Биз социалдык тармакта
Кирүү
Сыр сөзүм кандай эле?
Каттоо
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
Саясат
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
СОТТУК ИШТЕР
Спорт
Элдик кабар
Супер-Инфо
Түркүн дүйнө
Тест куржун
“SUPER MEDIA” пресс-борбору
Сурамжылоо
Бизнес-Инфо
Ийгилик сыры
Эмгек жарчысы
Көз караш
Лонгрид
Президенттик шайлоо - 2021
Ийгилик жолунда
Адистен кеңеш
super.kg орусча
СУПЕР-ИНФО
Саясат
Шоу дүйнө
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Маданият
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Супер-Инфо 20 жашта
Көз караш
Эмгек жарчысы
SUPER.KG ВИДЕО
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жылдыз төлгө
Жан дүйнө
Ашкана сырлары
Эмгек жарчысы
Реалити-шоу
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
МЕДИА-ПОРТАЛ
Видеоклиптер
Аудиоклиптер
Элдик видео
Кинозал
КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫ
СЕРИАЛДАР
КОНЦЕРТТЕР
ЖЫЛНААМА
Суперстан
Информация о рекламе
Шоу дүйнө
АССОЛЬ КИЙИМДЕР КОЛЛЕКЦИЯСЫН ЧЫГАРДЫ
0
6363
Белгилүү телеалпаруучу жана продюсер Ассоль Молдокматова өзүнүн автордук кийимдер коллекциясын чыгарды. Бул коллекцияда бут кийим, жаңы стилдеги кыргыздын улуттук кийимдери, аксессуарлар бар. Айта кетсек, кийимдердин ар бири күмүш, малахит, шуру, рубин, коралл таштары менен кооздолгон. Ошондой эле кийимдердин кездемелеринин эле баасы 1500 сомго жетет. Ал эми даярдалган кийимдердин баасы...
№ 250, 17-23-август, 2007-ж.
ЧЫҢГЫЗ ЭМИ ЮРИСТ БОЛОБУ?
0
3748
Белгилүү ырчы, ди-джей Чыңгыз Мырзаев жогорку окуу жайга тапшыргандыгы жөнүндө бизге кабарлады. Болгондо да ырчы Улуттук университеттин юридикалык факультетине дароо эле 3-курска отурган экен. Албетте, кадимки студенттер катары тарых, кыргыз, англис тилдеринен экзамен берип өтүп кетиптир. Кошумчалай кетсек, Чыңгыз Жалалабаттагы Б.Алыкулов атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда 5-курста окуйт. “Артык дөөлөт баш жарбайт” демекчи, билим алуунун эч кандай зыяны жок”,- дейт ырчы.
№ 249, 10-16-август, 2007-ж.
АЗАТ ТЫНЧТЫКТЫ ТАНДАДЫ
0
4160
Буга чейин эле эл оозуна аздыр-көптүр алынып калган ырчы жигит продюсер Тынчтыкбек Кожобековго чыгармачылыкта чогуу иштешүү тууралуу сунушун киргизген эле. Ал жак, бул жагын бир топ ойлонгон Тынчтыкбек акыры макул болуп, азыр бул экөөнүн чогуу иштешип жаткан учуру. Азат шоу-бизнесте буга чейин кыскача гана Азат деген ат менен белгилүү болгон болсо, эми сахнага Тынчтыктын сунушу боюнча Азат Болотбек деген ат менен чыкмакчы. Экөө чогуу иштеше баштагандан бери...
№ 248, 3-9-август, 2007-ж.
МИРБЕК РЭППЕР БОЛУП КЕТТИБИ?
0
4392
Жаш ырчы Мирбек Атабековдун ырдоо стилин өзгөрткөндүгү тууралуу редакциябызга ырчынын продюсери Канат Култаев билдирген эле. Канаттын айтуусуна караганда, эми Мирбек эстрадалык ырлардан тышкары рэп стилиндеги ырларды да ырдайт жана учурда бир топ ырларды жаздырып бүткөн. Ырчынын өзү менен байланышканыбызда ал: “Адам өсүү менен бирге өзгөрүп да туруусу керек. Ошондуктан, бир эле калыпта жүрө бербей, күйөрмандарыма жаңы ачылыш тартуулоону туура көрдүм. Учурда элдин суранычы боюнча “Алтын энем” деген ырыма клип тарттырып жатам...
№ 247, 27-июль-2-август, 2007-ж.
ЖАКУТ АВТОКЫРСЫККА КАБЫЛДЫ
0
5109
Кызыл гүл көтөргөн куудул Жакут сыдыков 10-июль күнү кечинде автокырсыкка кабылды. Бул кырсык Бишкектин Совет жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде куудул менчик машинасы менен кетип бара жатканда болгон. Натыйжада, Жакуттун эки жамбашы сынып, машинасы жараксыз болуп калды. Учурда куудулдун ооруканада дарыланып жаткан кези. Жаңы түзүлгөн тандемдеши Назира Жетигенова Жакуттун абалын сурап, эки бутунун бири ооруканада болуп...
№ 246, 20-26-июль, 2007-ж.
САНЖАР ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫ ТАШТАЙТ
0
2922
Бир кездеги ичкиликтен да, тамекиден да баш тартпаган шок жигитибиз Санжар Бердибеков жашоо образын өзгөрттү. Дегеним, Санжар азыр беш убак намаз окуп, эки сөзүнүн биринде “иншалла” сөзүн кайталап, теспе кармап отурган кези. Эми Санжар чыгармачылыгын да биротоло таштоо алдында турат. Август айында Россияга гастроль менен барып, ал жактагы кыргыздарга концерт коюу менен бирге мекендештерин дааватка чакырып келмекчи. Ушундан соң Санжарды сахнадан эмес, мечиттен гана кезиктирип калат өңдөнөбүз.
№ 245, 13-19-июль, 2007-ж.
САЙКАЛДЫ АПАСЫ НАЧАР ОКУГАНЫ ҮЧҮН ЖАЗАЛАДЫ
0
4028
Легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун көкүрөк күчүгү Сайкалды Жаңы Жылдын астында өткөн концерттердин ар биринен көрчүбүз. Ошондон бери Сайкал концерттерге эмне эле такыр чыкпай калды десек, ыр деп жүрө берип сабакка такыр көңүл бурбай, чейректери жалаң “3” болуп кеткен экен. Мындай кылыгына апасы Гүлшайыр эже нааразы болуп, Сайкалды сахнага чыгарбай, сабакты жакшы окуусун талап кылган. “Кызымды сахнага 6-7 ай жолотпой койсом бук болуп кетти. Азыр экзамендеринин баары бүттү жана жылдык баалары...
№ 244, 6-12-июль, 2007-ж.
АИДА БАЯКОВА ЫРЧЫЛЫККА ӨТТҮ
0
3911
Белгилүү скрипкачы Аида Баякова “башкалардан эмнем кем?” деп ырдоого багыт алды. Бул Аиданын капысынан чыгарган чечими эмес. Ал мындай кадамга көптөн бери даярданып, вокалдан сабак алып жүргөн. Азыр Аида биринчи ырларын камдап, убактысынын көп бөлүгүн үн жаздыруучу студиялардан өткөрүп жаткан кези. Скрипкачынын жакында өзүнүн классикалык концертин бергенин, жакын арада дагы бир концертине...
№ 243, 29-июнь-5-июль, 2007-ж.
СУЛТАН ЖАҢЫ ТЕМИР ТУЛПАРЛУУ БОЛДУ
0
6514
Жаш ырчы Султан Садыралиев жаңы машиналуу болду. Бул жашыл түстөгү “БMB” маркасындагы темир тулпарды ырчы жакында болуп өткөн концертинен түшкөн акчага сатып алды. Ал эми мурунку машинасын азырынча сата элек. Продюсери Динара Эсенгулованын машинасы оңдоочу жайда болгондуктан, ырчынын эски “Мазда” маркасындагы машинасын Динара айдап жүрөт. Продюсери машинасын оңдоочу жайдан алаары менен Султан...
№ 242, 22-28-июнь, 2007-ж.
«АЛТЫН КЕЧ-2007» ДОЛБООРУ БОЛБОЙ КАЛДЫ
0
3390
Достор Тынчтыкбек Кожобеков менен Съездбек Искеналиев “Алтын кеч-2007” жаңы долбоорунун үстүндө иштеп жатышканын буга чейин бизге айтышкан эле. Тилекке каршы, бул долбоор быйыл аягына чыкпай калды. Мунун себебин уюштуруучулар: “Долбоорду өтө эле кеч баштап алыптырбыз. Көрсө, бүтүрүүчүлөр 2-3 ай мурун эле өздөрү уюштурган кечелерге акчаларын чогултуп коюшуптур. Биздин билет...
№ 241, 15-21-июнь, 2007-ж.
МИРБЕК КЫРГЫЗСТАНДЫ КЫДЫРАТ
0
3576
Мирбек Атабеков продюсери менен кошо түштүккө болгон гастролун баштады. 7-июнда өткөн гастролдун алгачкы күнү Токтогул жергесинен башталды. Эми ырчы түштүктүн чоң-чоң шаарларынан тартып райондун борборлоруна чейин барып, Баткенден кайтып келет. Андан соң түндүк жергесин кыдыруу башталат. Ошентип, бир айга уюшулган гастроль аягына чыккан соң Мирбек чакыруу боюнча...
№ 240, 8-14-июнь, 2007-ж.
АНЖЕЛИКА ЕГИПЕТТЕН КЕЛДИ
0
10834
Жыл жаңыраарда Анжелика Урмат аттуу жигит менен баш кошуп, турмуш жолуна аттанган эле. Үйлөнүү тоюнда жаш жубайларга туугандары Египетке жолдомо белек кылышкан. “Жолдошум менен дүйнөнүн эң кооз жерлеринин бири Каирде бал айыбызды өткөрүп келдик»,-дейт ырчы бул тууралуу. Учурда Анжелика бактылуу эс алуудан келип, бүтүрүү экзамендерине кызуу даярдык көрүп жатат. Келечекте...
№ 239, 1-7-июнь, 2007-ж.
Съездбек Искеналиев: «ӨМҮР БОЮ ЭСТЕ КАЛААРЛЫК ШОУ ӨТКӨРӨБҮЗ»
0
5845
Тынчтыкбек Кожобеков менен Съездбек Искеналиев бүтүрүүчүлөр үчүн уюштуруп жаткан бул кече Кыргызстанда биринчи жолу өткөнү турат. Бул кечеге келгендер жөн гана көңүл ачып кетишпестен, дал ушул жерден өздөрүнүн келечегине алгачкы кадамдарды ташташы мүмкүн. Кандайча дейсизби? Ал жөнүндө сизге бул долбоордун уюштуруучуларынын бири...
№ 238, 25-31-май, 2007-ж.
ТЫНЧТЫК МЕНЕН СЪЕЗДБЕК “АЛТЫН КЕЧЕ” УЮШТУРУШАТ
0
3782
Белгилүү ди-джей Тынчтыкбек Кожобеков менен ырчы Съездбек Искеналиев бүтүрүүчүлөргө арнап “Алтын кече-2007”деген аталыштагы кече уюштурушат. Бул салтанат “Алтын казына” ресторанында 21-июнь күнү өтүп, каалоочулар билет сатып алып киришет. Ошондой эле бул кечени белгилүү ырчы, актёр, таланттуу инсандар коштомокчу. Бүтүрүүчүлөр кечесинде ар кандай конкурстар уюштурулуп, баш байгеге миң доллар коюлат. Андан сырткары, кийинки жеңүүчүлөргө...
№ 237, 18-24-май, 2007-ж.
“Боз салкын” фильминин режиссёру Эрнест Абдыжапаров: «ОРТО ЖОЛДО УУРУЛАРДЫ БАГЫП ЖАТАБЫЗ»
2
7143
Акыркы жылдарда кыргыз киносу кайра жанданып, кинотеатрга барып эс алууну унута баштаган биздин муундардын кайрадан кинотеатрларга агыла баштаганы жүрөк кубантаарлык иш болууда. Белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун ырчы жигит Съездбек Искеналиев баш каармандын ролун аткарган “Боз салкын” фильми профессионалдуу деңгээлде тартылган кыргыз фильмдеринин катарын толуктайт. Өкүндүргөн нерсеси – дал ошол мыкты фильмдин журтчулукка өз деңгээлинде...
№ 236, 11-17-май, 2007-ж.
ДИНАРА ЭСЕНГУЛОВА БИЗНЕСМЕНГЕ КҮЙӨӨГӨ ЧЫГАТ
0
10229
Белгилүү продюсер, “Улуттук хит-параддын” жетекчиси Динара Эсенгулова продюсерликти таштайт. Себеби, Динара эженин болочок жолдошу “продюсерлигиңди ташта, гастролдоп жүргөнүң болбойт” деп шарт коюп жатат. Ал эми эженин жеке жашоосун же продюсерликти тандай албай башы ооруп турган кези. “Азырынча менин окутуп жаткан балдарым өзүнчө чыкканга даяр эмес. Айрыкча Кайрат менен Бегимай. Аларды жалдыратып калтыргым да келбей жатат. Бирок, аялзаты үчүн үйбүлө...
№ 235, 4-10-май, 2007-ж.
КАМЧЫ САРЫБАЕВ: «КОНЦЕРТКЕ ЖАЛАҢ ПРОФЕССИОНАЛ КУУДУЛДАР КАТЫШАТ»
0
7724
Бир топ белгилүү кыргыз фильмдеринде, рекламалык роликтерде жана клиптерде ролдорду жараткан актёр, “Дем” театрынын бир жигити Камчы Сарыбаев өзүнүн жеке концертин берүү алдында турат. Белгилүү актёрдун концерти кандай болооруна кызыгып, аны чакан маекке чакырдык.
№ 234, 27-апрель-3-май, 2007-ж.
КАНАТ КУЛТАЕВ: «АРЗАН БААГА САПАТСЫЗ КОНЦЕРТ БЕРИП КАЧАНГА ЧЕЙИН ЖҮРМӨК ЭЛЕК?»
0
6411
Жакында жаш ырчылардын продюсерлери борбордо болуучу концерттердин баасын көтөрүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. сүйлөшүүнүн акырында келген жыйынтык боюнча, эми концерттерге мурдагыдай 100 сомдон эмес, 200 сомдон кирет экенбиз. Көтөрүлгөн бул маселе боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн идеянын «автору» , ырчы Мирбек Атабековдун продюсери...
№ 233, 20-26-апрель, 2007-ж.
ЖАНАРА «НБТга» КЕТТИ
0
5130
Жагымдуу үнү менен борбор калаабыздагы угармандардын көңүлүн көтөрүп келген “Кыргызстан Обондору” радиосунун ди-джейи Жанара Атабекова 1-мартта расмий түрдө радиодон кетти. Бирок, «жакшы көргөн ди-джейимдин үнүн укпай калам» деп чочулаган күйөрмандары кам санабай эле койсо болот. Анткени, Жанараны жакында «НБТ» телеканалынан көрө алабыз. Эми Жанара теледе музыка тармагында эмес, маалымат кызматында иш алып барат. Азыр Жанара аталган телеканалдын “кухнясын” ...
№ 232, 13-19-апрель, 2007-ж.
МИРБЕК АЛМАТЫГА КЕТПЕЙ КАЛДЫ
0
4225
“Мирбек Атабеков эми ырдабайт экен, чыгармачылыгын Казакстандан улантат экен” деген маалымат тараганда айрымдар таң калса, көпчүлүк өкүнүп калган эле. Бекер эле таң калып, бекер эле өкүнүптүрбүз. 2-апрель күнү Мирбектин тагдыры оң жакка чечилди. Ал эч жакка кетпей, мурдагыдай эле чыгармачылык менен алпурушуп, продюсери Канат Култаев менен түзүлгөн келишимин уланта бермей болду. Бул...
№ 231, 6-12-апрель, 2007-ж.
АЙЧҮРӨК “БИТЕЛДИ” СОТКО БЕРДИ
0
3682
Ырчы эжекебиз Айчүрөк Иманалиеванын өткөн жылдын күз айларында Цирк имаратында өзүнүн жеке концертин бергени күйөрмандарынын эсинде болсо керек. Ошол концертке катарлаш эле Россия ырчысы Серёганын да “Бител” компаниясы уюштурган концерти болгон. Ошондо Айчүрөк айым менен компаниянын ортосунда өз ара келишпестиктер келип чыккан экен. Анткени, шаар боюнча илинген Айчүрөктүн афишаларынын үстүнө “Бител” компаниясы Серёганын афишалары...
№ 230, 30-март-5-апрель, 2007-ж.
МИРБЕК МЕНЕН ИРЛАН ФОНОГРАММАНЫ ТАШТАДЫ
0
3860
Мирбек Иманбеков, Ирлан Таалайбеков өңдүү учурдун популярдуу ырчыларына колдоо көрсөтүп келе жаткан белгилүү продюсер Асыл Аппасова мындан кийин балдарын жандуу үн менен ырдатууну көздөөдө. Башкача айтканда, эми концерттерде бул ырчылар фонограммасыз ырдашат. Себеби, учурда жандуу үн менен ырдаган ырчыларды эл сагынып жаткандыктан, элдин талабына жооп берүү максатын...
№ 229, 17-29-март, 2007-ж.
ЗАМИР МЕНЕН МИРБЕК ДУЭТ ЖАЗДЫРЫШУУДА
0
3838
Эстрада-фольклор ырчысы Замир Арыкбаев менен жаштардын сүйүктүү ырчысы Мирбек Атабеков “Күйөө жолдош баламын” аттуу дуэт жаздыруунун үстүндө иштешүүдө. “Менин стилим фольклорго, ал эми Мирбектики эстрадага ылайыктуу. Эки стилдин ортосунан оригиналдуу обон жаратууну максат кылып, биргеликте иштөөнү чечкенбиз” дейт Замир Арыкбаев. Буюрса, эки таланттуу ырчы жигиттин дуэти...
№ 228, 16-22-март, 2007-ж.
УРМАТ 2,5 СУТКА КАР КӨЧКҮДӨ КАЛДЫ
1
5287
Популярдуу ырчы Урмат Усеновду Кудай бир сактады. Карга чөмүлгөн тоолордун арасындагы 30 градус суукта, нан-суусуз 2,5 сутка отуруш оюн эмес да. Урмат жашоонун дал ушундай чоң сыноосуна кабылды.25-февраль күнү Урмат эжеси Элизаны машинасына салып алып, карындашынын тоюна Таласка аттанган. Таластын айтылуу Өтмөк ашуусун ашып калган кезде тоодон көчкү түшүп...
№ 227, 9-15-март, 2007-ж.
ШАЙЫРБЕК ЛЕЙТЕНАНТ НААМЫН АЛДЫ
0
4890
“Добуш” берүүсүнүн автору Шайырбек Абдырахман уулу кенже лейтенанттан лейтенантка көтөрүлдү. 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Шайырбектин аскер турмушун чагылдырган, жоокерлерге арналган берүүсүнө көпчүлүк күбө болсо керек. Дал ошол мекен коргоочулардын жашоо шартын, аскердик тартипти чагылдырган берүүсү үчүн 22-февраль күнү Коргоо министри Шайырбекке лейтенант наамын ыйгарды. Наамды алпаруучунун колуна Коргоо министринин орун басары тапшырды. 23-февралда бул Шайырбек үчүн...
№ 226, 2-8-март, 2007-ж.
ЫРЫСКЕЛДИ ЖАШ ЫРЧЫЛАР ҮЧҮН СТУДИЯ АЧАТ
0
4331
Ырыскелди Осмонкулов азыркы чыгып жаткан жаш ырчылардын чыгармачылык деңгээлинин төмөндүгүн, мамлекеттик каналдын көңүл ачуучу программаларынын бардыгын алар бир-эки ыры менен ээлеп алышканына нааразылыгын билдирип: “Жаш ырчылардын чыгып жатканы бардыгыбызды эле кубантат. Бирок, музыкалык билими жок, казак, өзбектердин ырларын которуп алып ырдагандары, үнү...
№ 225, 23-февраль-1-март, 2007-ж.
ЮЛЯНЫН КЛИБИНИН БЕТ АЧАРЫ БОЛУП ӨТТҮ
0
3580
Белорус кызы болсо да Бишкекте жашап, кыргыз тилинде эркин сүйлөп, ырдап айырмаланган Юля Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр” деген ырын ырдап, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Эми Юля Руцкая “Кызыл гүл менмин, кызыл гүл” деген кыргызча ырына клип тарттырды. Клипти кыргыз-казак режиссёру Азарио Майнтеги, оператор Айбек Жангазиевдер тартышты. Башкы ролду казактардын белгилүү продюсери, режиссёру...
№ 224, 16-22-февраль, 2007-ж.
АСЕЛ ТУРДАЛИЕВА ДЕКАН БОЛДУ
0
5359
Тыпылдаган ырчы Асел Турдалиева ырчылыктан сырткары Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда мугалим болуп иштеп келатканы белгилүү. Өзүнүн эмгекчилдигинин аркасында ырчы кызматынан көтөрүлдү. Тактап айтсак, аталган институттун хореография факультетинин деканы болуп дайындалды. Мындай жоопкерчиликтүү ишти ырчынын аркалаганына аз эле убакыт болду. Бул кабардан улам Асел айымдын күйөрмандары: “Эми сахнага чыкпай калабы?” деп чочулабай эле коюшса болот. Анткени, Асел...
№ 223, 9-15-февраль, 2007-ж.
УРМАТ “ТУМАР КЫЗЫНА” КЛИП ТАРТТЫРДЫ
0
4206
Жаш жылдыздардын “мачосу” Урмат Усенов өзүнүн “Тумар кыз” деген ырына клип тарттырды. Ырчынын продюсери Ассоль Молдокматова жана Түркиядан келген Урматтын түрк улутундагы досу Фатих режиссёрдук ишти аткарышты. Мурунку клиптеринде Урмат өзү башкы каарманды ойносо, бул сапар башкы ролго атайын кастинг аркылуу бир кыз жана бир жигит тандалып алынды. Клипти Урматтын күйөрмандары...
№ 222, 2-8-февраль, 2007-ж.
АССОЛЬ “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИСИ” НААМЫН АЛДЫ
0
4121
Бир канча наамдардын ээси болуп келген Ассоль айым дагы бир наамга татыктуу болду. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Телерадиокомпаниясы ага “Жылдын мыкты жетекчиси” деген наам ыйгарды. Анткени, Ассоль өткөн жылы бир нече долбоорду түзүп сунуштап, анан кайра аларды иш жүзүнө ашырууга жетишкен. Ассоль продюсерлик кылган ар бир берүү элдин купулуна толуп, арзууга татып келе жатканы талашсыз. Ал эми жакында “Азия-Курулуш” компаниясынын президенти...
№ 221, 26-январь-1-февраль, 2007-ж.
ТЕМИР ТАЛАНТТЫН КОНЦЕРТИНЕ КОНОК КАТАРЫ КЕЛЕТ
0
4338
Өткөн саныбызда куудул Талант Анарбаев менен ырчы Темир Назаровдун концерти болот деген жарыя берген элек. Бирок, Темир биз менен байланышып, бул концертке конок катары гана катышаарын билдирди. Көрсө, ырчы менен куудул өз ара келишим түзүшүп жатканда түшүнбөстүктөр болуп кеткен экен. Бул концертте Талант жана анын “Талант-шоу”деген тобунун жаңы сатира, ыр-күлкүлөрү жаңырат. Ал эми көпчүлүктүн...
№ 220, 19-25-январь, 2007-ж.
НУРДӨӨЛӨТ “БИТЕЛДИН” БАЙГЕСИН УТУП АЛДЫ
0
5035
“Апамдын махабаты” фильминде мугалимдин ролун аткарган “Учур” телетеатрынын актёру Нурдөөлөт Копоевди жакындан бери Кыргызтелекомдун рекламалык роликтеринен да көрүп жүрөбүз. Чыгармачылыктын үстүндө тынбай эмгектенген актёр “Бител” компаниясы уюштурган Жаңы Жылдык SMS лотереяга катышууга да жетишкен. Актёрдун айтуусу боюнча, ал өмүрүндө бир да жолу лотереядан утуп көргөн эмес. Бирок, эмнегедир бирдемени сезгенсип, “Бителдин” SMS лотерея...
№ 219, 12-18-январь, 2007-ж.
АСЕЛДИН СУМКАСЫ ЖОГОЛДУ
0
4908
Спорт Ордосунда Мерген Тургандын жаңы жылдык шоу-концерти өтүп жаткан учурда Асел Турдалиеванын сумкасы жоголгон. Окуя мындайча болгон. Мергендин концертине чакырылган Асел сахнага даярданып жаткан гримденүүчү бөлмөгө Райхан Абдувалиева кирип келет. Аңгыча Аселди сахнага чакырып калышат. Асел сахнага кетип жатып, Райхан эжесине сумкасын бекитип коюусун өтүнөт. Ырчы сахнага кеткенде ырчылар менен аралашып эле жүргөн...
№ 217, 29-декабрь-4-январь, 2007-ж.
ЖЫЛДЫЗ КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗДАРДАН ГҮЛ ОРДУНА АКЧА АЛДЫ
0
8584
Жылдыз Тутуева жакында «Биз» тобу менен бирге кытайлык кыргыздарга барып, өнөрүн тартуулап келди. Буларды ал жакка «Биз» тобунун жетекчиси Бактияр Токторовдун санаалаш достору чакырышкан. Жылдыздын айтканына караганда, ырчылардын аткарган ырларын ар бир кытайлык кыргыздын жылуу кабыл алып жатканы жана кыргыз ырларын ушунчалык сагынып калышкандыгы жүздөрүнөн байкалып турган. «Көрсөтүшкөн урмат-сыйына рахматтан башка айтаар сөзүбүз жок» дейт ырчы. Өзгөчө...
№ 216, 22-28-декабрь, 2006-ж.
МАКСАТ КЫЗЫНА 700 ДОЛЛАРЛЫК СӨЙКӨ САЛДЫ
0
4696
Көпчүлүк кыздардын жүрөгүнө чок салып келаткан ырчы жигит Максат Бегалиевдин үйлөнүү тою күз этектеп болоору тууралуу сандарыбыздын биринде айтып өткөн элек. Бирок, «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, Максаттын тою жазга жылып кетти. Анткени, ырчы өзүнүн жеке концертин берип, андан кийин үйлөнүүнү пландап жүргөн. Концерт берүүгө даярдыгы көңүлүнө толбогондуктан, ырчы концертин жылдырууга аргасыз болгон. Учурда Максат Москвадагы досторуна барып...
№ 215, 15-21-декабрь, 2006-ж.
ЭРНЕСТ ЖАҢЫ ФИЛЬМДЕР МЕНЕН КОШО ЫР-ОБОНДОРДУ ЖАРАТУУДА
0
3646
Тарткан фильмдери үчүн 4 Гран-прини жана 20 атайын байгени, көптөгөн грамоталарды жеңип алган Эрнест Абдыжапаров учурда «Махабат жылдызы» фильмин тартып жатат. Фильмдеги ролдорду «Боз салкынга» тартылган актёрлор жаратып жатканын баса белги-леп кетели. Мындан тышкары «Байкуш Татьяна» аттуу 10 мүнөткө созулган новелла фильми жакында эл аралык кинофестивалга каты-шат. Пикирлерге караганда, фильмдин аталган фестивалдан ий-гиликке...
№ 214, 8-14-декабрь, 2006-ж.
СЫЙМЫК ЖАҢЫ ТЕМИР ТУЛПАРЛУУ БОЛДУ
0
3771
Күзү менен гастролдоп концерт коюп жүргөн Сыймык Бейшекеев үйүнө келип эс алган соң, жаңы машина сатып алып отурат. Тагыраак айтканда, мурунку «Мерседес» маркасындагы машинасын сатып, эң «крутой» деп саналган машинелердин бири «Тойота Лексус» марка-сындагы машинага ээ болду. Учурда күмүш түстүү жаңы темир тул-парын Бишкектин көчөлөрүндө зуулдата айдаган ырчынын кубанып жүргөн...
№ 213, 1-7-декабрь, 2006-ж.
ГҮЛМИРАНЫ АЛА КАЧКАНЫ ЖАТЫШАТ
0
12547
Элибизге «кичинекей Гүлмира» деп таанылган ырчы кызыбыз өзүнүн бойго жеткенин эми даана сезди. Анткени, Гүлмиранын айтуусу боюн-ча, Кыргызстандын төрт тарабынан тең колун сурап келгендер күн-дөн-күнгө көбөйүп баратат. «Буга чейин төрт-бештен ашык жуучулар келишти. Кыргыз эли меймандос калк эмеспизби, акырын түшүндүрүп гана бардыгын сыйлап узатып жатабыз. Келген жигиттердин ар бири менен таанышып, сүйлөшүп...
№ 212, 24-30-ноябрь, 2006-ж.
МИКАЭЛЬ АВТОКЫРСЫККА КАБЫЛДЫ
0
3910
Нурлан Мамакеевдин продюсердик борборуна көз тийдиби, айтор, жакында эле Максат Бегалиев менен Азиз Жетигенов автокырсыкка учураса, бул ирет Микаэль жол кырсыгына кабылып отурат. Жаш ырчы катуу ылдамдыкта келатып көчөнүн кесилишинен кымбат баалуу «Тойота Лексус» маркасындагы машинаны сүзүп алган. Кырсык болгон учурда ырчынын жанындагы дос кызы катуу чочуп калгандыктан, ал тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Микаэль жол эрежесин...
№ 211, 17-23-ноябрь, 2006-ж.
АЛЕКСЕЙДИ «ХИТ-ПАРАДДАН» КИМ КЕТИРДИ?
0
5190
Алексей Филатов «Хит-парад» берүүсүнөн кетип, НБТ каналында «Жаңы жылдыз НБТ» берүүсүн алпарып жатканы белгилүү. Алек-сейдин «Хит-параддан» кетүүсүнүн себебин билгиси келгендер көп. Мунун себебин Лёша өзү: «Акыркы учурда мен «Хит-парадды» ал-паргым келбей калган. Анткени, башында чыныгы мыкты делгендер катышып келсе, кийинки учурда ырдай алганы деле, ырдай албаганы деле чыга баштады. Ушундан улам менде нааразычылык жаралды. Мындай көрүнүш менин да, «Хит-параддын» да...
№ 210, 10-16-ноябрь, 2006-ж.
ЧЫҢГЫЗГА ӨЗГӨЧӨ НОМЕРЛҮҮ МАШИНАНЫ КИМ БЕЛЕК КЫЛДЫ?
0
5233
BДИ-ДЖЕЙ B да... Андан алынды. сатылып акчага түшкөн концерттен күнкү биринчи ал машина, го Машина кылды. белек машинаны маркасындагы «Гольф-3» сахнадан ырчыга Адамов Ильяс продюсери Чыңгыздын Себеби, болду. окуя күтпөгөн өзү Чыңгыз эмес, эле эл күнү экинчи концерттин Ушул кетели. айта өзгөчөлөнгөнүн концерттерден башка түшүп, шыптан каармандын» «баш башталышында Концерттин чогултту. элди коюп концерт башында жуманын ушул Мырзаев ырчы жана
№ 209, 3-9-ноябрь, 2006-ж.
СЪЕЗДБЕК «АРДАК ГРАМОТАСЫ» МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ
0
4535
Мукам обондору жана аткаруучулук чеберчилиги менен көпчүлүккө таанымал жаш ырчы Съездбек Искеналиев жакында 21-22-октябрда Жалалабат шаарында болуп өткөн «Кыргызстан обондору, Токтогул-2006» фестивалына өзүнүн «Эсимде» жана жаңы «Арзуу» аттуу ыры менен катышып, чоң ийгиликтин ээси болуп кайтты. Анткени, фестивалдын аягында Жалалабаттын губернатору Съездбектин кайталангыс талантын баалай тургандыгын билдирүү иретинде ырчыга өз колу менен «Ардак грамотасын» тапшырды.
№ 208, 27-октябрь-2-ноябрь, 2006-ж.
ИБРАГИМ ЖУНУСОВ ТАЯТА БОЛДУ!
0
6234
Ибрагим Жунусов жакында эле Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алып, кубанычы тарай электе кубанычына кубаныч кошулуп минтип жээн-неберелүү болуп отурат. Улуу кызы Асел кыздуу болуп, атын Асема деп коюшту. Бул Ибрагимдин биринчи небереси. Небере таттуу болот демекчи, ырчы азыр кызыл эт ымыркайга ичи элжиреп турган чагы. Асел азыр ата-энесинин үйүндө. Баланы кырк күндөн кийин Бишкекке...
№ 207, 20-26-октябрь, 2006-ж.
МИРБЕК 1500 ДОЛЛАРЫН УУРДАТЫП АЛДЫ
0
4640
Жаш жылдыз Мирбек Атабеков борбордо жакында эле аншлаг менен концерт бергени ыр күйөрмандарынын эсинде болсо керек. Мына ошол концерттен түшкөн кирешеге «Мерседес» маркасындагы машина сатып алам деп тилек кылып жүргөндө Мирбек акча алмаштыруучу жайдын жанынан 1500 долларын уурдатып алды. Натыйжада, акчасы жетпей, машина ала албай калды. Бирөөнүн ак эмгеги менен тапкан акчасы башкага буюрмак беле, муну укканда ууруну...
№ 206, 13-19-октябрь, 2006-ж.
ИЛЬЯЗ БИР КҮНДҮК КОНЦЕРТИНИН АКЧАСЫНА МАШИНА САТЫП АЛДЫ
0
4327
Учурда «Арманым» деп өзү эле сыздабай, канчалаган кыздарды кошо сыздаткан жаш ырчы Ильяз Абдыразаков жакында эле эки күндүк жеке концертин аншлаг менен бергени көпчүлүккө маалым. Таланттуу жигит концертинин биринчи эле күнүнөн түшкөн кирешеге «Кыз-Бурактын» жетекчилери Гүлшайыр Садыбакасова жана Кенже Дүйшеева менен автобазарга барып, «Гольф-3» маркасындагы өзүнө жаккан машинаны сатып алды. Машинанын баасы...
№ 205, 6-12-октябрь, 2006-ж.
МАКСАТ БЕГАЛИЕВ ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНА КАМ КӨРҮҮДӨ
0
4894
Көптөгөн кыздардын жүрөгүнө чок салып келаткан ырчы жигит Максат Бегалиевдин никесиз балалуу болгону тууралуу маалымат гезит беттерине жарыяланган. «Бул эч кандай чындыкка жакын эмес, муну ким чыгарганын жана ким тарабынан таркатылган ушак экенин билбейм. Анан дагы мындай ушак сөздөр мага эч зыян алып келбейт» дейт ырчы өзү. Учурда Максат үйлөнүү тоюна камдануу үчүн чыгармачылыгына байланыштуу иштерин эртерээк бүткөрүү менен алек болууда. Ушул айды этектеп Максат...
№ 203, 22-28-сентябрь, 2006-ж.
ТЕМИР ЮЛДУЗ УСМАНОВА МЕНЕН ИШТЕШЕБИ?
0
4994
Таланты менен көпчүлүккө таанылган жаш ырчы Темир Назаров Ташкент шаарына барууну пландаштырууда. Ал жерден өзбек эстрадасынын жылдызы, атактуу Юлдуз Усманованын мыкты деп эсептелген аранжировщиктери Темирдин эки ырына аранжировка жасап беришмекчи, болгондо да чыгыш стилинде болмокчу. Андан кийин Темир ордолуу Ош шаарына кайтып келип, бул ырларга жогорку деңгээлдеги жаңы клиптерди тарттырууну көздөп жатат.
№ 204, 29-сентябрь-5-октябрь, 2006-ж.
СЪЕЗДБЕК «ЭРКИНЕН АЖЫРАДЫ»
0
4360
Ооба, ошондой болду. Бирок, албетте, жакшы маанисинде. Башкача айтканда, Съездбектин баягы барам деген жагына барып, кылам дегенин кылган бойдокчулук мезгили артта калды. Ырчы жигит ушул жуманын дүйшөмбү күнү өзү сүйгөн сулууга баш кошуп, бир үйбүлөнүн кожоюну болуп калды. Эми Съездбектин популярдуулугу артып, ырлары биринин артынан бири жарыкка чыгаар бекен же тескерисинче, сахнаны акыркы планга калтырып коёр бекен? Албетте, аны...
№ 202, 15-21-сентябрь, 2006-ж.
АКБАР СҮЙҮНБАЕВГЕ 10 МИҢ СОМ САЛЫК САЛЫШТЫБЫ?
0
3771
Ырчы Акбар Сүйүнбаевди белгисиз бирөөлөр аркылуу ушуну менен экинчи жолу коркутуп жатышыптыр. Биринчи жолкусунда Көлдө ашканада тамак ичип отурган жеринен бейтааныш үч жигит чакырып кетишкен да, акча доолашыптыр. Анысында го Акбар эптеп жакшы сүйлөп, ийге келтирген экен. Экинчи жолу болсо Бишкекте Спорт Ордосунан концерттен чыкса, башка бейтааныш балдар жолдун четинде токтоп турган номери жок кара түстөгү эки «Мерседеске» ээрчитип барышыптыр. Анда күтүп отурган...
№ 201, 8-14-сентябрь, 2006-ж.
ИБРАГИМ ЖУНУСОВ ЭЛ АРТИСТИ НААМЫНА ЭЭ БОЛДУ
0
9316
Жакында Эгемендүүлүк күнүнө карата мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров ар тармактын ишмерлерине, анын ичинде маданий ишмерлерге да наамдарды тапшырды. Атай кетсек, композитор жана аткаруучу Ибрагим Жунусов менен Кыргызбай Осмонов Кыргыз Республикасынын эл артисти деген наамга ээ болушса, эстрада ырчылары Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Асел Турдалиева, Дилшат Кангелдиева жана продюсер Ассоль Молдокматовалар президенттин Ардак Грамотасына ээ болушту.
№ 200, 1-7-сентябрь, 2006-ж.
АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ АЛТЫ ЖЫЛКЫ СОЮП ТОЙ БЕРДИ
0
15447
Куудул Абдылда Иманкулов жакында өзү төрөлүп-өскөн Токтогул районунун Тоолук айылына барып, ата-энесинин 70 жылдык жана үйлөнгөндөрүнүн 50 жылдык кош майрамын белгилеп чоң той берип кайтты. Баргандардын айтуусуна караганда, той үч күнгө созулган жана анда алты жылкы союлуп, он чакты боз үй тигилиптир. Абдылданын ырчы-куудул 30 сахналаш досу да бул тойго катышып кайтышты. “Той Көкөтөйдүн ашындай...
№ 199, 25-31-август, 2006-ж.
МИРБЕК АТАБЕКОВ “АЙКӨЛ ЖАЗЫНА” НААРАЗЫ
0
868
Августтун 10-11-12синде Ысыккөлдүн Бөкөнбаев айылында “Айкөл жазы” аттуу эл аралык фестиваль болуп өттү. Ага аты элге таанымалдар да, таанымал эместер да болуп бир топ жаш ырчылар катышышты. Алардын арасында “Сени гана” ыры менен элге таанылган жаш ырчы Мирбек Атабеков да бар эле. Бирок, Мирбек өзү ээ болгон 3- орунуна ыраазы болгон жок. Мирбектин айтуусу боюнча, фестиваль өтө эле адилетсиз өтүп, орундардын баары ...
№ 198, 18-24-агуст, 2006-ж.
Бактыгүл Бадыева: «СҮЙГӨНҮМ МЕН ҮЧҮН ГҮЛ УУРДАГАН»
78
3035
Бактыгүл сахнада өзүнүн таланты жана чырайы менен ордун тапты десек жаңылышпайбыз. Бирок жеке жашоосунда бактысын таптыбы же жокпу? Бул суроо көпчүлүктүн талкуу чордонунда.
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
СУПЕР СУЛУУ-2011
18
7194
«Супер сулуу-2011» сынагы боюнча өткөн аптадагы SMS добуш берүүнүн жыйынтыгында Айзада 24 добуш алып финалга чыкты.
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
ЭХ, СҮРӨТЧҮ, СҮРӨТЧҮ, ТАРТПА ДЕСЕ СҮРӨТТҮ...
22
14091
Эл көзүндөгү адамдар кайсы жерде болушпасын, сүрөтчүнүн кайырмагына илинбей коюшпайт. Алдыдагы тамашалуу кадрлар жылдыздардын жашоосунун бир учурунан кабар берет.
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
НАТАЛИ ПОРТМАН
9
4585
Ал сулуу жана табышмактуу. Голливудда аны акылдуу жана сексуалдуу дешет. Анан да Натали Портман ийгиликтин куйругун бек кармап, өзү теңдүү актрисалардын эч кимисин алдына салбай келет.
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
Аскат Мусабеков: «КЕЛИНЧЕГИМ ЭКӨӨБҮЗДҮ АЖЫРАШТЫРЫП ДА КӨРҮШКӨН»
11
38991
Өз курагындагы жаш ырчылардын басымдуу бөлүгү батышты туураса, бул ырчы салттуу музыкага басым жасап, комуздун коштоосунда ырдап келет. Анда ырчы Аскат Мусабеков менен болгон маекке назарыңыздарды бурабыз.
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
НУРЗАТ «БАНДИТТЕРДИН» БАЛЭЭСИНЕ КАЛДЫ
27
15622
Сыртта жайкы аптап. Күндүн ысыгына карабастан, бул жолу алпаруучу Нурзат Токтосунованы ээн талаага алып барып тамашага салдык. Каарманыбыз тамашаны кантип кабыл алды, чогуу байкайлы.
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
Атай Өмүрзаков: «ДЕПУТАТТЫН КЫЗЫ – ДОСУМ, А СҮЙГӨНҮМ...»
40
20766
Учурда Атай Өмүрзаков популярдуулуктун чокусунда. Ал Кыргызстан эле эмес, КМШ өлкөлөрүнө да таанылып, миллиондордун кумирине айланды. Бир келген ооматты колдон чыгарбайын деп команда түзүп, чоң долбоорлордун үстүндө да иштеп жатыптыр...
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев: «ЖАНЫШ БАКИЕВ МЕНЕН МАМИЛЕМ БАР БОЛЧУ...»
23
12239
Бүгүнкү «курмандыгыбызды» калп тапкычтын тузагына 3 ай мурда илмекчи болгонбуз. Ошондо ал келбей, биз чочулады деген ойдо калганбыз. Бирок Бек Борбиев андай пикирди четке кагып, калп тапкыч менен жылуу маанайда сүйлөшүп кетти...
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
СУПЕР СУЛУУ-2011
25
10064
«Супер сулуу-2011» сынагынын өткөн аптадагы SMS добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Үмүт 20 добуш алып финалга чыкты.
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
BLACK EYED PEAS тобу
4
4070
«Black Eyed Peas» тобу пайда болгондон баштап дүйнө элинде хип-хоп тууралуу түшүнүк толугу менен өзгөргөн. Анткени музыка дүйнөсү буга чейин мындай ырлар менен ырчыларды көргөн эмес. Топтун хит ырлары дискотекаларда гимнге айланса, альбомдору дүйнөлүк чарттардын башкы орундарын ээлеп келет.
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
Алина Жетигенова: «КӨӨП БАРАТКАНДА КҮЙӨӨМ ОРДУМА КОЮП КОЁТ»
24
24808
Ар дайым жаш, назик бойдон жүргөн Алина Жетигенованын сахна босогосун аттаганына быйыл 30 жыл толду. Ушунча убакыттан бери, албетте, көптөгөн күйөрман, жетишерлик аброй топтой алды.
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
Добр: «ЫРЛАРЫМДЫ МОНЧОГО ЖАГЫП...»
36
17888
Бул жолу нукура кыргыз жигит Добрдун үйүндө конокто болдук. “Биз жөпжөнөкөй үйдө турабыз” деген рэпер бизди кантип коноктогонуна күбө болуңуз.
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
ЭКИ ЖАШТЫН МАМИЛЕСИ ТОЙГО ӨСҮП ЖЕТЕБИ?
38
26040
Өткөн сандарыбыздын биринде Мирбек Атабековдун бир селкини жандап отурган сүрөтүн чыгарганбыз. Ошондон бери окурмандар тынбай чалып, Мирбектин жүрөгүн багынткан сулуу тууралуу маалымат берүүбүздү сурангандар көбөйдү. «Мирбек баары бир меники болот» деп жинденгени да бар.
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
Кундуз Канатбек кызы: «ТУУГАНДАРЫМ ТУРМУШКА ЧЫКТЫ ДЕП УГУП, ТААРЫНЫШЫПТЫР»
37
35715
Кериле басып, керме кашын серпе ырдаган Кундуз сахнага чыкканда бойдок жигиттер өпкөсүн аябай кыйкырып, алакандар ысыгыча кол чаап калышат. Анткени бул ырчы кыз чырай жүзү менен көп күйөрман топтоп келет.
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
ЭX, ЭС АЛУУ – КЕРЕМЕТ!
15
12842
“Ура-а! Жай келди!” деген кубанычты утурлай эс алуу тууралуу сөз козгойлу деп чечтик. Аптаптуу жайда, албетте, бир аз ыкшоо тартып, эс алууну көксөп калат эмеспизби. Андыктан атактууларга собол салып, эс алуу учурундагы эстен кеткис окуялары, быйыл кайда эс алары тууралуу билдик.
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
УЧУРДУН СЕКС СИМВОЛУ ДЭН БЭЛАН
7
16628
Учурда кыздардын жаздыгынын алдында сүрөтү жаткан ким экенин билесизби? Ал – “Chica Bomb”, “Justify Sex”, “Лепестками слёз” аттуу хит ырлардын аткаруучусу Дэн Бэлан...
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
Супер агент: КИМ? КАЙДА? КАЧАН?
0
6954
Саламатсыздарбы, “Супер-Инфо” гезити? Мен «Кыргызстан Обондорунун» ди-джейи Мээрим Жыргалбекова эфирде сүйлөй албай ыйлаптыр» деп угуп калдым. Ошондон кийин эле радиодо үнү угулбай калды. Ыйлаганы чын болсо, ошол үчүн жумуштан кетирип жиберишиптирби? Чын-бышыгын билип бергилечи...
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
СУПЕР СУЛУУЛАР СЫР БӨЛҮШӨТ
9
16262
“Супер-Инфо” гезити жыл сайын чырай жүздүү, кымча бел кыздарга “Супер сулуу” сынагын жарыялап, жеңүүчүлөрдү кыштын ызгаарында жылуу, тропикалык өлкөлөргө эс алууга жөнөтүүдө. Кезектеги сынактын алдынан буга чейинки жеңүүчүлөр менен ой бөлүштүк.
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
‹
1
2
...
103
104
105
106
107
108
109
...
119
120
›
№ 1232, 31-июль-6-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
Саясат
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
СОТТУК ИШТЕР
Спорт
Элдик кабар
Супер-Инфо
Түркүн дүйнө
Тест куржун
“SUPER MEDIA” пресс-борбору
Сурамжылоо
Бизнес-Инфо
Ийгилик сыры
Эмгек жарчысы
Көз караш
Лонгрид
Президенттик шайлоо - 2021
Ийгилик жолунда
Адистен кеңеш
super.kg орусча
СУПЕР-ИНФО
Саясат
Шоу дүйнө
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Маданият
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Супер-Инфо 20 жашта
Көз караш
Эмгек жарчысы
SUPER.KG ВИДЕО
Саясат
Cоңку кабар
Коом жана турмуш
Саясаттагы соттук иштер
Маданият, шоу-бизнес
Кылмыштар, кырсыктар
Спорт
Супер-Инфо
Пайдалуу кеңеш
Түркүн дүйнө
Жылмайып коюңуз
Пресс-Борбор
Жылдыз төлгө
Жан дүйнө
Ашкана сырлары
Эмгек жарчысы
Реалити-шоу
Көз караш
Шайлоо-2020
Бизнес-инфо
МЕДИА-ПОРТАЛ
Видеоклиптер
Аудиоклиптер
Элдик видео
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан
Информация о рекламе
Ысым (логин) же E-mail дарек
Сыр сөз
Кирүү