалым болгондой, ал сейилдөөдөн келгенден кийин өзүн жаман сезип, андан кийин эс-учун жоготуп жыгылган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга аракет кылышкан, бирок Навальный ага карабастан каза болуп калган.

22-мартта Москвада "Крокус сити холл" концерттик залында теракт орун алган. Маалым болгондой, окуя "Пикник" тобунун концерти өтүп жаткан учурда болуп, анда белгисиз адамдар тарабынан ок чыгарылганы белгилүү болгон. Анда имартта жарылуу болуп, өрттөнүп кеткен. Бул каргашалуу окуядан көз жумгандардын саны 93кө жеткен. Арасында жаш балдар да бар. Ал эми жаракат алгандар 121 киши болсо, алардын 107си ооруканага жаткырылган.

2024-жылдын башынан азыркы күнгө чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армения ЖККУга мүчө болууну токтото тургандыгын айтып келүүдө. Анын айтымында, ЖККУнун 2021-2022-жылдары Арменияга карата бир нече пункттары толук аткарылган эмес. Премьер-министр бул абалды "байкабай коюуга болбойт" деп баса белгилеген.

14-апрелге караган түнү Иран алгачкы жолу камикадзе дрондору менен Израилдин аймагына чабуул жасалган. Анда Иран тарабынан 200дөй ракета жана учкучсуз учактар ​​учурулган. Иран бул чабуул жакында Израилдин Сириядагы Иран консулдугуна жасаган чабуулуна жооп экенин айткан.

Ал эми октябрь айынын башында Иран Израилдин аймагына 600дөй баллистикалык ракеталарын учурганы маалым болгон.

Грузияда миңдеген демонстранттар 30-апрелде Тбилиси шаарындагы парламенттин имаратынын алдына чогулуп, “Тышкы таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы чыгышкан.

Ошондой эле Грузияда парламенттик шайлоо 26-октябрда өткөн. Анын жыйынтыгы менен “Грузин кыялы” саясий партиясы 89 мандат, ал эми калган төрт оппозициялык партия 61 мандат алып калган.

Шайлоо өткөндөн кийин өлкө башчысы анын жыйынтыгын кабылдабай тургандыгын айтып, мыйзам бузуулар бар экендигин билдирген.

Бул арада Тбилисиде оппозициячы партиялардын тарапкерлери жана тарапташтары нааразылык акциясын уюштуруп келет.

2024-жылдын 23-июнунда кечинде куралдуу адамдар Дагестандын Дербент шаарындагы чиркөөгө жана синагогага, ошондой эле Махачкаладагы МАИ постуна кол салышкан. Атышуудан 25 адам каза болгондугу айтылган.

Ирандын мурдагы президенти Ибрахим Раиси 63 жашында авиакырсыктан каза болду. Ал 19-майда Азербайжандын президенти менен жолугушуудан кийин кайтып келе жатканда ал отурган тик учак эки өлкөнүн чек арасында кулап түшкөн. Борттогулардын баары каза болгон.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампка үгүт иштерин жүргүзүп жаткан учурда ага үч жолу кол салуу болгон. Биринчи кол салуу АКШнын Пенсильвания штатында Трамп шайлоо өнөктүгүндө сөз сүйлөп жатканда ага ок атылган. Андан кийинки кол салуу гольф ойноп жатканда гольф клубунун жанынан ок атышуулар угулганы маалым болгон. Ал эми үчүнчү кол салуу Трамптын митинги өтүп жаткан жерге жакын жерде кара жол тандабаста куралчан адам кармалганы белгилүү болгон.

Бангладеште 1-июлда башталган нааразылык акциясында 200гө жакын киши каза болгон. Анда нааразылык акциясына чыккан студенттер 1971-жылы Бангладештеги Эгемендик согушка катышкан ардагерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жумуш орундарынын 30 пайызы бөлүнгөн квота системасына каршы болушкан. Андан соң өлкөнүн Жогорку соту квотаны 7 пайызга чейин кыскартуу чечимин чыгарган, бирок бул нааразычылыкты токтоткон эмес.

Жай айларында Израилдин коргоо күчтөрү Ливандан атылган 55 ракетаны аныктаганын билдирген. Снаряддардын айрымдары жок кылынса, кээ бири Израилдин түндүгүндөгү ачык аймактарга түшкөнү такталган. Чабуулдан көп өтпөй Израилдин аскер-аба күчтөрү Ливандын ракеталык кампаларынын бирине сокку урган.


Балык жылында легендарлуу КВНдин негиздөөчүсү, алып баруучу Александр Масляков акыркы сапарга узаган. Ал 82 жашта болчу. Масляков эки жыл рак оорусу менен күрөшкөн. Ал бул илдетке 2022-жылы ковид оорусунан кийин чалдыккан. Алгач дарыгерлер өпкөсүндө шишик бар экенин аныктап, андан кийин анын залалдуу экенин тастыкташты.

АКШнын P.Diddy деген аты менен белгилүү рэп аткаруучусу Шон Комбс бир катар оор кылмыштарга, анын ичинде сексуалдык жана физикалык зомбулукка, адам сатууга жана сойкулукка азгырууга айыпталып кармалган. Бул жаңылык дүйнө жүзүн иренжитти. Учурда Комбс камакта, тергөө иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары Казакстанда 16 жаштагы Шерзат Болаттын бир бөтөлкө сыра үчүн өлгөн өлүмү коомдо резонанс жаратты. Окуя 4-октябрда Талгар шаарында орун алган. Анда кардарлар өспүрүмдүн үй-бүлөсү иштеткен дүкөндөн сприт ичимдиктерин алып, акчасын бербей коюшкан. Атасы менен кардарлардын ортосунда пикир келишпестик орун алып, алар тааныштарын чакырышкан. Алар эки унаа менен 13 адам болуп келишкен. Окуя андан ары чыңалып, Шерзат атасына болушуп, жүрөгүнө бычак менен жаракат алган. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Андан үч ай өткөндөн кийин 9-декабрда Талгар шаарынын жанынан 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал асынып алган. Каза болгон жаран Талгар шаарында өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын агасы экени белгилүү болгон. Бул окуя боюнча учурда тергөө иштери уланып, өспүрүмгө кол салгандар камакта.

Ноябрь айында Сирияда Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаган. Тактап айтканда, 27-ноябрда куралдуу козголоңчулар Сирия армиясынын Алеппо жана Идлиб провинцияларындагы тутумдарына каршы кеңири масштабдагы чабуулун баштаган. 7-декабрда алар бир нече ири шаарларды (Алеппо, Хама, Дараа жана Хомс) басып алышкан жана борбор калаа Дамаскка чейин кирип келишип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесинен Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын жарыялашкан. Ал эми Сириянын өкмөт башчысы Мухаммад Гази аль-Жалали бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө даяр экендигин билдирген. Президент Башар Асад өлкөдөн чыгып кетип, Орусиядан башпаанек алган. Андан соң Түркияга качкан сириялык качкындар өз мекенине кайтышкан.

Ал эми 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Ага ылайык, 4-декабрда Түштүк Кореянын Демократиялык партиясы өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлду аскердик абалдын киргизилгендигине байланыштуу кызматтан кетүүгө чакырып, импичмент жараянын баштай турушканын айтып бир канча жетекчилер отставкага кетишкен. Учурда бул окуя боюнча соттук териштирүү иштери жүрүүдө.

2024-жылдын соңунда Казакстанда Азербайжандын жүргүнчү ташыган учагы кырсыктады. Тактап айтканда, 25-декабрда Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта ​​кулап түшкөн. Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган. Буга чейин кырсыктаган учак Орусиянын жер-аба ракетасы менен атып түшүрүлгөнүн Euronews агенттиги Азербайжан өкмөтүндөгү булактарына таянып жазган болчу.

Андан бир жума өтүп-өтпөй эле Түштүк Кореянын да жүргүнчү ташыган учагы кырсыктап, экиге бөлүнүп калган. Тактап айтсак, Түштүк Кореяда 29-декабрда жүргүнчү учагы Сеулдун түштүк-батышындагы 288 чакырым алыстыкта жайгашкан Муан аэропортуна конуп жатып учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, тосмону сүзгөн. Түштүк Кореяга Таиланддан учуп келе жаткан учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгону маалымдалган. Жүргүнчүлөрдүн ичинен 173 адам Түштүк Кореянын, дагы экөө Таиланддын жарандары болчу. 181 адамдын ичинен 179 киши набыт болуп, экөө куткарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан