ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2024: Бири Ак үйдөн качып чыкса, башкасы тобо кылып... Быйыл депутаттарды тооруган окуялар

Быйыл да Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар мандатынан ажырап, ордуна жаңылар келди. Алардын айрымдары УКМКга суракка кирип-чыгып эле парламент менен коштошууну өздөрү каалап калса, кээ бирлери соттошуп жүрүп мандатынан айрылды, дагы башкалары жөн гана партиялашына ордун бошотуп берген сыяктуу...

Ал арада айрымдары Ак үйдүн терезесинен секире качканга жетишсе, дагы бири парламентте кылган күнөөсү үчүн тобо кылууга үлгүрдү. Алдыда Балык жылында депутаттарды тооруган окуяларды тизмектейбиз.

Кинодогудай!

Жыл жаңырары менен Жогорку Кеңеште элди бир чети таңдандырса, бир чети күлкүгө салган окуя орун алды. Тагыраагы, 9-январда эл өкүлү Эмил Жамгырчиев Ак үйдүн 2-кабатында жайгашкан депутаттардын биринин иш бөлмөсүнүн терезесинен секирип, качып кеткен. Ага депутаттык комиссиянын Башкы прокуратуранын эл өкүлүн жоопкерчиликке тартуу сунушуна макулдук бергени себеп болгон. Жыйындан чыгып баратканда журналисттердин суроосуна: "Мени кармаганы келишти. Азыр кармаганы жатат", - деген Жамгырчиев.

Эртеси, 10-январда парламенттин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эл өкүлү Эмил Жамгырчиев камалбай турганын, иши сотко өткөндөн кийин өзү келип, актыгын сотто далилдеши керек экенин айткан.

Ошентип Жогорку Кеңеш Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга макулдук бергенден 2 күндөн кийин ал УКМКга барып сурак берип чыккан. Эл өкүлүнүн иши сотко өтүп, Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-январда аны бир айга камакка алуу чечимин чыгарган. 2-февралда Жамгырчиев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазып, БШК аны канааттандырган. Ал ошол эле күнү кечинде эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулган.

Учурда экс-депутатка козголгон кылмыш иши эмне болуп бүткөнү белгисиз. Жакында эле активист Тилекмат Куренов ага "Дубайдан паспортумду уурдап кетти" деп доомат артып чыкты. Жамгырчиев өзү Куреновдун айткандарын төгүндөгөн.

Эмил Жамгырчиевдин бош калган ордуна “Альянс” фракциясынын кийинки тизмесинде турган талапкер Элдар Абакиров депутат болуп келип, 7-февралда ант берип кызматына киришкен.

Казинону колдогондон кийин дароо тобо кылыш керекпи же мандатыңдан ажырагандан кийинби?

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги Свердлов бир мандаттуу округунан шайланган Шайлообек Атазовду 7-майда депутаттык мандатынан ажыраткан. БШК мындай чечим соттордун өкүмүн аткаруу максатында кабыл алынганын маалымдаган.

Тагыраагы, Бишкектин Административдик соту 1-мартта Атазовду мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Ага ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевдин 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясына Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарып, өзүн шайлоонун жеңүүчүсү деп таануу өтүнүчү менен кайрылганы себеп болгон. БШК анын арызын канааттандырган эмес, андан соң Муртазалиев сотко кайрылган.

Атазов соттун чечими мыйзамсыз экенин жана бул мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин, сот адилетүү деген сөзгө көө жапканын белгилеп, "президенттин айланасына сүмбүлдөр топтолуп алды" деген.

13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлообек Атазов 10 мүнөт убакыт сурап, борбордук трибунада сөз сүйлөп, өзүнө карата каралоолор уюштурулуп жатканын айтып, анын мандатын алууга ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев кызыкдар болгон деп айыптаган. Ошондой эле ал башкы прокурордун отставкасын талап кылган.

Мындан сырткары казино иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун колдогону үчүн кыргызстандыктардан кечирим сураган.

"Бүгүн Орозодо мен сиздерден кечирим сурап коёюн, өзүмдү төрөгөн апам, бир туугандарым "колдобо" дегенине карабай мен мамлекеттин саясаты үчүн казинону колдоп бергем. Ошол колдогонум үчүн кечирип койгула, кыргыз элим, мен туура эмес кылыптырмын. Күнөөнү ушул жерде кылдым эле, кайра ушул жерде тобо келтирип, кечирим сурап жатам", - деген Атазов.

Соңунда эл өкүлү президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден аны чакырып, угуп коюуну суранган.

Тар чөйрөдө Атазовдун сүйлөп бүтөр замат кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" бекети аркылуу чет өлкөгө чыгып кеткени айтылган.

Кийин анын жактоочулары мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы жогорку инстанцияларга кайрылып, жыйынтыгында Жогорку Сот 30-апрелде Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырган.

Мындан улам Свердлов округу боюнча кайра шайлоо дайындалып, Жумабек Салымбеков депутат болуп келген.

Мадумаров камалыш үчүн эмес, мандатынан ажыратыш үчүн соттолгонбу?

26-мартта Биринчи май райондук соту ошол кездеги парламент депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго 2023-жылы сентябрда козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарган. Анда саясатчы күнөөлүү деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза дайындалган эмес. Мадумаров жогорку инстанцияга кайрылган эмес, ал соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин УКМКнын тергөө абагында кармалып, 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыккан.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-апрелдеги отурумунда Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча маселени карап, анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Конституциянын 79-беренесинде "Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары эгерде ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе мөөнөтүнөн мурда токтотулат" деген норма бар экенин белгилеген.

29-апрелде Мадумаров Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна, депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимине каршы Бишкектин Административдик сотуна апелляциялык арыз берген. Анын мандаты боюнча апелляциялык арызы канааттандырылган эмес, мындан улам Мадумаровдун бошогон мандаты "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесиндеги Аккулу Бердиевге тапшырылып, ал эми фракция төрагалыгына Исхак Масалиев шайланган.

Эл өкүлү Исхак Масалиев Мадумаровду депутаттык мандатынан ажыратуу аракети көрүлүп жатканын, 26-мартта анын соту болуп жатканда айткан эле.

"Айрымдар Мадумаровду күнөөсү далилденбесе да, кандай болгон күндө дагы күнөөлүү деп таап, "соттолгон" деп чыгарууга кызыкдар болууда. Эгерде соттор Мадумаровду айыптуу деп тапса, анда анын депутаттык мандатына байланыштуу маселе жаралат. Ошонун негизинде кийин Боршайком берген буйрукту чуркап барып аткарат да", - деген Масалиев.

Ошондой эле ал кылмыштын курамы жок экенин, болгон күндө да кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен иш сотко жетпей эле кыскартылышы керек экендигин кошумчалаган. Ал эми Адахан Мадумаров өзү мандатынан ажыратылгандан кийин сот чечимин сынга алып, "саясий буйрутма жыттанган иштер" деп атаган.

"Ыйман нурунун" лидеринин түбүнө "Ыйман” фонду жеттиби?

Парламенттеги дагы бир фракция "Ыйман нурунун" лидери Нуржигит Кадырбеков 22-августта УКМКга чакырылып, "Ыйман” фондунун ишмердигине байланыштуу сурак берип чыккан. Эл өкүлү сурак берип чыккан соң SUPER.KG порталынын суроолоруна жооп берип жатып, сурак учурунда анын депутаттык мандаты тууралуу кеп болбогонун айткан. Бирок арадан көп өтпөй, тагыраагы, 30-августта Кадырбеков өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды. БШК ошол эле күнү анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Анын эмне себептен мындай кадамга барганы көпчүлүккө табышмак бойдон калды. Саясатчы болгону социалдык тармактагы баракчасына "башкаларга зыяным тийбесин" деп жазуу менен чектелди. Экс-депутат мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесине каршы чыгып, тууну эмес, аң-сезимди өзгөртүү керектигин айткан, ошондой эле Кыргызстанда казинолордун ишмердүүлүгүнө кайрадан тыюу салууну сунуштаганы менен көпчүлүктүн эсинде калды.

Кадырбековдун бошогон мандаты "Ыйман нуру" партиясынын тизмесиндеги Эрнис Айдаралиевге тапшырылса, фракциянын жаңы лидери болуп Динара Ашимова шайланды.

Өзү каалап келген Жогорку Кеңештен "өз каалоосу менен" кеткендер...

Жыл жаңыргандан кийин эле февраль-март айларында Жогорку Кеңешке бир мандаттуу Баткен округунан шайланган Нурлан Ражабалиев, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов, Ош округунан Айбек Осмонов өз арызынын негизинде депутаттыктан кетишти. Алар да эмне себептен мандатын тапшырганын ачыкташкан жок. Аталган округдардан, тагыраагы, Ражабалиевдин ордуна Бактияр Калпаев, Матраимовдун ордуна Илимбек Кубанычбеков, Осмоновдун ордуна Бекмурза Эргешов депутат болуп шайланып келди.

Быйыл бир мандаттуу округдардан шайланып келген 6 депутат

Бир мандаттуу Сузак округунан шайланган депутат Тазабек Икрамов 17-июлда УКМКга суракка чакыртылып, эки күндөн кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Ошондой эле Ноокат округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу менен Ысык-Көл округунан шайланган Максатбек Сарбагышев апрель айынын аяк ченинде өз каалоолору менен депутаттык мандатын тапшырып беришкен. Экөө тең мындай кадамга баруусуна эмне себеп болгонун ачыктаган эмес. Алардын бош калган орундары үчүн кезексиз шайлоо өтүп, Икрамовдун ордуна Алтынбек Кылычбаев, Коргонбай уулунун ордуна Бакытбек Марипов, Сарбагышевдин ордуна Айжигит Тыналиев депутат болуп келди.

Сен болдуң, эми мен болоюн

Жогорудагылардан сырткары “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынан депутат Мейкинбек Абдалиев мандатын тапшырып, анын ордуна кийинки тизмеде турган талапкер Арсланбек Эгембердиев келди. Ал эми былтыр 21-ноябрда депутаттык мандатка ээ болуп, кызматка киришкен Чынберди Төлөнов жыл айланбай, тагыраагы, быйыл 16-декабрда партиялашы Жайлообай Нышановго мандатын "өткөрүп берди".

"Ата Журт-Кыргызстан” фракциясындагы орун алмашкан экс-депутаттар менен азыркы эл өкүлдөрү

Булардан сырткары жыл башында эле диплом чырынан улам мандатынан кол жууган "Альянс" фракциясынан депутат Фарходбек Алимжановдун ордуна Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Белгилей кетсек, былтыр да бир топ депутаттар мандатынан ажырап, ордуна башкалар келген. Ал тууралуу макаланы бул шилтемеден окуй аласыз.

Бул чакырылышта ушул күнгө чейин 20дан ашуун депутат ар кандай жагдайда мандатын тапшырды. SUPER.KG порталы эл өкүлдөрүнөн кесиптештеринин күтүүсүздөн эле арты-артынан мандатын тапшырып жатканына кандай пикирде экенин сураган. Толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан