Akbuura gazeta
СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ: «КӨЧӨДӨ СЕМИЧКЕ САТЫП ОТУРГАН КЫЗДЫ СҮЙҮП КАЛСАМ, ОШОНУ АЛАМ»
№17665

Кыргыз эстрадасына кошулган жаштардын шары менен сахнада Султан Садыралиев деген ысым пайда болду. Көп кыздардын көңүлүнөн орун таба алган бул жаш ырчы Искусство институтунун элдик ырлар бөлүмүндө 2-курста окуйт. Султан беш бир туугандын кичүүсү. Бойдок.


толугу менен
КЕЛБЕТИҢИЗДЕ КЕМЧИЛИК БАРБЫ?
№18000
Дүйнөлүк сахна жана теле жылдыздары өздөрүнүн сырт келбетиндеги кемчиликтер жөнүндө айткандарын көп эле угуп жүрөбүз. Мындай теманын тегерегинде сөз козгоп, Айчүрөк Иманалиева, Нэля, Абдылда Иманкулов жана башка жергиликтүү жылдыздарыбызга кайрылганыбызда төмөндөгүдөй жоопторду алдык...
толугу менен
Съездбек Искеналиев: «БИР-ЭКИ ЖЫЛДЫН ИЧИНДЕ ЫРЧЫЛАРДЫН ЛИДЕРИ БОЛОМ»
№18000

Съездбектин азыр жылдызы жанып турган чагы. Анын "Эсимде», «Селки», «Алча гүлү» сыяктуу ырларынын сөзү менен обону бири-бирине шайкеш келип, кимди гана болбосун кайдыгер калтырбайт. Ушул керемет обондордун автору Съездбек 1980-жылы 2-августта Кочкор районунун Кызылдөбө айылында төрөлүп-өскөн. 11 бир туугандын кичүүсү. Бойдок.


толугу менен
Канатбек Сыдыгалиев: \
№18100

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан эң көрүнүктүү кикбоксчулардын бири Канатбек Сыдыгалиев. Бул ысымы аттын кашкасындай таанымал "Куюн" кличкалуу Канатбекти элибизде билбегендер жоктур. Анткени, Канатбек көптөгөн ийгиликтеринин артында өз ысмын спорт тарыхына калтырып, эл сыймыгына арзып келет. Бир нече ири жеңиштери менен дүйнөгө атагы чыккан спортчу 1978-жылы 18-январда Талас районунун Арал айылында төрөлүп-өскөн. Кесиби боюнча экономист. Бойдок.


толугу менен
ЖЫЛДЫЗДАР КАНДАЙ АЙДООЧУ?
№18200
Сүйүктүү жылдыздарыңыздын кандай машина минип жүргөнүн, машинесине кылган камкордугун, деги эле автосүйүүчү катары билгиңиз келеби? Анда эмесе, айрым машиналуу ырчылар сиздердин назарыңыздарда...
толугу менен
Алина Жетигенова: «САХНАГА ӨЗҮМДҮН КҮЙӨРМАНДАРЫМДЫ САГЫНТЫП ЧЫККАНДЫ ЖАКШЫ КӨРӨМ»
№18200

Алина Жетигенова жетектеген "Алина" аттуу эстрадалык топ жөнүндө сөз салсак, бул топто эрте келгени 15, кеч келгени 8 жылдан бери иштеп келе жатышат. Бул да болсо Алина эженин мыктылыгынан дейт топтогулар. Азыр бул топтун концерт коюу алдында турган убагы. Баарынын көзүнөн "көптөн бери көрбөй калган бишкектик көрөрмандарыбыз кандай тосушаар экен" деген толкундануу сезилет. Ушул топтун негизги курамын түзгөн чыгармачыл адамдар менен болгон маегибиз сиздердин назарыңыздарда.


толугу менен
Алексей Филатов: «МАКСАТЫБЫЗ – ЖАШ ТАЛАНТТАРДЫН ЧЫГАРМАЛАРЫН ДАҢАЗАЛОО»
№18300
Жакында ордо калаабыздын спорт сарайында "Музыка бороону" аттуу чоң программадагы шоу-концерт өтмөкчү. Учурдагы эң популярдуу сахна жылдыздарынын башын бириктире турган бул концертти "Улуттук хит-параддын" алпаруучусу Алексей Филатов уюштурууда. Ушуга байланыштуу Алексейге жолугуп, маек курган элек.
толугу менен
СЫЙМЫКТЫН МАШИНАСЫ ЖӨНӨКӨЙ ЭМЕС!
№18300
– Сыймык Бейшекеев менин кумир туткан ырчым. Аны мен ырчылардын эң байы деп эсептейм. Анан анын "Мерседестин" эң жөнөкөй түрүн айдаганын укканда ишенген жокмун. Же чын эле Сыймык байкенин машинасы "Мерседес-190бу"? Салкынай, Бишкек.
толугу менен
КАЙСЫ ЫРЧЫ КАЙСЫ ПРОДЮСЕР МЕНЕН ИШТЕШЕТ?
№18320
Азыр жаш ырчыларда продюсер менен иштешүү «модага» айлана баштады жана дээрлик баарынын продюсерлери бар. Продюсер менен иштегиси келген ырчы менен продюсердин ортосунда кайсы бир жылга расмий түрдө келишим түзүлөт да, алар ошол келишимдин негизинде иштешет. Канча убакыт иштешет, аны өздөрү чечишет.
толугу менен
ТЕМИРДИН ТАМШАНДЫРГАН КОНЦЕРТИ
№18300
Баш калаабыздагы Спорт сарайында 27-28-апрель күндөрү эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан жаш жылдыздардын бири Темир Назаров уюштурган концерт болуп өттү. Жарыяда белгиленгендей, билет баасы 100 сомдон ашкан жок. Келген эл залдын 90 пайызын ээледи. Концерт убагынан 15-20 мүнөт кечигип башталып жатты.
толугу менен
Тааный жүрүңүз: ЧЫҢГЫЗ МЫРЗАЕВ
№18310
Өзүнүн жагымдуу үнү жана чечендигинин аркасында көп­чүлүк радио угармандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келаткан "Кыргызстан обондорунун" ди-джейи Чыңгыз Мырзаев менен тааныштырабыз.

– Радиодогу алгачкы эфириң эсиңде болсо керек?
– Мени эфирге эки күн даярдашып, үчүнчү күн дегенде эфирге жалгыз калтырып коюшту. Ошондогу эфир маалында толкунданып, тердегенимди сураба, мончодон чыккандай эле болдум...

толугу менен
Талант Анарбаев: «БЕК БОРБИЕВ МЕНЕН МУШТАШЫП КЕТКЕМ»
№18310

«Бешиликтин» куудул жигити Талант Анарбаев 1978-жылы 11-сентябрда Ош областынын Карасуу районунда туулган. Учурда ОшМУнун экономика факультетинде 3-курста сырттан окуйт. Бойдок. Эсиңиздерге сала кетсек, Талант Анарбаевди «Супер-Инфо» гезити окурмандары менен бирдикте «2005-жылдын супер куудулу» деп тапкан.


толугу менен
Борончу Кудайбергенов:
№18400
Бул жолу эл алдында ыңгайсыз абалда калып, ошонусу менен залды кыраан-каткырыкка бөлөгөн окуясын куудул Борончу Кудайбергенов баяндап берди.
- Былтыр Бишкекке филармонияга концерт берген элем. Мезгил жай болгондуктан, ысык акактатып шайды алып турган кез болчу. Концерттин алгачкы күнүндө сахнада ары-бери кыймылдап, ырдап, жан тынбай сүйлөп жатып, терим моюнуман ылдый куюла баштады. Андан дагы оозумдун кургаганын айтпа.

толугу менен
Айжамал КАБЫЛОВА:
№18400
2004-жылдын "Супер ырчы айымы" Айжамал Кабылова 16-17-май күндөрү Бишкек филармониясында өзүнүн жеке концертин тартуулайт. – Айжамал, ырчылык жолго кадам таштаганыңа канча болуп калды?
– Кудай буюрса, быйыл он эки жыл болот.
– Аткарууңдагы көп­тө­гөн ырларың популярдуу болуп келе жатат. Ага карабастан ушуга чейин эмне себептен жеке концерт бербей келдиң?

толугу менен
Гүлзат Байзакова:
№18400
– Гүлзат эже, машиналуу болгонуңузга канча убакыт болду?
– Өтүп кеткен жылдын август айында алгам, буюрса, бир жылга жакындап калды. Бул менин биринчи машинам. Ошондуктанбы, сатып алаарда өзгөчө толкунданганым эсимде. Жолдошум экөөбүз машине базарга барып, музыкалык аппаратураны да салганга ыңгайлуу деп ушул машинаны тандап алган элек...

толугу менен
Тааный жүрүңүз: ИЛЬЯЗ АБДРАЗАКОВ
№18400
Жакындан бери "Арманым", "Кыздар ай", "Бул дүйнө" аттуу ырлары менен көпчүлүк кыздардын сүйүктүү ырчысына айланып, эл оозуна алына баштаган Ильяз Абдразаков менен тааныштырабыз.
– Ильяз, ыр дүйнөсүнө кандайча аралашып калгансың?
– Ыр дүйнөсүнө кызыгуу мага ата-энемден өткөн. Анткени, экөө тең музыкага жакын адамдар. Атам гитарада жакшы ойнойт, ал эми апам болсо убагында мектепте музыкадан сабак берген. Кичинемден негедир мага обондун өзү таасир берип, кыңылдап өз алдымча обон чыгарууга аракеттенчүмүн...

толугу менен
МАНАС БЕРДИБЕКОВ БЫЙЫЛ 50 ЖАШКА ЧЫКМАК...
№18400
Элибизде эчендеген таланттар өткөн. Төкмөсү да, ак таңдай ырчысы да, эл көңүлүн ачкан шайыры да өткөн. Негедир ушундай таланттуу адамдардын өмүрү кыска болот окшобойбу? Ошондой болсо да эл алкоосуна татып "таланттуу инсан" атын алып, эл оозунда калганы көңүлүбүзгө төтөп, аз да болсо кубаныч. Ошондой таланты менен элди тамшандырган куудул Манас аганын өзү жок болсо да өнөрү эл оозунда калды. Куудулдун 15-май туулган күнүнө карата өмүр таржымалына көз чаптыруу менен талантына таазим кылуу атуулдук парзыбыз болоор...
толугу менен
ДИМА БИЛАН
№18500
Азыркы учурда эң популярдуу ырчылардын катарына кирген жаш ырчы Дима Билан 1981-жылы Россиянын Карачай-Черкес республикасында төрөлгөн. Жылдыз белгиси - текечер.

Дима кичинесинен эле музыкага шыктуу болуп чоңоёт. Ал мектепке окуй элек кезинде эле кошуна балдарды чогултуп алып аларга ырдап, бийлеп концерт коюп берген күндөрү көп болгон. Дима 6 жашка чыкканда...

толугу менен
Тааный жүрүңүз: МЕДЕР ОСМОНАЛИЕВ
№18500
Өзүнүн эфирде алпаруу стили, акындык дарамети менен көпчүлүк радио угармандарынын купулуна толуп келаткан "Кыргызстан обондорунун" программалык редактору Медер Осмоналиев менен тааныштырабыз.
– Медер, чыгармачылыкка кандайча аралашып калгансыз?
Чыгармачылыкка мектепте окуп жүргөнүмдө, тагыраак айтканда, 7-класстан баштап аралаша баштагам. Биринчи класстан баштап жакшы окугандыктан...

толугу менен
АСЕЛ ТУРДАЛИЕВА КАНДАЙ ҮЙДӨ ЖАШАЙТ?
№18510
Асел Турдалиева Бишкектин Политех аймагында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде эки бөлмөлүү квартирада жашайт. Квартирага баш бакканда эле үй ичи орундуу жасалгаланганы көрүнүп турат. Үйүндө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жарык, таза бөлмө­лөрдөгү ар бир буюм өз орду менен жайгаштырылып, эмеректер менен бир өңдөгү пардалар үйдү көрккө бөлөйт. Полго кооз саймаланган килемдер төшөлгөн.
толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 45 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 45) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: